Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 2-ноябры ПЖ № 268
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз\ Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө"Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкаруу системасына жүргүзүлгөн реформага ылайык, 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесинде:
"Саясий мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүндө:
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы" позициясы күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты
I топ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси
II топ
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү туруктуу өкүлү
Бөлүм башчы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Канцеляриясынын башчысы
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз жетекчиси
III топ
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары
Бөлүм башчынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматынын жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы
IV топ
Сектор башчысы
Инспектор, эксперт-консультант
V топ
Комиссиянын жооптуу катчысы
Эксперт
Референт";
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариаты, Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги" бөлүмдөрү күчүн жоготту деп табылсын;
"Башка атайын мамлекеттик кызмат орундары" бөлүмүнүн III тобу "Атайын мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүндө төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынан ШКУнун улуттук координатору";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын административдик мамлекеттик кызмат орундарынын реестринде:
1-главанын "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариаты, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин кызматы" бөлүмдөрү күчүн жоготту деп табылсын;
19-главанын "Мамлекеттик саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары" бөлүмүнүн "Башкы кызмат" категориясында:
Г1 тобунда:
үчүнчү сап күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин кеңешчиси";
Г2 тобунда:
жетинчи, сегизинчи, он экинчи саптар күчүн жоготту деп табылсын;
тогузунчу саптагы "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин натыйжалуу камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1-8, 10, 11-пункттар;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 9-декабрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин ишин натыйжалуу камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |