Редакцияот 02.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 2-октябры ПЖ № 189

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгы;

2) "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 30-ноябрындагы № 293 Жарлыгы.

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев