Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-декабрындагы № 601 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - Мамкомиссия) диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзгөн жана дин жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоочу Кыргыз Республикасынын борбордук органы болот.
2. Мамкомиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3 Мамкомиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет жана баш ийет.
4. Мамкомиссия юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.
5. Мамкомиссиянын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Мамкомиссияны күтүүгө чыгымдар республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Мамкомиссиянын жайгашкан жери: Бишкек шаары, Киев көчөсү 96/6 жана Ош шаары, Заднепровская көчөсү, 4 (Ош облустук мамлекеттик администрациянын имараты).
7. Мамкомиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- диний чөйрөдө мамлекеттик саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иштерин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, башка ченемдик укуктук актылардын динге ишенүү жана дин тутуу эркиндигин кепилдик кылган жоболорунун сакталышына, динге жана диний уюмдарга байланыштуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын аткарылышына контролдук кылууну камсыз кылуу;
- дин тутуу эркиндигинин укуктук кепилдиктерин камсыз кылуу, мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилесин укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүү;
- демократиялык, лайык, көп конфессиялуу коомдун дөөлөттөрүн, принциптерин пропагандалоону камсыз кылуу, конфессиялар ортосунда көтөрүмдүүлүктү жана сабырдуулукту чыңдоо жана сактоо;
- мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди калыптандыруу, динге таандыктыгы боюнча кодулоонун ар кандай түрлөрүн жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
- диний уюмдардын жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч туудурган иштерине колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бөгөт коюу;
- республиканын аймагында диний экстремизмге жол бербөө боюнча мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн алдын алуу чараларын иштеп чыгуу;
- коомдун руханий жана адеп-ахлактык негиздерин чыңдоого, ар кайсы диндерди тутунгандардын жана конфессиялардын ортосунда чыр-чатактардын алдын алууга жана өз ара көтөрүмдүү мамилени орнотууга багытталган программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- адамдын дин тутууга болгон эркиндигин жүзөгө ашыруу жана сактоо жагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү.
8. Мамкомиссия коюлган маселелерди жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясатты жүзөгө ашыруу боюнча:
- диндер, диний ишеним жана дин тутуу эркиндиги жагында, диний уюмдардын иштерине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле башка материалдарды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү, дин маселеси боюнча ченемдик актылардын долбоорлоруна расмий эксперттик корутундуларды берүү;
- Кыргыз Республикасындагы жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү диний кырдаалды талдоо жана мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын эриш-аркак аракеттениши жагында дүйнөлүк тажрыйбаны иликтөө;
- дин чөйрөсүндө чет өлкөлөрдүн мыйзамдарын иликтөө, дин жаатында мамлекеттик саясатты калыптандыруу маселеси боюнча башка өлкөлөрдүн ушундай эле органдары менен өз ара байланышта иш жүргүзүү;
- диний экстремизмдин жана терроризмдин таркашынын алдын алуу жана каршы күрөшүү, жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч туудурган жалган-диний агымдардын, диний топтордун иштери боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышуу;
б) диний чөйрөнү жөнгө салуу боюнча:
- диний уюмдарды, диний багыттагы объекттерди (мечиттерди, чиркөөлөрдү, храмдарды, сыйынуучу үйлөрдү ж.б.), Кыргыз Республикасына диний иш жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын жана чет өлкөлүк жарандарды, республикада иштеген диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу;
- диний багыттагы объекттерди куруу үчүн жер участокторду бөлүүнү макулдашуу;
- мамлекеттик жана соттук органдардын суроо-талаптары боюнча өз компетенциясынын чегинде сунуштарды, консультацияларды жана расмий эксперттик корутундуларды берүү;
- диний уюмдарга мамлекеттик органдар менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик органдардын чечимин талап кылган маселелер боюнча зарыл жардамды берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында диний иш жүргүзгөн миссионерлерди, чет өлкөлүк жарандарды визалык колдоо боюнча макулдашуу;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана консультациялык жардам көрсөтүү;
- диний уюмдарды, диний багыттагы объекттерди (мечиттер, чиркөөлөр, храмдар, сыйынчу үйлөр ж.б.), чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын жана Кыргыз Республикасына диний иш жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк жарандарды эсептик каттоого алгандык үчүн акы төлөөнүн тартибин жана анын суммасын кароо жөнүндө сунуштарды киргизүү;
в) ишмердикти контролдоо, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча:
- диний уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын контролдоо;
- эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин дин жагындагы тийиштүү органдары менен диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу жана каршы күрөшүү жагында өз ара байланышта иш жүргүзүү жана маалымат алмашуу;
- дин жаатында мамлекеттик саясатты координациялоо жана жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн жана коомдо туруктуулукту сактоого, рух жана ишенимди чыңдоого, диндер аралык сабырдуулукка, конфессиялар аралык мамилелердин шайкештигине жетишүүгө багытталган жергиликтүү кеңештердин алдында түзүлгөн дин иштери боюнча коомдук комитеттердин, ар кандай ведомстволук, эксперттик кеңештердин жана башка дин иштери боюнча консультациялык органдардын ишин уюштуруу жана координациялоо;
- диний уюмдардын мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен коомдун социалдык көйгөйлөрүн чечүү боюнча өнөктөштүк кызматташуу ишин координациялоо жана багыттоо;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара байланышта иш жүргүзүү, ошондой эле өзүнүн редакциялык-басма ишин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине республикадагы диний абал жана диний уюмдардын иштери жөнүндө маалымат берүү;
- коомдун социалдык маанилүү маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча диний уюмдар менен биргелешкен ишти андан ары өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
- республиканын элдеринин улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүнүн өнүгүшүнө коркунуч келтирген диний ишмердикти болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүү;
- Мамкомиссия менен Сауд Аравия Королдугунун Ажылык иштер боюнча министрлигинин ортосундагы жыл сайын макулдашууларды даярдоо жана кол коюу, ошондой эле Сауд Аравия Королдугуна зыяратка (ажыга) барууну уюштуруу боюнча чараларды көрүү;
- диний иш жүргүзгөн, бирок эсептик каттоого тургандан качкан жана жарандардын адептик, ахлактык жана дене боюна зыян келтирген диний топторду, чет өлкөлүк жарандарды аныктоо жана алар менен иш жүргүзүү;
- дин маселеси боюнча маалыматтарды жыйноо, жалпылоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине, тийиштүү мамлекеттик органдарга берүү. Ошондой эле жоюлган жана тыюу салынган экстремисттик уюмдар жөнүндө маалыматтарды берүү;
- адистерди, диний конфессиялардын, коомчулуктун өкүлдөрүн жана окумуштууларды кошуу менен коомдук кеңештерди, комитеттерди жана башка топторду түзүү;
г) колдоо чөйрөсүндө:
- иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген диний уюмдар жөнүндө калк арасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү;
- ЖМКларды кошо алганда коомчулукка жана калкка диний артыкчылыкты пропагандалоону же үгүттөөнү, диний көрө албастык жана кастыкты тутандырууну, диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо, конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту сактоо боюнча агартуу иштерин жүргүзүү;
- билим берүү органдарынын өкүлдөрүнө, ата-энелерге, балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо жана алардын диний багытын калыптандыруу менен алектенген аларды алмаштыруучу адамдарга консультациялык, маалыматтык жана башка жардам көрсөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, таламдаш министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен бирдикте өзүн коомдук уюм катары көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен өздөрүнүн чыныгы максаттары менен ниеттерин жашырган, эсептик каттоодон качкан диний уюмдар менен иштөө ыкмаларын иштеп чыгуу;
- жарандарды кабыл алуу жана Мамкомиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо;
- диний уюмдар жөнүндө маалыматтар базасын түзүү, диний уюмдардын реестрин жүргүзүү жана жарыялоо, маалыматтык материалдарды чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, улуттук программалары жана долбоорлору менен жүктөлгөн башка функцияларды ишке ашыруу.
9. Милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Мамкомиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- дин жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, республиканын тиешелүү мамлекеттик органдарына сунуштарды киргизүүгө;
- дин тутуу жана динге ишенүү эркиндиги, диний уюмдардын иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мамлекеттик органдардын сакташын контролдоого;
- дин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына сунуштарды киргизүүгө;
- экстремисттик диний уюмдардын, экстрасенсордук, табыпчылык, дарыгерлик, психотроптук, медитациялык, оккульттук жана адамдын дене боюна жана моралдык абалына зыян келтирүүчү иштердин башка түрлөрү менен алектенүүчү башка бузуку топтордун кийлигишүүсүнө каршы турууда Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтүүгө, аларды жоопко тартуу жана иштерине тыюу салуу жөнүндө тийиштүү инстанцияларга кайрылууга;
- жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, өлкөнүн коргонуусуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч туудурган уюмдардын, жалган диний агымдардын, агрессивдүү диний топтордун иштерин токтотууга;
- диний экстремизмди, фундаментализмди тараткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган, жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган диний уюмдардын, ошондой эле конституциялык түзүлүштүн, өлкөнүн коргонуусунун же мамлекеттин коопсуздугунун негиздерине зыян келтирген же коркунуч туудурган жалган диний агымдардын, агрессивдүү диний топтордун иштерине тыюу салуу же токтотуп коюу жөнүндө сот органдарына кайрылууга;
- диний чөйрөдө мамлекеттик саясат маселелери боюнча эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө катышууга;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын, илим-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайлардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын адистерин же өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга, жергиликтүү мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан Мамкомиссиянын компетенциясына тиешелүү зарыл маалыматтарды, документтерди жана материалдарды сурап алууга;
- өз милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматты мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, кызмат адамдарынан суратууга жана алууга, зарыл учурларда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин диний чөйрөдөгү иштин абалы жөнүндө маалыматтарын угууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
10. Мамлекеттик комиссияга Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындап жана бошото турган директор башчылык кылат.
Мамлекеттик комиссиянын директорунун эки орун басары болот, алар директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат, өз ишин аларга жүктөлгөн милдеттенмелердин чегинде жүзөгө ашырат.
Муну менен бирге орун басарлардын бири өз ишин түздөн-түз Ош шаарында жүргүзөт.
(КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Мамкомиссиянын директору:
- Мамкомиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
- Мамкомиссиянын ишин уюштурат жана жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине Мамкомиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде ошондой эле чет мамлекеттерде Мамкомиссиянын атынан иш алып барат, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер мамлекеттик министрлиги менен кеңешүү боюнча Мамкомиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте өз ара байланышуу жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдардын жыйындарына белгиленген тартипте катышат;
- өз орун басарларын, Мамкомиссиянын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Мамкомиссиянын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, аларга тартип жазасын колдонот же сыйлайт;
- эксперттик, консультация берүүчү органдарды түзөт, алар жөнүндө жоболорду жана алардын курамдарын бекитет;
- өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Мамкомиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Мамкомиссиянын кызматкерлерин, ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө жардам көрсөткөн адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;
- Мамкомиссияны күтүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү финансы каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржылоо булактарын белгиленген тартипте тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Мамкомиссия өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууда өзүнүн иши жөнүндө финансылык, статистикалык жана башка эсептерди жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга отчетторду берет.
13. Мамкомиссиянын иши анын өзгөртүп уюшулганына же жоюлушуна байланыштуу токтотулат. Мамкомиссияны өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда ишке ашырылат.
14. Мамкомиссия жоюлган учурда анын ишинин учурунда пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.