Загрузка документа…
КР Президентинин 2015-жылдын 2-октябрындагы ПЖ № 189 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 30-ноябры ПЖ № 293
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Отун-энергетика комплексин башкаруу жана жөнгө салуу процессине ачыктык жана коомдук талкуулоо принциптерин киргизүү жаатындагы мыйзамдарды өркүкдөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- бир тараптан коомдук уюмдардын жана экинчи тараптан мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын өкүлдөрүнүн мүчөлүгүнүн бирдей катышууларын сактоо менен, Кыргыз Ресггубликасынын Энергетика министрлигинин алдындагы ОЭКАД боюнча Байкоочулар кеңешинин (мындан ары - Байкоочулар кеңеши) курамынын;".
2. Байкоочулар кеңешин жетектөөнү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн тобунан жана мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын өкүлдөрүнүн тобунан бирден эки тең төрага жүргүзөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |