Загрузка документа…
КР Президентинин 2015-жылдын 2-октябрындагы ПЖ № 189 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 20-июлу ПЖ № 49
Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө
(КР Президентинин 2010-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 293 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Отун-энергетика комплексин башкаруу жана жөнгө салуу процессине ачыктык жана коомдук талкуулоо принциптерин киргизүү, сектордун ишканаларынын башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жана отчеттуулугун күчөтүү, ошондой эле энергетика чөйрөсүндө коррупциялык иштер үчүн мүмкүнчүлүктү дээрлик жок кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ачыктык принциптерин ишке киргизүү, Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин башкарууда жана жөнгө салууда жоопкерчиликти көтөрүү максатында жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачыктык механизмдеринин жана коомчулук менен кеңешүү үчүн каналдардын комплекстүү түрмөгүн аныктасын жана жүзөгө ашырсын.
2. Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси (ОЭКАД): коомдук башталышта Байкоочулар кеңешин түзүүнү; сектордун чыгашалары менен кирешелери, ишинин жыйынтыктары боюнча акча түшүмдөрү жана башка маанилүү маалыматтар жөнүндө коомчулукка дайыма маалымдап турууну; отун-энергетикалык комплексиндеги финансылык түшүмдөрдү орундуу башкаруу үчүн максаттуу депозиттик эсептерди жана башка ачык-айкын механизмдерди колдонууну; иштери жөнүндө макулдашууларды аткарууну пайдаланууну, мониторинг жана камсыз кылууну; тарифтик методологияны жана тариф түзүүнү аныктоодо ачыктык жол жоболорун киргизүүнү; отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын иштеринин мониторинги үчүн заманбап жана так маалымат системаларын иштеп чыгууну; электрэнергиясын экспорттоону жана импорттоону жүргүзүүдө жана энергияны алып жүрүүчүлөрдү сатып алууда ачык атаандаштык соода жүргүзүүнү киргизүүнү өзүнө камтыйт.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ОЭКАД ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдүн долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин:
- бир тараптан коомдук уюмдардын жана экинчи тараптан мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын өкүлдөрүнүн мүчөлүгүнүн бирдей катышууларын сактоо менен, Кыргыз Ресггубликасынын Энергетика министрлигинин алдындагы ОЭКАД боюнча Байкоочулар кеңешинин (мындан ары - Байкоочулар кеңеши) курамынын;
- Байкоочулар кеңеши жөнүндө Жобонун;
- энергетика тармагынын негизги көрсөткүчтөрүнүн алкактарында энергетикалык ишканалардын иштери жөнүндө отчету ар бир квартал сайын жарыялоону кошо алганда ОЭКАД ишке ашыруу боюнча макулдашылган программанын, отчеттуулуктун формаларынын жана ушул Жарлыктын 2-пунктунда белгиленген ОЭКАД боюнча башка чаралардын.
(КР Президентинин 2010-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 293 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Ушул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |