Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-декабры № 596
Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибин аныктоо, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби 4-тиркемеге ылайык.";
2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 22-пунктунда:
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага алып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лабораториясы тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк (юридикалык жак же жеке ишкер катарында катталган жеке адам тарабынан гана берилет);";
- төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи, он тогузунчу, жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ошондой эле ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен куралган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды алгачкы каттоодо ыйгарым укуктуу органга кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
- ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды чогултуу процессин ырастаган документ;
- техникалык регламенттин талаптарына шайкештигине сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген шайкештик сертификаты.";
- 32-пунктунун алтынчы абзацы "өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары" деген сөздөрдөн мурда "тракторлордон," деген сөз менен толукталсын;
- 75-пунктунун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-глава жана 78-83-пункттар менен толукталсын:
"10. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилерин жок кылуу жана сатуу тартиби
78. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилери алар жокко чыгарылган жана транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга тапшырылган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин символдорун пластиналардан механикалык кесип салуу аркылуу жок кылынууга тийиш.
79. Жок кылынган мамлекеттик каттоо белгилерин текшерүүнүн, эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун тартиби архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
80. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилерин сатуу конкурс (аукцион) өткөрүү аркылуу комиссиялык тартипте жүргүзүлөт.
81. Конкурска (аукционго) даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик номердик каттоо белгилерин утилдештирүү боюнча туруктуу иштеген комиссия (конкурстун уюштуруучусу) тарабынан жүргүзүлөт.
82. Конкурстук (аукциондук) комиссия төмөнкүлөрдөн турат:
1) транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын эки кызматкеринен, алардын бири комиссиянын төрагасы, ал эми экинчиси комиссиянын катчысы болуп саналат;
2) архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринен;
3) Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринен;
4) коомдук уюмдардын эки өкүлүнөн.
Комиссия конкурс (аукцион) өткөрүү аркылуу металл сыныктарын кымбатыраак баада кабыл алуу сунушуна карата металл сыныктарын кабыл алган пункттарга милдеттүү түрдө алдын ала мониторинг жүргүзөт.
Конкурс (аукцион) ачык формада өткөрүлөт. Конкурстун (аукциондун) кадамынын чоңдугу баштапкы баанын эки пайызынын өлчөмүндө белгиленет.
Конкурс товардын аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, товардын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тартибин, товарды пайдалануу укугуна баштапкы бааны жана конкурстун кадамын жарыялоо менен башталат.
Конкурстун жеңүүчүсү болуп металл сыныктарын жогорку баада кабыл алууну сунуштаган конкурстун катышуучусу таанылат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте аны менен келишим түзүлөт.
Конкурс өткөрүүнүн жол-жобосу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен ишке ашырылат (мөөнөтү, этаптары, зарыл болгон документтер, конкурсту өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү).
83. Сертификаты бар автотранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилери мамлекеттик номердик белгини тапшыргандан кийин ыйгарым укуктуу органда 1 жылга чейин сакталат.
1 жылдын ичинде менчик ээси кайрылбаган учурда, ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде жок кылынууга тийиш.".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-декабрындагы № 102-103 жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
|
|
Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби (мындан ары - Тартип) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 "Транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системаларын иштетүү тартибин бекитүү жөнүндө" чечимине ылайык иштелип чыкты жана транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасынын администратору (мындан ары - электрондук паспорттор системасынын администратору) - Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталган уюм, ага транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасын долбоорлоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо, анын ичинде ишке киргизүү, иштетүү, өндүрүмдүүлүгүн оптималдаштыруу, жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана контролдоо, коопсуздукту камсыздоо, ушул системаларды техникалык камсыздоо маселелерин көзөмөлдөө, системанын катышуучулары жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, ушул системаларга жаңы катышуучуларды киргизүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ушул системалардын функциялары жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн зарыл чараларды демилгөө функциялары жүктөлгөн;
2) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасы (мындан ары - электрондук паспорттор системасы) - эсептөө жана коммуникациялык жабдууларды, программалык камсыздоону, лингвистикалык каражаттарды, маалыматтык ресурстарды, системалык персоналды жана ушул системада белгиленген эрежелер боюнча өз ара аракеттенүүчү катышуучуларды жана колдонуучуларды камтыган, ошондой эле ушул системанын белгиленген функцияларын аткаруунун маалыматтык технологиясын ишке ашыруучу, түзүмдөлгөн комплекс;
3) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасынын улуттук оператору (мындан ары - электрондук паспорттор системасынын улуттук оператору) - Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздаган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыздаган юридикалык жак;
4) транспорт каражатынын паспорту (транспорт каражатынын шассисинин паспорту) - жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө арналган, элүү куб сантиметрден жогорку жумушчу көлөмү менен ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же төрт киловаттан ашык максималдуу (суммалык) кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычы (электр кыймылдаткычтары) бар жана (же) саатына элүү километрден ашык максималдуу конструктивдик ылдамдыктагы автомототранспорт каражаттарына жана анын чиркегичтерине берилүүчү паспорт (керектөөчүлөргө шасси жеткирилген учурда, транспорт каражаттарынын шассисине берилүүчү паспорт);
5) транспорт каражатынын электрондук паспорту (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспорту) - транспорт каражатынын электрондук паспорттор системасында таризделген паспорту (транспорт каражатынын шассисинин паспорту);
6) өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспорту - элүү куб сантиметрден жогорку жумушчу көлөмү менен ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же төрт киловаттан ашык максималдуу (суммалык) кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычы (электр кыймылдаткычтары) бар тракторлорго, өзү жүрүүчү жол-курулуш, коммуналдык, айыл чарба машиналарына жана жерде жүрүүчү рельси жок башка механикалык транспорт каражаттарына (жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө арналган, саатына элүү километрден ашык максималдуу конструктивдик ылдамдыктагы автомототранспорт каражаттарынан тышкары), анын чиркегичтерине берилүүчү паспорт;
7) өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорту - өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасында таризделген паспорту;
8) транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөөнү жүргүзгөн, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын (уюмдарынын), транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун (электрондук паспортторун) тариздөөнү жүргүзгөн транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу уюмдардын бирдиктүү реестрине киргизилген транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекеме;
9) маалыматтык өз ара аракеттенүү - Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосунда электрондук формада берилген жана электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган маалымат алмашуу;
10) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын, транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун (электрондук паспортторун) тариздеген транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу уюмдардын бирдиктүү реестри (мындан ары - бирдиктүү реестр) - Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүктөрүнүн негизинде электрондук түрдө түзүлөт жана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүн транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган түзөт жана жүргүзөт.
2-глава. Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө
3. Электрондук паспорттор Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга таандык электрондук паспорттор системаларында таризделет:
1) жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө арналган, мамлекеттик катталууга тийиш транспорт каражаттары;
2) транспорт каражаттарынын шассиси;
3) мамлекеттик катталууга тийиш өзү жүрүүчү машиналар жана техниканын башка түрлөрү.
4. Транспорт каражаттарынын электрондук паспорттор системасынын иштөө тартиби жана транспорт каражатынын электрондук паспортунда (транспорт каражатынын шассисинин паспортунда), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрүнүн электрондук паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтардын тизмеги Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 чечими (мындан ары - ЕЭКтин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 чечими) менен бекитилген.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) электрондук паспорттор системасынын администратору;
2) электрондук паспорттор системасынын улуттук оператору;
3) транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган);
5) республикалык бюджетке салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - салыктарды жыйноо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган);
6) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
7) транспорт каражатынын, өзү жүрүүчү машинанын же техниканын башка түрүнүн менчик ээси;
8) бирдиктүү реестрге киргизилген транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу уюмдар, анын ичинде даярдоочу уюмдун продукцияларын куроо өндүрүшүн жүргүзгөн жана алар кураган продукцияга электрондук паспортторду тариздөөгө ошол даярдоочу уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюмдар, алар жөнүндө маалыматтар куралган продукцияга электрондук паспортторду тариздөөгө ыйгарым укук берилген уюмдар жөнүндө маалымат катарында даярдоочу уюм тарабынан (мындан ары - даярдоочу уюмдар) бирдиктүү реестрге киргизилет.
6. Электрондук паспорттор Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системаларында таризделет:
1) даярдоочу уюм тарабынан - ошол даярдоочу уюм тарабынан даярдалган транспорт каражаттарына (транспорт каражаттарынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө карата электрондук паспорттор колдонула баштаган күндөн тартып;
2) транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүлөргө карата:
сериялык өндүрүү шартында Кыргыз Республикасында даярдалган, колдонууга чыгарылганга чейин конструкциясына жеке тартипте өзгөртүүлөр киргизилген же куроочу комплекттен жеке тартипте Кыргыз Республикасында даярдалган транспорт каражаттары;
жеке техникалык чыгармачылыктын жыйынтыгы болуп саналган же жеке адам тарабынан өздүк муктаждыктар үчүн Кыргыз Республикасына алып келинген, же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жол кыймылына катышуу үчүн мурда жол берилгендердин ичинен Кыргыз Республикасына алып келинген транспорт каражаттары;
жеке же юридикалык жак тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына 12 айдан ашык мөөнөткө алып келинген транспорт каражаттары (транспорт каражаттарынын шассиси), өзү жүрүүчү машиналар жана техниканын башка түрлөрү;
Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик менчикке айланган транспорт каражаттары (транспорт каражаттарынын шассиси), өзү жүрүүчү машиналар жана техниканын башка түрлөрү;
бирдиктүү реестрге киргизилбеген даярдоочу уюм тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында даярдалган транспорт каражаттары (транспорт каражаттарынын шассиси), өзү жүрүүчү машиналар жана техниканын башка түрлөрү;
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга чыгарылган жана менчик ээсинин каалоосу менен электрондук паспорттор колдонула баштаганга чейин катталган транспорт каражаттары (транспорт каражаттарынын шассиси), өзү жүрүүчү машиналар жана техниканын башка түрлөрү;
Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринен Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген, аларга транспорт каражатынын электрондук паспорту мурда таризделбеген транспорт каражаттары (транспорт каражаттарынын шассиси), өзү жүрүүчү машиналар жана техниканын башка түрлөрү.
7. Электрондук паспорттун уникалдуу номери электрондук паспорттор системасында түзүлөт жана ал 15 белгиден турат:
1-белги - электрондук паспорттун түрү:
1 - транспорт каражатынын электрондук паспорту;
2 - шассинин электрондук паспорту;
3 - машинанын электрондук паспорту;
2 - 4-белгилер - аймагында транспорт каражаты (шасси, машина) колдонууга чыгарылган же транспорт каражаты (машина) ISO 3166-1(numeric-3) маалымдамасына ылайык катталган мүчө мамлекеттин 3 белгиден турган санарип коду;
5-белги - резервдик. Администратор тарабынан башка чечим кабыл алынганга чейин "0" белгиси колдонулат;
6-белги - электрондук паспортту тариздөө негизинин коду:
1 - транспорт каражатын (шассини, машинаны) даярдоо;
2 - Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттерден Бирликтин бажы аймагына транспорт каражатын (шассини, машинаны) алып келүү;
3 - каттоо органы тарабынан катталган транспорт каражатына (машинага) электрондук паспортту тариздөө;
4 - башка негиздерде транспорт каражатына (шассиге, машинага) электрондук паспортту тариздөө;
7 - 14-белгилер - электрондук паспорттун катар номери, ал ар бир мүчө мамлекет үчүн өзүнчө түзүлөт (1-4-белгилерди эске алуу менен);
15-белги - контролдук сан, ал 1ден 14-белгиге чейинки цифралардан турган санды 11ге бөлгөндө калдык катарында түзүлөт. Эгер бөлүүнүн калдыгы 10го барабар болсо, контролдук разряд 0го барабар болот.
8. Электрондук паспорттун уникалдуу номери ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулуучу электрондук паспорттун бөлүмдөрүнүн бардык орундары толтурулгандан жана электрондук паспортто камтылган маалыматтар тастыкталгандан кийин электрондук кол тамга аркылуу ыйгарылат. Дал келбестиктер аныкталган учурда, транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин) электрондук паспортунун, өзү жүрүүчү машинанын же техниканын башка түрүнүн электрондук паспортунун уникалдуу номери ыйгарылбайт.
9. Транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин) электрондук паспортунун, өзү жүрүүчү машинанын же техниканын башка түрүнүн электрондук паспортунун уникалдуу номерин ыйгаруу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) электрондук паспортунун бөлүмдөрүнүн бардык орундары толтурулгандан жана транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) электрондук паспортунда камтылган маалыматтар электрондук кол тамга аркылуу тастыкталгандан кийин 24 сааттан ашпашы керек.
10. Кыргыз Республикасындагы транспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө карата каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан транспорт каражаттарынын электрондук паспортуна (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортуна), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздарды электрондук паспорттор системасынын администраторуна жиберүү мөөнөтү каттоо иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин 24 сааттан ашпашы керек.
11. Транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун), өзү жүрүүчү машинанын же техниканын башка түрүнүн электрондук паспортунун уникалдуу номери ыйгарылгандан кийин транспорт каражатынын электрондук паспортуна (транспорт каражатынын шассисинин паспортуна) автоматтык түрдө "жарактуу" статусу ыйгарылат.
Электрондук паспорттор системасынын алкагында электрондук паспортту тариздөө аяктагандан кийин ЕЭКтин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 чечиминин № 1 жана 2 тиркемелерине ылайык тизмелер боюнча электрондук паспорттон көчүрмө түрүндөгү маалыматтар транспорт каражатынын (шассинин, машинанын) менчик ээсине жиберилет жана аталган көчүрмөнү кийин басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилет.
12. Транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорту), ошондой эле өзү жүрүүчү машиналардын же техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору бирдиктүү реестрге киргизилген ыйгарым укуктарга ылайык транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан таризделет.
13. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- транспорт каражатынын электрондук паспортун (транспорт каражатынын шассисинин паспортун), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортун тариздөөдө кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө тарифин жана тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча аларга өзгөртүү киргизүүнү аныктайт;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, бажы иши чөйрөсүндөгү, салыктарды жыйноо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын, укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча бардык статустагы транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунда (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунда), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунда камтылган маалыматтарды толук көлөмдө жана акы албастан, өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында гана пайдалануу үчүн берет;
- ушул Тартиптин 1-тиркемесинде каралган тизмекке ылайык электрондук паспорттор системасынын катышуучулары жиберген, ошондой эле башка маалыматтык системалар менен маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу алынган электрондук паспорттун маалыматтык мүнөздөгү кошумча маалыматтарын "Маалыматтык мүнөздөгү маалыматтар" бөлүмүнө киргизет;
- транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн менчик ээси - жеке адам жөнүндө кошумча маалыматтарды ошол адамдын макулдугу менен жекече маалыматтарды иштеп чыгууга "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыктыярдуу негизде электрондук паспортко киргизет. Аталган макулдук транспорт каражатын, өзү жүрүүчү машинаны жана техниканын башка түрлөрүн каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу же электрондук түрдө таризделет;
- транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн биринчи менчик ээси жөнүндө кошумча маалыматтарды электрондук паспортко киргизет;
- ушул Тартипке ылайык жана катышуучулар менен болгон келишимдик мамилелердин негизинде берилүүчү, транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн экинчи жана андан кийинки менчик ээлери жөнүндө кошумча маалыматтарды электрондук паспортко киргизет;
- милдеттүү техникалык кароонун бирдиктүү маалыматтык системасы менен маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу алынган, транспорт каражатын техникалык кароо жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизет;
- транспорт каражатына (транспорт каражатынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө карата чектөөлөр жөнүндө кошумча маалыматтарды электрондук паспортко киргизет;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасы менен маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу алынган, транспорт каражатынын, өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн катышуусунда болгон жол-транспорт кырсыктары жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизет.
14. Электрондук паспорттор системасынын улуттук оператору Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук паспорттор системасынын катышуучуларына транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунда (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунда), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунда камтылган маалыматтарга (кошумча маалыматтарды кошуу менен), ошоңдой эле электрондук паспорттор системасынын сервистерине ушул Тартипте каралган көлөмдө, тартипте жана шарттарда кирүүгө уруксат берет.
15. "Жокко чыгарылган" жана "жараксыз" статусундагы транспорт каражаттарынын электрондук паспортторуна (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторуна) кошумча маалыматтарды киргизүүгө жол берилбейт.
16. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга иштөө үчүн транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасына кирүүгө толук уруксат берилет, ушул Тартиптин 5-пунктунда аталган электрондук паспорттор системасынын башка катышуучулары кароо режиминде иштөө үчүн улуттук операторго ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндө өтүнмө жиберет.
17. Улуттук оператор өтүнмөнү алгандан кийин электрондук паспорттор системасынын катышуучуларына өтүнмө түшкөн күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасында кароо режиминде иштөө үчүн зарыл болгон логиндерди жана паролдорду түзүүнү камсыздайт.
18. Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасынын ар бир жеке колдонуучусу берилген логинди/паролду колдонуу менен гана иштөөгө жана купуялуулукту камсыздоого, өзүнүн функциялык милдеттерин аткарууда белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого жана коргоого милдеттүү.
3-глава. Улуттук оператордун компетенциясы
19. Улуттук оператордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун (мындан ары - электрондук паспорттор) тариздөөгө байланышкан процесстерди техникалык жактан жана маалыматтык камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагына электрондук паспортторду толук киргизүүгө жана колдонууга катышуу.
20. Улуттук оператордун функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- электрондук паспорттор системасынын бөлүгүн иштетүүнү уюштуруу жана камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын бөлүгүн иштетүү;
- электрондук паспорттор системасынын аппараттык-программалык комплексин техникалык тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасындагы маалыматтарды коргоону камсыздоо;
- электрондук паспорттор системасынын бөлүгүн мамлекеттик маалыматтык системалар менен, ошондой эле чет мамлекеттердин ушундай багыттагы маалыматтык системалары менен техникалык интеграциялоону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын администратору менен электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасында электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосундагы функцияларды бөлүштүрүү.
21. Улуттук оператор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- электрондук паспорттор системасынын администраторунан Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын бөлүгүн иштетүү маселелери боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
- электрондук паспорттор системасында катышуучулардын ортосундагы функцияларды бөлүштүрүү үчүн зарыл маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынан суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук паспорттор системасында катышуучулардын иштерине мониторинг жүргүзүүгө.
|
| Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибине 1-тиркеме |
Транспорт каражатынын электрондук паспортунун, транспорт каражатынын шассисинин электрондук паспортунун, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортунун "Маалыматтык мүнөздөгү маалыматтар" бөлүмүндө аталган маалыматтык мүнөздөгү кошумча маалыматтардын тизмеги
1. Транспорт каражатынын электрондук паспорту жана транспорт каражатынын шассисинин электрондук паспорту үчүн:
1) транспорт каражатынын менчик ээси жөнүндө маалыматтар:
юридикалык жак (жеке ишкер);
юридикалык жактын толук аталышы (жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
юридикалык жактын банктык идентификациялык коду (БИК), жеке ишкер идентификациялык салык төлөөчүнүн номери (ИСН);
юридикалык жактын (жеке ишкердин) мобилдүү телефонунун номери;
юридикалык жактын (жеке ишкердин) электрондук почтасынын дареги;
жеке адам:
жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
жеке адамдын туулган күнү;
жеке адамдын идентификациялык жеке номери (ИЖН);
жеке адамдын ким экендигин ырастоочу документтин аталышы;
жеке адамдын ким экендигин ырастоочу документтин номери;
жеке адамдын ким экендигин ырастоочу документтин берилген күнү;
жеке адамдын мобилдүү телефонунун номери;
жеке адамдын электрондук почтасынын дареги;
транспорт каражатына болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документ:
транспорт каражатына болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин аталышы;
транспорт каражатына болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин номери;
транспорт каражатына болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин берилген күнү;
транспорт каражатына менчик укугу өткөрүлгөн күн;
транспорт каражатынын наркы;
транспорт каражатынын одометринин көрсөткүчү;
2) транспорт каражатын техникалык кароо жөнүндө маалыматтар:
транспорт каражатын техникалык кароону жүргүзгөн техникалык кароо оператору:
аталышы (юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын агы (болсо);
юридикалык жактын БИКи;
жеке ишкердин ИСНи;
техникалык кароо жүргүзүлгөн күн;
диагностикалык картанын каттоо номери;
транспорт каражатынын одометринин көрсөткүчү;
транспорт каражатын техникалык кароонун жыйынтыгы;
3) транспорт каражатына карата чектөөлөр (оорлотуулар) жөнүндө маалыматтар:
чектөө (оорлотуу) койгон (алып салган) органдын (уюмдун) аталышы;
чектөөнүн (оорлотуунун) түрү;
чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин аталышы;
чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин номери;
чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин таризделген (бекитилген) күнү;
чектөөнүн (оорлотуунун) мөөнөтү жана чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) күн;
4) транспорт каражаты менен болгон жол-транспорттук окуялар жөнүндө маалыматтар:
транспорт каражаты менен болгон окуянын күнү, убактысы жана орду (дареги);
транспорт каражатынын бузулган жерлерин сыпаттоо;
транспорт каражатынын одометринин көрсөткүчү.
2. Өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорту үчүн:
1) өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн менчик ээси жөнүндө маалыматтар:
юридикалык жак (жеке ишкер):
юридикалык жактын толук аталышы (жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
юридикалык жактын БИКи, жеке ишкердин ИСНи;
юридикалык жактын (жеке ишкердин) мобилдүү телефонунун номери;
юридикалык жактын (жеке ишкердин) электрондук почтасынын дареги;
жеке адам:
жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
жеке адамдын туулган күнү;
жеке адамдын ИЖНи;
жеке адамдын ким экендигин ырастоочу документтин аталышы;
жеке адамдын ким экендигин ырастоочу документтин номери;
жеке адамдын ким экендигин ырастоочу документтин берилген күнү;
жеке адамдын мобилдүү телефонунун номери;
жеке адамдын электрондук почтасынын дареги;
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документ:
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин аталышы;
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин номери;
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин берилген күнү;
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө менчик укугу өткөрүлгөн күн;
өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн наркы;
өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн одометринин (болсо) жана (же) мотосаатынын (болсо) иштетилген убактысынын эсептегичинин көрсөткүчү;
2) өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө карата чектөөлөр (оорлотуулар) жөнүндө маалыматтар:
чектөө (оорлотуу) койгон (алып салган) органдын (уюмдун) аталышы;
чектөөнүн (оорлотуунун) түрү;
чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин аталышы;
чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин номери;
чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин таризделген (бекитилген) күнү;
чектөөнүн (оорлотуунун) мөөнөтү жана чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) күн;
3) өзү жүрүүчү машина жана техниканын башка түрлөрү менен болгон жол-транспорттук окуялар жөнүндө маалыматтар:
өзү жүрүүчү машина жана техниканын башка түрлөрү менен болгон окуянын күнү, убактысы жана орду (дареги);
өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн бузулган жерлерин сыпаттоо;
өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн одометринин (болсо) жана (же) мотосаатынын (болсо) иштетилген убактысынын эсептегичинин көрсөткүчү.
|
| Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибине 2-тиркеме |
(форма)
ТИПТҮҮ ФОРМА Жеке маалыматтардын субъектисинин анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга макулдугу
Калктуу конуш, датасы Мен, _________________________________________________________________________________ (аты-жөнү) __________________________________________________________________ дарегинде жашаймын. Ким экендигин ырастоочу документ: ________________________ сериясы __________ № ________ ____________________________________________________________________________ берилген (берилген күн, ким тарабынан берилген) (ишеним берилген адамдар үчүн) ___________________________________________________________________ дарегинде жашаган _______________________________________________________________________ атынан иштейм (аты-жөнү) Ким экендигин ырастоочу документи: ____________________ сериясы ___________ № __________ ____________________________________________________________________________ берилген (берилген күн, ким тарабынан берилген) ____________________________________________________________________________ негизинде (ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын) ____________________________________________________________________________________ (маалыматтык системанын менчик ээсинин же ээсинин аталышы, дареги, иштеп чыгуучунун аты-жөнү) |
|
эркин, түшүнүү менен, өз ыктыярым менен төмөнкүлөргө макулдугумду берем
□ иштеп чыгууга (жеке маалыматтарды жыйноо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоо, блоктоо, өчүрүү жана бузуу максатында жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан же анын тапшырмасы боюнча автоматтык каражаттар менен же ансыз, ыкмаларга карабастан аткарылуучу бардык операция же операциялардын топтому), ошондой эле:
□ "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан үчүнчү жактарга жеке маалыматтарды берүүгө);
□ жеке маалыматтарды чек арадан тышкары берүүгө (жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясында турган кармоочуларга төмөнкү жеке маалыматтарды берүүгө)
1. ____________________________________________________________________________
2. ____________________________________________________________________________
3. ____________________________________________________________________________
4. ____________________________________________________________________________
5. ____________________________________________________________________________
6. ____________________________________________________________________________
7. ____________________________________________________________________________
8. ____________________________________________________________________________
(талап кылынган маалыматтардын тизмегин көрсөтүү, мисалы: фамилиясы, аты, атасынын аты (мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты, өзгөрткөн күнү, жери жана себеби (өзгөрткөн учурда); туулган күнү жана жери; жарандыгы жөнүндө маалыматтар (анын ичинен мурдагы жарандыгы, башка жарандыгы); билими жөнүндө маалыматтар (билим берүү уюмунун аталышы жана бүткөн жылы, билими жөнүндө документтин аталышы жана маалым даректери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими жөнүндө документ боюнча адистиги); чет тилдерди билүүсү, билүү деңгээли жөнүндө маалыматтар; спорттук наамы, спорттук разряды; жашаган жеринин (барган жеринин) дареги; байланыш телефонунун номери же башка байланышуу жолдору жөнүндө маалыматтар; ким экендигин ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген күнү; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу күбөлүгүнүн номери; милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин маалым даректери; аскерге милдеттүүлүгү, аскердик эсепке алуу боюнча маалыматтар (запаста турган жарандар жана аскер кызматына чакырылууга тийиш адамдар үчүн); үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы; иши жөнүндө маалыматтар (аскер кызматын, айкалыштыруу боюнча ишин, ишкердигин ж.б. кошо алганда).
Жогоруда аталган жеке маалыматтарды мага мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүү __________________________ (кызматтын аталышын көрсөтүү) максатында иштеп чыгуу үчүн берем.
Мен төмөнкүлөр менен тааныштым:
1) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук ушул макулдукка кол коюлган күндөн тартып мага мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтар сакталган бардык мөөнөткө жарактуу;
2) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдукту эркин формада жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде чакырып алууга болот;
3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук чакырып алынган учурда "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык менин жеке маалыматтарымды иштеп чыгуу толугу менен же жарым-жартылай улантылышы мүмкүн.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу башталган күн: ______________________________________
(күнү, айы, жылы)
"___" ______________ 20___-ж.
_____________________________________ |
| _____________________________________________ |
колу |
| аты-жөнү |
|
| Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибине 3-тиркеме |
УРУКСАТТЫН ФОРМАСЫ
Кызматкердин жеке маалыматтары:
Фамилиясы: |
|
Аты: |
|
Атасынын аты: |
|
ИЖН: |
|
Мамлекеттик органдын аталышы: |
|
Бөлүмү: |
|
Кызматы: |
|
Иш телефону: |
|
Мобилдүү телефону: |
|
Электрондук дареги: |
|
Датасы: |
|
Колу: |
|
Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасына уруксаттын деңгээли:
№ | Уруксаттын деңгээли |
|
1 | Кароо/редакциялоо | □ |
Эскертүү.
Уруксат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- кызматкердин паспортунун көчүрмөсү ID-карта);
- кызматкерди дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.
(Аталган документтер коштомо кат менен улуттук операторго жиберилет).".