Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 222 Жарлыгы менен Бекитилген 1-Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Фонддун каражаттарын түзүү жана пайдалануу
III. Эсеп, отчеттуулук жана Фонддун каражаттарын
пайдаланууну көзөмөлдөө
I. Жалпы жоболор
1. Кесиптик жогорку даярдыктагы кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу жана кармап калуу, мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик даярдыктарын жогорулатуу жана окутуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аларды материалдык жактан коргоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин умтулууларын арттыруу мамлекеттик кызматкерлерди колдоо Фондунун (мындан ары - Фонд) негизги максаты болуп саналат.
2. Фонддун каражаттарын чыгымдоо ачык-айкындык, калыстык жана кайтарымдуулук принциптеринде жүзөгө ашырылат.
3. Фонддун каражаттарын башкаруу үчүн Фонддун Байкоочу кеңеши түзүлөт.
II. Фонддун каражаттарын түзүү жана пайдалануу
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- донор-өлкөлөрдүн жана эл аралык донордук коомчулуктун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өнүктүрүүгө берген гранттык каражаттарынан;
- мамлекеттик кызматкерлердин тийиштүү иш чөйрөлөрүндө окууларына жана кесиптик даярдыктарын жогорулатууларына кызыкдар тапшырыкчылардын, анын ичинде, чет өлкөлүк тапшырыкчылардын максаттуу төлөмдөрүнөн;
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
Фонддун каражаты сом жана чет өлкөлүк валютада түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык тутумунда ачылган атайын эсепте эсепке алынат.
5. Фонддун каражаттарын пайдалануу тууралуу чечимдер Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан Фонддун негизги максаттарына ылайык кабыл алынат.
6. Фонддун каражаттары башка максаттарга, ошондой эле Байкоочу кеңештин ишине байланыштуу чыгымдарга пайдаланылышы мүмкүн эмес.
7. Фонддун каражаттарын пайдалануунун тартиби Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан аныкталат.
8. Фонддун Байкоочу кеңешинин Фонддун каражаттарын пайдалануу тууралуу чечими Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан ишке ашырылат.
9. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- мамлекеттик кызматкерлерди материалдык жактан колдоого жана умтулууларын арттырууга;
- мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана кесиптик даярдыктарын жогорулатуу программаларын ишке ашырууга;
- мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөлөрдө тажрыйба үйрөнүүлөрүн уюштурууга;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө илимий жана башка иликтөөлөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө;
- жогорку кесиптик даярдыктагы адистерди жана заманбап башкаруучу кадрларды мамлекеттик кызматтарга тартуу боюнча шарттарды түзүүгө;
- мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө байланыштуу башка максаттарга.
III. Эсеп, отчеттуулук жана Фонддун каражаттарын
пайдаланууну көзөмөлдөө
10. Фонддун каражаттарынын бухгалтердик жана башка эсебин жүргүзүү, тиешелүү мамлекеттик органдарга Фонддун каражаттары боюнча отчетторду берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Фонддун каражаттарынын максатка ылайыктуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.
12. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Фонддун каражаттарын пайдалануунун көз карандысыз аудитин жүзөгө ашырат.
осуществляет Счетная палата Кыргызской Республики.