Загрузка документа…
КР Президентинин 2010-жылдын 2-ноябрындагы ПЖ № 268 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 9-декабры ПЖ № 565
Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун башка мамлекеттик органдары жана кызмат адамдары менен коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип жагында талаптагыдай эриш-аркак аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси жөнүндө Жободо:
- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип жагында сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттик кеңешмеге киргизүү;
- коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип жагында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин турмушка ашырууну камсыз кылуу;
- 7-пункттун алтынчы абзацы "ашыруу процессинде" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, ошондой эле башка" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктта:
"- мамлекеттик кызмат маселелерин тескеген мамлекеттик орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентине коргоо, улуттук коопсуздук жана укуктук тартип жагында мамлекеттик кадр саясаты боюнча сунуштарды даярдайт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору менен алдын ала макулдашылган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун коргоо, улуттук коопсуздук жана укуктук тартип жагындагы дайындоолорго кураторлук кылган орун басарын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;";
- төмөнкү мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип жагында мыйзамдарды өркүндөтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
- өзгөчө окуялардын келип чыгышынын жана резонанстуу укук бузуулардын жасалышынын себептерин жана шарттарын табуу, коомдук-коркунучтуу кесепеттерди жоюу, ошондой эле алардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча туруктуу жана убактылуу ведомстволор аралык комиссияларды түзөт;
- коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ведомстволор аралык кеңешмесин чакырат, анда мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коргонуу жөндөмдүүлүгү жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча алардын маалыматтарын угат; аталган мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизет;
- жогорку аскердик жана атайын наамдарды, ардактуу наамдарды берүү жөнүндө, ошондой эле аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө киргизилген сунуштарды карайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;";
б) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматы жөнүндө Жободо:
- 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Кызматтын Жетекчисинин бир орун басары болот.";
- 5-пунктта:
төртүнчү абзац "ашыруу процессинде" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, ошондой эле башка" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин тескеген органдардын ишинин маселелери боюнча жарандарды кабыл алууну, жарандардын каттарын жана арыздарын карап чыгууну, бул кайрылуулар боюнча жетекчиликтин тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылууну уюштурат, арыз ээлерине жоопторду даярдайт;";
- 6-пунктта:
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик кеңешчинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, кызмат адамдарынан жана башка уюмдардан ар кандай зарыл материалдарды жана маалыматтарды, анын ичинде жашыруун маалыматтарды суратат жана алат, мамлекеттик түзүмдөрдүн карамагындагы ар кандай маалыматтык банктардан, байланыш, коммуникация жана транспорт системаларынан пайдаланат;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Мамлекеттик кеңешчинин тапшырмасы боюнча мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарынын аткарылышын текшерүү үчүн атайын комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышат, кызматтык териштирүү жүргүзөт;
- тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын Мамлекеттик кеңешчинин жана анын Кызматынын Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо, улуттук коопсуздук жана укуктук тартип жагындагы жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу маселеси боюнча жыйналыштарына катышууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Мамлекеттик кеңешчинин тапшырмасы боюнча өзү кураторлук кылган, коргоо, улуттук коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын ишин текшерет, анын натыйжасы боюнча тийиштүү сунуштарды киргизет;";
Он үчүнчү абзац "Мамлекеттик кеңешчинин" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Президентинин," деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктта "Кызматтын Жетекчиси" деген сөздөр "Кызматтын Жетекчиси жана анын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматынын түзүмү жана штаттык саны ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
а) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестриндеги:
"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүктүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси" деген бөлүмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси
I топ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси
II топ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматынын жетекчиси
III топ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматынын жетекчисинин орун басары";
б) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин 1-главасында:
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматы" деген 5-бөлүм төмөнкү мазмундагы "Ж2" тобу менен толукталсын:
"инспектор".
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 9-декабрындагы № 565 Жарлыгынын тиркемеси |
| "КПҮ 11-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 443 Жарлыгы менен бекитилген |