Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 17-сентябры ПЖ № 187
Пенсиянын базалык бөлүгү жөнүндө
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, пенсионерлерге социалдык колдоо көрсөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалуучу пенсиялардын базалык бөлүгү 2010-жылдын 1-октябрынан тартып көбөйтүлсүн жана ал 1000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 жана "Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 509 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыгуучу пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлүүгө жатпайт.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык пенсияларды өз убагында кайра эсептеп чыгууну жана төлөөнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүн республикалык бюджеттен каржылоону жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна "Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-майындагы № 252 Жарлыгына ылайык акча каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |