Загрузка документа…
КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 20-декабры ПЖ №364
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 16-июлундагы №41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Жарлыгына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы №311 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген, кызматкерлери аскердик форма кийимдерин кийүүгө жана айырмалоо белгилерин тагынууга укугу бар, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тизмесинде:
- 3-пунктундагы "мамлекеттик комитет" деген сөздөр "мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардия.";
- 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин аскер кызматчылары.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын форма кийимдеринин, бут кийиминин, шаймандарынын жана айырмалоо белгилеринин предметтеринин баяндамасында:
- бүткүл текст боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук кызматы", "улуттук коопсуздук кызматы", "Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги", "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы", "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы", "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги", "Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардия", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы" деген сөздөр алып салынсын;
- II бөлүмдүн 1-пунктунун экинчи абзацындагы "УКК" деген кыскартылган сөз "МУКК" деген кыскартылган сөзгө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын сунушталган параддык жана күнүмдүк тагылуучу погондорунун баяндамасында:
- бүткүл текст боюнча:
Түрдүү жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук кызматы", "Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги", "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы", "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти", "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин, "АК" (Адилет кызматын) кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы", "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги", "Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардия", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти "ЖА" (Жазык-аткаруу аскери)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы - "МК" (Мамлекеттик күзөт)", "жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 16-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматын жайгаштыруу жерин аныктоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жарлыктын аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 22-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагындагы мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |