Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы №222 Жарлыгы менен Бекитилген 2-Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын
колдоо Фондусунун Байкоочулар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Кеңештин функциялары жана укуктары
III. Кеңештин түзүмү
IV. Кеңештин иши
V. Кеңештин ишинин токтотулушу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын колдоо Фондусунун Байкоочулар кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын колдоо Фондусунун (мындан ары - Фонд) каражаттарынын эсебинен каржылануучу программалар менен долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн коомдук контролду камсыз кылуу максатында түзүлгөн коомдук кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин төрагасы, анын орун басары, ошондой эле Кеңештин башка мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта ишке ашырат жана фонддон же башка булактардан Кеңештин мүчөсү катары өз ишмердигин аткарган учурда эмгек акы, гонорар же башка компенсацияларды алууга укугу жок.
II. Кеңештин функциялары жана укуктары
4. Төмөндөгүлөр Кеңештин негизги функциялары болуп саналат:
- Фонддун каражаттарын пайдалануунун негизги принциптерин, механизмдерин жана жол жоболорун бекитүү;
- Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча аудит өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- Фонддун каражаттарын пайдалануу тууралу жыл сайын отчетторду кароо жана бекитүү;
- Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кароо жана демилгелөө;
- Ушул Жобонун алкагына кирбеген башка маселелерди чечүү.
5. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- Фондунун негизги максаттарына ылайык Фондунун каражаттарын пайдалануу тууралу чечим кабыл алуу;
- өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринен маалыматтарды сурап алуу;
- Фондунун компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер, адистер же кызыктар коомдук уюмдар менен консультацияларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- Фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана фондуну топтоо үчүн кошумча булактарды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
III. Кеңештин түзүмү
6. Кеңештин түзүмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын, бизнес- жана эксперттик коомдоштуктардын, кесиптик ассоциациялар менен союздардын, ошондой эле фонддун донорлорунун өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт.
Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
7. Кеңештин мүчөсү Кеңештин курамынан өзүнүн демилгеси боюнча чыга алат же Кеңештин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча төмөнкүдөй учурларда чыгарылышы мүмкүн:
- Кеңештин жыйналышына жүйөлүү себепсиз көп учурда (үч жолудан ашык) катышпаганда;
- кызыкчылыктардын кагылышуусунда;
- Фондунун каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка колдоо алуу үчүн талапкерлерди колдогон учурда;
- өзү өкүлү болуп саналган уюмдун кызыкчылыгын өткөрүүгө аркеттенгенде.
8. Байкоочулар Кеңеши, зарылчылыкка жараша, өзүнүн жыйналыштарына катышуу үчүн төмөндөгүлөрдү чакырууга укуктуу:
- мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана өкүлдөрүн;
- эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын, бизнес- жана эксперттик коомдоштуктардын, кесиптик ассоциациялар менен союздардын өкүлдөрүн.
IV. Кеңештин иши
9. Кеңештин жыйналыштары зарылчылыгына жараша, бирок Кеңештин жыйналышында кабыл алынып, анын төрагасы тарабынан бекитилген иш-планга ылайык кварталына бир жолудан аз эмес өткөрүлөт.
10. Кеңештин жыйналышы ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү жыйналышка катышкан учурда укуктуу болуп саналат.
Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштырылбаган укукта катышат. Жыйналышка Кеңештин мүчөсү катышпаган учурда ал каралган маселе боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
11. Кеңештин жыйналышын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
12. Кеңештин чечими жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Добуштар тең болуп калган учурда Кеңештин жыйналышын алып барган адамдын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Чечим протокол менен тастыкталат, ага Кеңештин жыйналышына төрагалык кылуучу кол коет.
13. Кеңештин ишин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы камсыз кылат.
V. Кеңештин ишинин токтотулушу
14. Байкоочулар Кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү чечиминин негизинде токтотот.