Загрузка документа…
КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча
мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Кызматтын кызматкерлери
III. Баңгизаттарды контролдоо органында кызмат өтөө
принциптери
IV. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн
укуктук негиздери
V. Кызматкердин кызматтык милдеттери жана укуктары
VI. Башкаруучу курамдын кызмат орундары жана атайын наамдар
VII. Кызматкерлерди кесиптик даярдоо
VIII. Кызматка кабыл алуу жана кызмат боюнча которуштуруу
IX. Аттестациялоо
X. Кызматкерлерди эл аралык уюмдарга, мамлекеттик бийлик
жана мамлекеттик башкаруу органдарына иш сапарына жөнөтүү
XI. Кызматкердин өздүк көктөмөсү жана аскердик
каттоодон чыгаруу
XII. Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби
XIII. Кызматтык тартип
XIV. Кызмат өтөө шарттары
XV. Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо
XVI. Кызматты токтотуу
XVII. Кызматына, атайын наамын жана кызмат ордун
калыбына келтирүү
XVIII. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (мындан ары - БКМК же баңгизаттарды контролдоо боюнча орган) кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн укуктук негизин аныктайт, тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
II. Кызматтын кызматкерлери
2. Аттестацияланган курамдын штаттык кызматтарында же Кызматтын кадрында турган жана ушул Жободо белгиленген тартипте кенже, орто, улук жана жогорку башкаруучу курамдын атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандары Кызматтын кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер) болуп саналат.
3. Кызматкерлерге калыптуу кийим, кызматтык күбөлүк жана жеке номер берилет, ошондой эле кызматтык белгилер берилиши мүмкүн. Кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номерлердин жана белгилердин үлгүлөрү, аларды берүү тартиби БКМК Төрагасы тарабынан бекитилет.
Кызматкерлер калыптуу кийимдин, кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номерлердин жана кызматтык белгилердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Аларды жоготуу кызматтык тартипти одоно бузуу болуп саналат, күнөөлүүлөр тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
4. Кызматкерлер тийиштүү даярдыктан өткөндөн жана зачетторду тапшыргандан кийин БКМК Төрагасы аныктаган тартипте табелдик ок атуучу курал-жарактарды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укуктуу болушат.
III. Баңгизаттарды контролдоо органында кызмат
өтөө принциптери
5. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалымдуулук, мамлекеттик бийлик жана башкаруунун тийиштүү органдарына кызматкерлердин көзөмөл алдында болушу жана отчет берип туруусу, кызматтык тартипти сактоо, эмгеги үчүн адилет сый көрүү, жөндөмүн жана квалификациясын эске алуу менен, эмгегинин натыйжаларына жараша кызмат боюнча көтөрүлүү принциптерине негизделет.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын түрү болуп саналат. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызматкерлердин кызмат өтөө мезгили, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын жалпы эмгек стажысына, адистиги боюнча иш стажысына, ошондой эле мамлекеттик кызматтагы иш стажысына эсептелет.
IV. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат
өтөөнүн укуктук негиздери
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ушул Жобо жана БКМК төрагасынын буйруктары баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн укуктук негиздерин түзөт.
7. Кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасына, элине берилгендигине ант беришет:
Мен, ______________________ Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик органга мамлекеттик кызматка кирип жатып, Кыргыз элинин алдында өзүмдүн бийик жоопкерчилигимди сезүү менен, Кыргыз Республикасына берилгендигиме салтанаттуу ант берем:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, мыйзам бузууларга каршы келишпестик менен күрөшүүгө жана Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын жигердүү коргоого, өзүмдүн ишмердүүлүгүмдө мыйзамдуулук жана акыйкаттуулук принциптерине таянууга, өзүмдүн кызматтык милдеттеримди так жана жоопкерчилик менен аткарууга, мамлекеттик кызматкердин этика Кодексинин ченемдерин кынтыксыз сактоого;
- бул антты бузгандыгым баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик органда андан нары болуума төп келбесин сезем.
"___" ___________________ 20___ жыл
__________________________________
(колу)
Кызматкердин ант берүү тартиби БКМК төрагасы тарабынан аныкталат.
V. Кызматкердин кызматтык милдеттери жана укуктары
8. Кызматкер колдонуудагы мыйзамдарга, кызматкердин Антына, ушул Жобого ылайык, ээлеген кызматына жараша өз компетенциясынын чектеринде милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.
9. Кызматтык милдеттерин аткарууда кызматкер мамлекеттин коргоосунда болот. Органдардан жана мыйзам боюнча тикеден-тике ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан башка эч кимдин анын ишине кийлигишүүгө укугу жок.
10. Кызматкер өзүнүн кызматтык ишинде мыйзам талаптарын жетекчиликке алат жана саясий партиялардын, диний уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана саясий максаттарды көздөгөн массалык коомдук кыймылдардын чечимдерин жетекчиликке албайт.
11. Кызматтык милдеттерин аткарууда укукка каршы аракеттерди жасагандыгы же аракет жасабагандыгы, кызматтык милдетин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматкер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Кызматкер төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткарууга;
- мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум кодексин сактоого;
- жогору турган жетекчилер жана тийиштүү мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарган буйруктарды, тескемелерди, көрсөтмөлөрдү жана башка чечимдерди аткарууга. Мыйзамга карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда, кызматкер мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү;
- жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга жол бербөөгө;
- өзүнүн кызматтык милдеттеринин чектеринде жарандардын жана коомдук бирикмелердин, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларын өз учурунда кароого жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга;
- мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды сактоого, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, жарандардын жеке турмушун, ар-намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациялык деңгээлин түшүрбөөгө, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон компьютерде иштөө ыктарына ээ болууга;
- баңгизаттарды контролдоо органынын компетенциясына кирген жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга;
- мамлекеттик мүлктүн жана менчиктин сакталышын жана ага сарамжал мамилени камсыз кылууга;
- мамлекеттик кызматты өтөө менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алууга.
13. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерге дагы ээ болот.
14. Кызматкердин ээлеген кызматы боюнча кызматтык милдеттери анын функционалдык милдеттери менен аныкталат. Функционалдык милдеттерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби БКМК төрагасы тарабынан белгиленет.
15. Ошондой эле төмөнкүлөр да кызматкер тарабынан кызматтык милдеттерин аткаруу болуп саналат:
- жыйындарга, машыгууларга, мелдештерге жана башка пландуу кызматтык иш чараларга катышуу;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу барымта абалында болуу;
- кызмат өтөгөн жерге баруу жана кайтып келүү, кызматтык иш сапарда болуу.
16. Кызматкерлер БКМК Төрагасы аныктаган тартипте техникалык каражаттарды колдонуу менен, ишенимдүүлүгүн текшерүүгө алынышы мүмкүн.
17. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- жетекчилер, кесиптештери жана жарандар тарабынан өзүнүн жеке кадыр-баркынын урматталышына, өзүнө карата адилет жана сый мамиле жасалышына;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга;
- кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга мыйзамда белгиленген тартипте барууга;
- билим деңгээлин, иш билгилигин, кесиптик даярдык деңгээлин, тажрыйбасын жана кызматтык ишинин натыйжаларын эске алуу менен, кызматынан көтөрүлүүгө;
- кызматтык милдеттерине ылайык чечим кабыл алууга жана аны даярдоого катышууга;
- кызматкердин пикири боюнча өзүнүн ар намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүндөө үчүн, өз талабы боюнча кызматтык текшерүүдөн өтүүгө;
- мамлекет тарабынан, анын ичинде, өз үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылууга, социалдык жана укуктук коргоого;
- өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттанууга.
18. Кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга дагы ээ болот.
19. Кызматкер төмөнкүлөргө укуксуз:
- педагогдук, илимий жана чыгармачыл иштерди кошпогондо, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол кылбаган өлчөмдө, башка акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
- жеке ишкерлик кылууга же өзү же үй-бүлө мүчөлөрү үчүн тикелей же кыйыр түрдө ар кандай пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактардын ишкерлигине көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
- БКМК үчүнчү бирөөлөрдүн иши боюнча өкүл болууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан аракеттерди же аракетсиздикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактардан белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сыйлык алууга, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарына жеке карасанатай максатта каражат алууга;
- өзү менен туугандык жакын мамиледе турган адамдардын (ата-энеси, жубайы, бир туугандары, балдары) тикеден-тике баш ийүүсү же контролу менен байланышкан мамлекеттик кызматта болууга;
- иш таштоолорго, митингдерге, пикеттерге катышууга;
- БКМК материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын кызматтан тышкаркы максатта пайдаланууга.
VI. Башкаруучу курамдын кызмат орундары жана атайын наамдар
20. Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын тизмеси БКМК төрагасы тарабынан бекитилет.
Жогорку башкаруучу курамдын жана аларга ылайык атайын наамдардын тизмеси белгиленген тартипте бекитилет.
21. Кызматкерлерге төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:
кенже башкаруучу курам:
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын сержанты;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук сержанты;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын старшинасы;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын прапорщиги;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук прапорщиги;
орто башкаруучу курам:
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын лейтенанты;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук лейтенанты;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын капитаны;
улук башкаруучу курам:
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын майору;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын полковниги;
жогорку башкаруучу курам:
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын генерал-майору;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын генерал-лейтенанты.
22. Кызмат токтотулганда колдонуудагы мыйзамга ылайык болгон атайын наамга "запастагы" же "отставкадагы" деген сез кошулат.
VII. Кызматкерлерди кесиптик даярдоо
23. БКМК жогорку даярдыктагы адистер менен толуктоо максатында аларды кесиптик жактан даярдоо жүзөгө ашырылат, бул иш өзүнө алгачкы атайын окутууну, дене тарбия, атайын каражат жана ок атуучу курал колдонуу менен байланышкан шартта аракеттенүүгө жарактуулугун мезгили менен текшерип турууну, окуу жайларда адистерди даярдоону, кесиптик даярдыгын жогорулатууну, тажрыйба үйрөнүүнү жана кайра даярдоону камтыйт.
Кесиптик даярдыкты уюштуруу жана анын мазмуну БКМК төрагасы тарабынан аныкталат.
VIII. Кызматка кабыл алуу жана кызмат боюнча которуштуруу
24. Баңгизаттарды контролдоо органына кызматка улутуна, жынысына, социалдык тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымдарына карабастан, өзүнүн жеке, ишкердик, адептик сапаттары, ден соолук жана дене тарбия абалдары боюнча БКМК жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууну камсыз кылууга жөндөмдүү, аскердик анык мөөнөттүү кызматын өтөгөн же запастагы офицер наамы бар, курагы 21ден жаш эмес Кыргыз Республикасынын жарандары өз ыктыярдуу тартипте кабыл алынат жана:
- 30 жаштан улуу эместер - кенже башкаруучу курамдын кызмат орундарына;
- 35 жаштан улуу эместер - орто жана улук башкаруучу курамдардын кызмат орундарына кабыл алынат.
Мында аскер кызматын милдеттүү өтөп келүү жана запастагы офицердик наамдын болушу тууралуу талаптар аялдарга жайылтылбайт.
Айрым өзгөчө учурларда жардамчы кызматтарга жана штаттык көмүскө курамы болгон атайын бөлүкчөлөргө альтернативдик аскердик эмес кызматты өтөп келген жарандар алынышы мүмкүн.
Жогорку билими бар кенже башкаруучу курамдын кызмат ордун ээлеген кызматкерлер ошондой эле кайра кызматка кирип жаткан укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери 35 жаштан кийин офицердик кызматка дайындалышы мүмкүн.
25. Ден соолугу боюнча кызмат өтөөгө жарамдуулугу аскердик-врачтык комиссия тарабынан аныкталат.
26. Укук коргоо органдарынын атайын окуу мекемелеринде окуган убакыт, ошондой эле башка мамлекеттердин ошого тең окуу жайларында окуган убакыт аскердик кызмат катары эсептелет.
27. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, баңгизаттарды контролдоо боюнча органга аскерге чакырылуучулар кабыл алынбайт.
28. БКМК орто, улук жана жогорку кызмат ордуна жогорку билими жок адамдарды дайындоого жол берилбейт. Өзгөчө учурларда штаттык көмүскө курамы болгон атайын бөлүкчөлөргө атайын орто же бүтпөгөн жогорку билими барлар дайындалышы мүмкүн.
БКМК кенже башкаруучу курамынын кызмат орундарына орто билимден төмөн эмес билими бар жарандар кабыл алынат.
Билим деңгээли боюнча дайындалуучу кызмат орундарынын тизмеси БКМК төрагасы тарабынан аныкталат.
29. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга жарандар конкурстук негизде кызматка алынышы мүмкүн.
Конкурс боюнча бош кызмат орундарына алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Конкурстук негизде жарандар ээлөөчү кызмат орундарынын тизмесин БКМК төрагасы бекитет.
30. Кыргыз Республикасынын жарандары баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка кирип жатканда, алар тарабынан берилген маалыматтар текшерилүүгө тийиш.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка киргенде жарандар төмөнкү документтерди тапшырат:
- арызын;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун;
- эмгек китепчесин, иши жөнүндө башка документтерин;
- тийиштүү билимин ырастаган документтерин;
- аскердик белетин, аскердик же атайын каттоо документтерин;
- БКМК төрагасы бекиткен тизме боюнча, талапкердин баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат кылууга жарактуулугун иликтөөгө мүмкүндүк берүүчү башка документтерин.
31. БКМК ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, анын штаттык тизмесинде, укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу жарандык кызматкерлердин тийешелүү кызмат орундары каралат.
32. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка алуу БКМК төрагасынын буйругу менен жол-жоболошурулат.
Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигинин мурдагы кызматкерлерин БКМК кызматка алууда, терс жүйөөлөр менен бошотулгандарды кошпогондо, биринчи алынып жаткан талапкерлер үчүн каралган жол жоболор колдонулбайт. Мындай кызматкерлерге атайын наамдар кызматка отургандан баштап ыйгарылат.
33. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурларда баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка алынышы мүмкүн эмес, эгерде ал:
- соттун күчүнө кирген чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылса, же ага мамлекеттик кызматкер катары иштөөгө тыюу салынса;
- мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же тындырылган соттолгондугу болсо;
- кызмат милдеттеринде аныкталган жашыруун маалыматтарга жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга белгиленген тартипте жетимдүүлүк албаса;
- эгерде жакын туугандары атайлап жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон болсо;
- ушул Жобонун 24-статьясында каралган талаптарга жооп бербесе;
- ден соолугунун абалы баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка алынуучу жарандар үчүн белгилеген талаптарга ылайык келбесе;
- башка мамлекеттин жараны болсо;
- техникалык каражаттарды колдонуу менен ишенимдүүлүгүн текшертүүдөн баш тартса;
- аскердик-врачтык комиссиянын медициналык корутундусу менен кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол боло турган оорусу болсо;.
- мурда баңгизаттарды контролдоо боюнча органынан же башка министрликтерден жана ведомстволордон терс жүйөөлөр боюнча кызматтарынан кетирилсе.
34. Өз ара жакын тууган болушкан же жакындыгы болгон кызматкерлерге (ата-эне, жубайлар, бир туугандар, балдары, кыздары, ошондой эле жубайынын бир туугандары, ата-энеси жана балдары), эгер алардын кызматы бири-бирине тикеден-тике баш ийүү же бири-бирин контролдоо менен байланышса, БКМК бир эле түзүмдүк бөлүгүндө кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.
35. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга ишке кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жараны менен Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын ортосунда БКМК төрагасы аркылуу эмгек келишимин түзүүдө жаран өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарууга, ички эмгек тартибин жана ушул Жобонун талаптарын сактоого, ал эми БКМК: аны күтүү үчүн ага берилүүчү нерселердин бардык түрлөрү менен аны камсыз кылууга, укуктарын, жеңилдиктерин берүүгө жана колдонуудагы мыйзамдарда, ушул Жободо жана келишимде каралган иштер үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттенет.
Келишимде тараптар өздөрүнүн кабыл алган милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу келип чыга турган юридикалык шарттар каралат.
Келишим жазуу жүзүндө гана түзүлөт, анын шарттары кызматкердин колдонуудагы мыйзамда каралган кызматтык жана социалдык абалын начарлатышы мүмкүн эмес.
Келишим тараптардын макулдашуусу боюнча узартылышы же кайра түзүлүшү мүмкүн.
Кызматтык зарылчылык болгон учурда БКМК кызматкери ээлеген кызматынан төмөн болбогон кызматтык маянасын төлөп берүү менен календардык жылдын ичинде бир айга чейинки мөөнөткө келишимде каралбаган милдеттерди аткаруу үчүн ишке тартылышы мүмкүн.
Келишимдин формасы жана шарттары БКМК төрагасы тарабынан бекитилет.
36. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга мамлекеттик кызматка биринчи жолу кирип жаткан жаран зарыл тажрыйбага ээ болуу жана кесиптик сапаттарын текшертүү үчүн 3 айга чейин сыноо мөөнөтү менен кызматка дайындоого БКМК төрагасынын укугу бар, мында ага ээлеген кызматына жараша кызмат акы төлөнөт. Убактылуу эмгекке жөндөмсүз болгон мезгилдери жана жаран жүйөлүү себептер менен кызматта жок болгон башка мезгилдер алдын ала сыноо мөөнөтүнө кошуп эсептелбейт. Андай учурда жаран тийиштүү кызматка ага атайын наам ыйгарылбастан дайындалат.
Алдын ала сыноо мөөнөтүнүн узактыгы кызматка дайындоо жөнүндө буйрукта көрсөтүлөт.
Алдын ала сыноо мезгилинде кызматка дайындалган жаран ээлеген кызматына ылайык милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.
Убактылуу эмгекке жөндөмсүз болгон мезгилдер жана жаран жүйөлүү себептер боюнча кызматта болбогон башка мезгилдер алдын ала сыноо мезгилине эсептелбейт.
Эгерде сыноо мезгили бүткөндөн кийин натыйжалар канааттандырарлык эмес деп таанылса, кызматкер башка төмөнкү кызмат ордуна дайындалат, же болбосо белгиленген тартипте бошотулат.
Эгерде сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин БКМК төрагасы бошотуу тууралуу чечим кабыл албаса, кызматкер сыноодон өткөн жана туруктуу негизде дайындалган болуп эсептелет. Аны кызматтан кийинки бошотуулар ушул Жободо каралган негиздердин бири боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Сыноо мөөнөтү менен дайындалган кызматкерлерге ушул Жобонун колдонулушу жайылтылат.
37. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга конкурс боюнча кызматка дайындоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык БКМК төрагасы тарабынан аныкталат.
38. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, кызматтардын сапаттуу комплектенишин камсыз кылуу бардык баскычтагы жетекчилердин негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматкерлерди кызматка дайындоо (БКМК төрагасынын орун басарларынан тышкаркы) жана аларды бул кызматтардан бошотуу, БКМК төрагасынын буйруктары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жогорку башкаруучу курамдын атайын наамдарын ыйгаруу каралган саясий кызматтарга дайындоо жана бошотуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Кызматкерлер бала багуу боюнча өргүү алган учурда аларды атайын наам ыйгарбастан, кызматкерлерди жана кызматчыларды же эркин жалдануучу курамдагылардын катарындагы адамдар менен алмаштырууга уруксат берилет.
Аттестацияланган кызматкердин курагы боюнча чектелген мөөнөтү жетсе аны ошол же башка кызматта эркин жалдануучу катары пайдаланууга жол берилет.
39. Кызматкерлерди кызмат боюнча которуштуруу өздүк курам боюнча буйрук менен жүргүзүлөт:
а) жогору турган кызматтарга: кызмат боюнча көтөрүү тартибинде (түздөн-түз же жогору турган начальниктин сунуштамасынын негизинде), мында эгерде ал үчүн кыйла жогорку атайын наам, ал эми тең болгондо кыйла жогору эмгек акы каралган болсо, жогорку болуп саналат.
б) бирдей кызматтарга:
- уюштуруу-штаттык иш чараларды жүргүзүүгө байланыштуу (макулдашуу барагынын же түздөн-түз начальнигинин сунуштамасынын негизинде);
- иш тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча кыйла максатка ылайык пайдалануу үчүн (түздөн-түз начальнигинин сунуштамасынын, макулдашуу барагынын же кызматкердин рапортунун негизинде);
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбой калганда кызматкердин макулдугу менен (макулдашуу барагынын же кызматкердин рапортунун негизинде);
в) төмөн турган кызматтарга жана ээлеген кызматынан бошотуу:
- кайра түзүүдө же штаттарды кыскартууда (макулдашуу барагынын же рапорттун негизинде);
- кызматкердин макулдугу менен бирдей кызматка которуу мүмкүн болбогондо (рапорттун же макулдашуу барагынын негизинде);
- ден соолугуна байланыштуу (аскердик-врачтык комиссиянын чечиминин негизинде);
- жеке өтүнүчү боюнча (кызматкердин рапортунун негизинде);
- аттестациялык тартипте кызматтык ылайык келбестиги боюнча (аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде);
- тартип жазасын колдонуу иретинде (сунуш кылуунун, кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде).
г) окууга өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотуу менен ошондой эле окуудан кийин кызматка дайындоодо (тикеден-тике башчысынын сунушунун, макулдашуу барагынын негизинде).
Кызмат боюнча которуштурулган кызматкерлер жаңы кызмат өтөөчү жерине ишин жана кызматын тапшыргандан кийин, бирок ал адам кезектеги өргүүдө же дарыланууда болгон учурлардан тышкары, буйрук чыккан же кызматы боюнча которулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат алган күндөн тартып 2 жумадан кечикпестен келүүгө милдеттүү.
Куралдуу күчтөрдө, ИИМде, УККда, Улуттук гвардияда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аскерлештирилген жана укук коргоо ведомстволорунда андан ары кызмат өтөө баңгизаттарды көзөмөлдөө органынын кадрларынан чыгаруу менен БКМК төрагасынын буйругу менен жүзөгө ашырылат.
40. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерине узактыгы 3 айдан ашпаган мөөнөткө бош кызмат боюнча эмес милдеттерди аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.
Убактылуу милдетти аткарууну жүктөө БКМК төрагасынын буйругу менен жол-жоболоштурулат.
Бош кызматтар боюнча убактылуу милдет аткарууну жүктөө ошол кызматта иштеген адам, ошондой эле анын штаттуу орун басарлары өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карабастан баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан дарыланууга, өргүүгө, кызматтык иш сапарга, окууга ж.б. кеткен учурда гана жүргүзүлөт.
41. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын карамагына кызматкерлер төмөнкү убактарда өтөт:
- органдын жоюлушуна, же штаттык санынын кыскарышына байланышкан уюштуруу-штаттык иш чаралар жүргүзүлгөн учурларда;
- Коллегиянын же оперативдик кеңешменин чечимдерине. Тартиптик уставка ылайык кызматынан бошотулгандар;
-иш сапарынын мөөнөтү аяктаганда башка аскердик түзүлүштөрдөн, укук коргоо органдарынан которулуп келгенде;
- өзгөчө учурларда кызматкерди баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын карамагына алууга анын жеке жүйөөлөр боюнча берилген рапортуна байланыштуу уруксат берилет.
42. Ээлеген кызматынан бошотуу баңгизаттарды контролдоо боюнча органында кызмат кылууну токтотуу деп эсептелинбейт.
43. Карамакта болуунун мөөнөтү 4 (төрт) айды түзөт, БКМК төрагасы ушул мөөнөттү узартууга укуктуу.
БКМК карамагында турган кызматкерлер жетекчиликтен кандайдыр-бир кызматтык милдеттерди аткаруу боюнча көрсөтмөлөрдү алуу үчүн күнүгө кызмат ордуна келип турууга милдетүү.
Карамактагы кызматкерлерге акчалай төлөмдөр алардын баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадрлар кызматына келип турууларынын негизинде табел боюнча төлөнөт:
- алгачкы эки ай үчүн - акыркы иштеген кызматы боюнча маянасынын жана узак жылдар иштегендиги үчүн пайыздык кошумчасы менен атайын наамы боюнча маянасынын өлчөмүндө;
- соңку эки ай үчүн - атайын наамы боюнча жана атайын наамы боюнча маянасына узак жылдар иштегендиги үчүн пайыздык кошумчасы менен маянасы.
Кызматкер кадрлардын карамагында болгон мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жараксыз болгон мезгили, кезектеги жана башка өргүүлөрдө болгон мезгили, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгына байланыштуу камакта болгон мезгили эсептелбейт, кылмыш иши кыскартылган же актоо өкүмү чыгарылган учурда - камакка алынган күндөн тартып бошотулган күнгө чейинкиси кошулуп эсептелет.
Кадрлардын карамагында болгон 4 айлык мөөнөт өткөндөн кийин штаттык кызматка дайындалбаган кызматкерлер бошотулат.
Кадрлардын карамагына киргизүү жөнүндө буйрук менен жазуу жүзүндө тааныштырууда кызматкер бир эле мезгилде кадрлардын карамагында 4 айдан ашык болгон учурда баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошотулгандыгы жөнүндө кабардар кылынат.
44. Кызматкер төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан кызматтан четтетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык токтом чыгарылган учурда - иш боюнча биротоло чечим чыгарылганга чейин;
- кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (кызматкердин өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурдан тышкары) - териштирүү жүргүзүүнүн бүткүл мезгилине, анын ичинде кызматтык милдетти аткарууга мүмкүндүк бербей, кызматтык тартипти одоно бузган, ишке алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас абалында келген учурда.
IX. Аттестациялоо
45. Кызматтык аттестациялоо кызматкердин өзү иштеген кызматка ылайык келүүсүн жана кызматтык жактан өсүү келечегин аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Аттестациялоо кызматкердин кесиптик билимин жана иш ыкмаларын билүүнүн формасы болуп саналат жана аны кесиптик жактан өсүшүнө дем берет, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдагы анын ишинин натыйжалуулугун аныктайт.
Кызматкерлерди аттестациялоодо алардын ишмердүүлүгү, кесиптик, моралдык жана жеке сапаттары, маданий деңгели эрудициясы ар тараптан каралат. Ээлеген кызматына ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы кызматтан жогорулатуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Агенттиктин кызматкерлери үч жылда 1 жолудан ашырбай аттестацияланат. Төмөнкү кызматкерлер кезектеги аттестациядан өтүшпөйт:
- иштегенине бир жыл толбогондор;
- кош бойлуу аялдар;
- кош бойлуулугу боюнча жана төрөгөндүгүнө байланыштуу өргүүдөгүлөр, бала баккандыгы үчүн өргүдөөгүлөр.
Кызматкерлердин көрсөтүлгөн категорияларын кезектеги аттестациядан өткөрүү алар социалдык өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте жүргүзүлбөйт.
Өргүүдө, иш сапарында жүрүшкөн кызматкерлер, ошондой эле убактылуу ишке жөндөмсүздүгү боюнча бошотулгандар кызматка чыккандан кийин бир айдан кийин аттестациядан өтөт.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат кылуу жөнүндө эмгек келишимин түзгөн жарандар аттестациялоодон калган кызматкерлер үчүн белгиленген тартипте өтүшөт.
Кызматкерлерди аттестацияга даярдоо жана аны өткөрүү, аттестациянын тыянактарын жана сунуштарын ишке ашыруу, ошондой эле аттестация тартибинин бузулушуна жана объективсиздикке даттанууну кароо тартибин БКМК төрагасы тарабынан аныкталат.
Кезексиз аттестацияларды өткөрүүгө жол берилбейт.
X. Кызматкерлерди эл аралык уюмдарга, мамлекеттик бийлик
жана мамлекеттик башкаруу органдарына иш сапарына жөнөтүү
46. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратына, министрликтерге, ведомстволуктарга жана уюмдарга баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын карамагында калтыруу менен, БКМК иши менен түздөн-түз байланышкан атайын мүнөздөгү иштерди аткаруу үчүн иш сапарына жөнөтүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, башка мамлекеттик бийлик органдарына жооптуу кызматтарга дайындалган кызматкерлер баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен, өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө аларга иш сапарына жиберилет.
47. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча органына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык кызматкерлер эл аралык уюмдарга иш сапарына барышы мүмкүн.
Иш сапарына жиберүү суроо-талаптардын жана дайындоо жөнүндө тескемелердин негизинде жүргүзүлөт жана БКМК төрагасынын буйругу менен жол-жоболоштурулат. Бул кызматкерлерге эмгек акылар иш сапарына жиберүү жөнүндө суроо-талап берген орган (мекемелер, уюмдар) тарабынан төлөнөт.
48. Иш сапарына чыккан кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Жободо белгиленген тартипте кызматтан өтүшөт.
Иш сапарына барган кызматкерлердин кызмат өтөөсүнө тийиштүү уюмдардын жана баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын жетекчилери көзөмөл жүргүзөт.
49. Иш сапарынын мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкерлер БКМК карамагына келишет жана өздөрү иш сапарына чыкканга чейин ээлеген кызматтарына же ошого тете кызматтарга орноштурулууга тийиш.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадрында калтыруу менен, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерге иш сапарына жиберилген кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ушул Жободо каралган тартипте ыйгарылат.
50. Иш сапарына чыккан кызматкерлер жана алардын үй-бүлөсү БКМК кызматкерлери үчүн колдонуудагы мыйзамда белгиленген укуктарды жана жеңилдиктерди сактап калышат.
Иш сапарына жөнөтүлгөн кызматкерлерди кызматтан бошотуу ушул Жободо каралган негизде жана тартипте алардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
XI. Кызматкердин өздүк көктөмөсү жана
аскердик каттоодон чыгаруу
51. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын штаттык кызматында турган бардык кызматкерлерге өздүк иш ачылат.
Өздүк көктөмө кызматкердин кызматтык, эмгектик жана коомдук ишмердүүлүгүн мүнөздөгөн материалдарды, биографиялык маалыматтарды камтыган негизги документ болуп саналат.
Өздүк көктөмө материалдары кызматкерди кызматтык пайдаланууда, атайын наамды ыйгарууда, сыйлоодо жана пенсиялык үстөк пайыздарды эсептөөдө керектелинет.
Өздүк көктөмө жүргүзүүнүн таризин жана тартибин, маалыматтардын жана документтердин тизмесин ошондой эле аларды алуунун тартибин БКМК төрагасы аныктайт.
Жарандарды баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка алууда атайын текшерүү жүргүзүлөт. Атайын текшерүүнүн материалдары өздүк көктөмөдө сакталат.
Өздүк көктөмө жашыруун документтер категориясына кирет.
52. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын аттестацияланган курамына кызматка дайындалган аскерге милдеттүүлөр белгилеген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадрлар кызматында атайын каттоого турат.
XII. Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби
53. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка мамилесин, узак жылдар иштегендигин жана ээлеген штаттык кызматын, ошондой эле ушул Жободо каралган башка шарттарды эске алуу менен жекече ыйгарылат.
54. Ырааты менен атайын наамдарды ыйгаруу кезектеги жана биринчи жолу деп бөлүнөт.
Биринчи атайын наамдар орто жана улук башкаруучу курамга кенже лейтенанттан баштап кызматка отурганына үч айдан кийин ыйгарылат. Кенже башкаруучу курамга баңгизаттарды көзөмөлдөө органына кызматка алынганы менен катар ыйгарылат.
Кызматкерлерге атайын биринчи наам ыйгарылган буйрук жарыялангандан кийин аларга жеке номерлери менен жетон тапшырылат. Куралдуу күчтөргө, укук коргоо органдарына жана күч түзүмдөрүнө иш сапарга жөнөтүлгөндө ал жеке номерлер сакталып калат.
Башкаруучу курамга кезектеги атайын наамдар ырааты менен кезектеги наамына, ээлеген штаттык кызматына жараша жана ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо мурунку наамынан кийин өтүүчү белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин ыйгарылат.
55. Башкаруучу курамдагыларга кезектеги наамдар ырааты менен ыйгарылат.
Кызматтын кызматкерлери болушкан - окуу жайларынын угуучуларына жана адъюнктарга кезектеги атайын наамдар окуу мезгилинде - алар окууга тапшырганга чейин ээлеген штаттык кызматына ылайык келген учурда ыйгарылат.
56. Баңгизаттарды контролдоо кызматынын полковнигин кошкондо ага чейинки аттестацияланган курамдын наамдары БКМК төрагасы тарабынан ыйгарылат. Жогорку башкаруучу курамдын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Атайын билим берүү мекемесин аяктагандан кийин наам ага кызматкер дайындалган кызматка ылайык ыйгарылат.
Ээлеген кызматына ылайык кезектеги атайын наам кызматкерге тикеден-тике башчысынын сунушунун негизинде ыйгарылат жана анын мурдагы наамында кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин ыйгарылат.
57. Кенже башкаруучу курамга баңгизаттарды контролдоо боюнча органга кызматка алынганы менен катар ыйгарылат.
58. Башкаруучу курамдын атайын наамдарын кызматкерлерге берүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты - 1 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын сержанты - 1 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук сержанты - 2 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын старшинасы - 3 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын прапорщиги - 4 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук прапорщиги - белгиленген эмес;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты - 1 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын лейтенанты - 2 жыл (окуунун беш жылдык нормативдик мезгили менен жогорку билими болгондо - 1 жыл);
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук лейтенанты - 3 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын капитаны - 3 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын майору - 3 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги - 4 жыл;
- баңгизаттарды контролдоо кызматынын полковниги - белгиленген эмес.
Нормативдик окуу мезгили 5 жыл жана андан ашык болгон жогорку кесиптик билим берүүчү күндүзгү билим берүү мекемелерин окуп бүтүргөн кызматкерлер үчүн баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын лейтенантынын атайын наамын алуу мөөнөтү 1 жыл деп белгиленген.
59. Куралдуу күчтөрдө запаста турган жарандарга же башка укук коргоо ведомствосунан иш сапарына жөнөтүлгөн кызматкерге кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызматына дайындоо болгондон кийин анын аскердик же атайын наамына ылайык келген атайын наам ыйгарылат.
Запастагы офицерлер баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадрларына алынганда биринчи жолку атайын наам аларга аскердик наамына бир баскыч жогору ыйгарылышы мүмкүн, мында алар баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадрларына кире турган күнү анык аскердик кызмат өтөө мезгилинде аскердик наамга татыктуу эмгек сиңирүүгө же запаста турган учурда ээлеген кызматы боюнча чектүү наамга ылайык эмгек сиңирүүгө тийиш.
Аскердик жана атайын наамдары болбогон, бирок баңгизаттарды контролдоо боюнча органга жаңыдан кабыл алынып жаткандарга алгачкы атайын наамдар баштапкы стадиясында кенже башкаруучу курамдын кызматында ыйгарылат, алар - баңгизаттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты боло алышат, офицердик кызматта - баңгизаттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты боло алышат.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан жана башка күч ведомстволорунан бошотулганга чейин атайын же аскердик наамы болгон жаңыдан кабыл алынып жаткандарга кезектеги атайын наамдар ошол атайын наамдагы жалпы сиңирген эмгегине жараша ыйгарылат.
Запастагы офицердик аскердик же атайын наамы бар жарандар баңгизаттарды көзөмөлдөө органына жаңыдан кабыл алынган учурда ыктыярдуу негизде өзүнүн атайын наамын сактоо менен кенже башкаруучу курамдын кызматына ыктыярдуу негизде дайындалышы мүмкүн. Кенже башкаруучу курамдын кызматында тургандарга кезектеги офицердик наамдарды андан ары ыйгарууга тыюу салынат.
60. Кызматта жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн сыйлоо тартибинде кызматкерге мурдагы наамына эмгек сиңирген белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч жогорку наам ыйгарылышы мүмкүн.
Атайын наам ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамдын чегинде мөөнөтүнөн мурда ыйгарылат. Кезектеги атайын наам кызматкерге мурдагы наамындагы белгиленген эмгек сиңирүү мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндөн кийин өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн, бирок ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан жогору боло албайт.
Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же бир баскыч жогорулатып ыйгаруу анын кызмат өтөө мезгилинин ичинде бир гана жолу жүргүзүлөт.
Баңгизаттарды контролдоо кызматынын полковнигине чейинки атайын наамды мөөнөтүнөн мурда бир баскыч жогорулатып ыйгаруу БКМК төрагасы тарабынан жүргүзүлөт.
20 жылдан же андан ашкан эмгеги бар жана оң мүнөздөлгөн офицерлерге курагы же оорусу боюнча кызматтан кеткенине байланыштуу, ээлеген штаттык кызматынан көз каранды эмес полковникке чейинки кезектеги атайын наамды БКМК төрагасы ыйгарышы мүмкүн.
61. Кадрлардын карамагында турганда алынбаган тартиптик жаза чарасы болгон (оозеки жарыялангандарды кошпогондо) же аларга карата кылмыш иши козголгон кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ыйгарылбайт, аларга карата тартиптик жаза чарасын алып салууга же реабилитациялоочу негиздер боюнча кылмыш иши токтотулганга чейин (шектүүнүн же күнөөлөнүп жаткан адамдын кылмышка тиешеси жоктугу, кылмыш окуясынын жоктугу, жосунда кылмыш курамынын жоктугу) же кызматтык текшерүү бүткөнгө чейин кызматтык текшерүү жүргүзүлөт.
62. Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын наамындагы кызматкерлерге атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү БКМ төрагасынын буйругу менен тартиптик жаза чарасы катары колдонулат.
Атайын наамы төмөндөтүлгөн кызматкерлер БКМК төрагасынын буйругу менен аттестациядан жакшы өткөн учурда наамы төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан кийин БКМК төрагасынын буйругу менен ээлеген штаттык кызматына карабастан мурунку наамы калыбына келтирилет.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мурдагы атайын наамы калыбына келтирилгенге жана ага кезектеги атайын наам ыйгарылганга чейин анын атайын наамын кайталап төмөндөтүүгө жол берилбейт.
Кызматкерди атайын наамдан ажыратуу соттун өкүмү менен гана ишке ашырылат. Атайын наамдан ажыраган кызматкерлер кызматын токтоткондо баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын катардагы рангы катарында бошотулушат. Курагы же оорусу менен пенсияга укугу барларга пенсия мыйзам орноткон шарттарда жана ченемдерде эсептелинет. Мында атайын наамдын маянасы атайын катардагы наам менен эсептелет.
XIII. Кызматтык тартип
63. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органында кызматтык тартип кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти жана эрежелерди, антты, уставды, ошондой эле башчылардын буйруктарын кызматкерлердин так жана кынтыксыз аткаруусу.
64. Башчы өзүнө баш ийгендердин арасында кызматтык тартиптин абалы үчүн жоопкерчилик тартат. Аларга бийик талап менен катар ал өзүнө баш ийгендердин эмгеги, эс алуусу жана квалификациясын жогорулатуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдетүү.
Башчынын өзгөчө көңүлү өзүнчө баш ийгендердин жекече сапаттарын иликтөөгө, алардын ортосундагы өз ара уставдык мамилелерди сактоого, коллективди баш коштурууга, тетири иштердин себептерин өз учурунда табууга жана өзүнө баш ийгендердин жосундарынын алдын алууга, тартип бузуучуларга карата келишпес мамиле түзүүгө багытталууга тийиш. Мында ал коллективге коомдук таасир тийгизүүнүн күчүн бардык чаралар менен пайдаланууга милдеттүү.
65. Милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматта жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын Тартиптик уставы кызматкерлерди сыйлоону карайт.
Кызматкерлерди өздүк курал менен сыйлоо баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын коллегиясынын чечими менен жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн чечим БКМК төрагасынын буйругу менен жарыяланат.
Сыйлык катары мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу колдонулушу мүмкүн. Кызматкерден бир эле убакта бир гана тартиптик жазалоо алынышы мүмкүн. Тартиптик жазалоону мөөнөтүнөн мурда алуу менен бир катарда бир эле убакта сыйлоонун башка түрлөрү колдонулбашы керек.
66. Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине Тартиптик Уставда каралган жаза чаралары колдонулушу мүмкүн.
Төш белгиси жана баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын башка сыйлыктары менен сыйланган баңгизатка көзөмөл органдын кызматкерлерине төш белгисинен жана башка сыйлыктарынан ажыратуу түрүндө тартиптик жаза чара колдонулушу мүмкүн.
67. Сыйлыктар буйрук менен жарыяланат. Алкыш буйрук менен, ошондой эле оозеки жарыяланышы мүмкүн.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерин сыйлоо жөнүндө буйруктар жекече, катардын алдында же кеңешмеде жарыяланат, ал эми кызматтардын жана бөлүктөрдүн жетекчилерине жаза колдонуу аларга баш ийгендерди катыштырбастан, кызматкердин өздүк ишине милдеттүү түрдө жазуу менен жарыяланат.
Сыйлык баңгизатка көзөмөл органынын айрым кызматкерине карата, ошондой эле бөлүктүн бүтүндөй өздүк курамына карата колдонулушу мүмкүн.
Кызматкерге бир эле айырмалагандыгы үчүн бир гана сыйлык жарыяланышы мүмкүн.
68. Тартиптик жаза чара кызматкер жасаган жосундун оордугуна жана анын күнөөсүнүн даражасына ылайык келүүгө тийиш. Жазанын түрүн жана өлчөмүн аныктоодо: жосундун мүнөзү, ал жасалган жагдай, тартип бузуучунун жасалган жосунга мамилеси, күнөөлүнүн мурдагы жүрүш-турушу, анын кызматка мамилеси, анын кызматта болуу убактысы жана ченемдик актыларды, кызмат өтөө эрежелерин билүү деңгээли көңүлгө алынат. Бир эле жосун үчүн бир нече тартиптик жаза чарасын колдонууга же бир жазаны экинчиси менен бириктирүүгө, тикеден-тике күнөөлүнү жазалоонун ордуна бөлүктүн бүткүл өздүк курамына жаза тарттырууга тыюу салынат.
Өзүнө берилген тартиптик бийликти ашыкча колдонгон адам бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууга чейин кызматтык териштирүү же текшерүү болууга тийиш. Ал күнөөлүү адамдарды табуу жана жосун жасоого көмөкчү болгон себептерди жана шарттарды билүү максатында жүргүзүлөт.
Эгерде кызматкер жосунду ооруп жатканда, өргүүдө же иш сапарында жүргөндө жасаса, тартиптик жаза чарасы кызматкер ооруп жаткан учурда же ал өргүүдө же иш сапарында жүргөн учурда колдонулушу мүмкүн эмес.
Начальниктерге тартиптик жаза чараны аларга баш ийгендердин көзүнчө жарыялоого тыюу салынат.
Бир нече адам тартип бузган учурда тартиптик жаза чара ар бир күнөөлүүгө өз өзүнчө колдонулат.
Тартиптик жаза чаралары: эскертүү, сөгүш - ооз эки же буйрук түрүндө жарыяланышы мүмкүн. Калган жаза чаралар буйрук менен жарыяланат. Буйрук менен берилген тартиптик жаза чаралар буйрук менен гана алынышы мүмкүн.
Тартиптик жаза чара колдонулгандыгы жөнүндө жаза кызматкерге жеке, катардын алдында же кеңешмеде жарыяланат.
69. Кызматына толук эмес ылайык келүүсү жөнүндө эскертүү - тартиптик жаза чарасы кызматкер өзү ээлеген штаттык кызматта болгон мезгилдин ичинде бир жылда бир гана жолу колдонулат.
Кызматынан төмөндөтүү же атайын наамын бир баскычка ылдыйлатуу түрүндө тартиптик жаза чара күнөөлүүгө башка тартиптик жаза чаралары тийиштүү таасир бербеген учурда колдонулушу мүмкүн.
Кызматкерлерди баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошотуу тартиптик жаза чарасын көрүүнүн эң акыркы жолу болуп саналат жана системалуу түрдө тартип бузгандыгы (кызматкер мурда колдонулган тартиптик жаза чарасын алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин кайрадан жосун жасаса) же баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө менен ылайык келбеген жосун жасагандыгы үчүн, же соттун чечиминин негизинде колдонулушу мүмкүн.
Тартиптик жаза чара жосун тикеден-тике белгилүү болоору менен, бирок ал белгилүү болгон күндөн тартип бир айдан кечиктирбестен, ал эми кызматтык териштирүү жана текшерүү жүргүзүлгөн учурда же кылмыш иши козголгондо, ошондой эле күнөөлүүнүн ооруган учуру же өргүүдө же иш сапарында болгон учурун эсептебегенде кызматтык териштирүү жана текшерүү бүтөөрүнө же кылмыш иши кыскартылаарына бир ай калгандан кечиктирбестен колдонулат. Жүрүм-турум боюнча комиссиянын, абийир сотунун өтүнүчүнө байланыштуу тартиптик жаза чара чечим түшкөн учурдан тартип бир айдан кечиктирбестен колдонулууга тийиш.
70. Эгерде жасалган жосун белгилүү болгон күндөн тартип 6 айдан ашык убакыт өтүп кетсе, тартиптик жаза чарасы колдонулушу мүмкүн эмес.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине кезмет учурунда жасаган жосун үчүн тартиптик жаза чарасын колдонуу кезметти тапшыргандан кийин же аларды башка адамдар менен алмаштыргандан кийин гана жүргүзүлөт.
Кечиктирүүгө болбой турган өтө шашылыш учурларда, жосун жасаган баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык милдеттерин аткаруудан өзү кызматы боюнча баш ийген башчысы тарабынан четтетилиши мүмкүн.
71. Тартиптик жаза чара (эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш) кызматкерге буйрук менен берилгенден кийин, анда кызматкер бир жылдын ичинде жаңы тартиптик жаза чарасын албаса, анда бул жаза чарасы алынды деп эсептелинет, ал эми ооз эки берилген жаза чарасы бир ай өткөндөн кийин алынды деп эсептелинет.
Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш сыяктуу тартиптик жаза чарасы колдонулган кызматкерлерге сыйлоо чарасы катары аны мөөнөтүнөн мурда алып салуу колдонулат, бирок эскертүү - 3 айдан эрте эмес, сөгүш, катуу сөгүш - 6 айдан кийин, ал эми кызматына толук эмес ылайык келээри жөнүндөгү эскертүү түрүндөгү жаза чарасы 8 айдан кийин гана алынышы мүмкүн.
Оозеки салынган жаза чарасын кошпогондо, тартиптик жаза чараны алуу буйрук менен жүргүзүлөт, бул туурасында тийиштүү адамга жекече, катардын алдында же кеңешмеде жарыяланат.
Оозеки жарыялангандан башка, баардык сыйлоо жана тартиптик жаза чаралар белгиленген тартипте эсепке алынат.
72. Сыйлоо жана тартиптик жаза чарасын колдонуу боюнча башчынын укуктары баңгизаттарга көзөмөлдүк боюнча органдын тартиптик уставында көрсөтүлөт.
Эгерде башчынын пикири боюнча кызматкерге карата башчынын укуктарынын чегинен чыккан сыйлоо же жаза чараларын колдонуу зарыл болсо, анда ал бул туурасында жогору турган башчынын алдында өтүнөт.
Жогору турган башчы төмөн турган башчы колдонгон тартиптик жазаны алып салууга, жеңилдетүүгө же эгерде мурда жарыяланган жаза чарасы жасалган жосундун оордугуна ылайык келбесе, мурдагыдан катуу жаза чарасын колдонууга укуктуу.
73. Кызматкер өзүнө карата колдонулган тартиптик жаза чараны ырааты менен жогору турган башчыга, БКМК төрагасына чейин, ал эми мыйзамда жана ушул Жободо белгиленген учурларда сотко чейин даттанууга укуктуу.
XIV. Кызмат өтөө шарттары
74. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын ички эмгек тартиби колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жана Кызматтын Төрагасы аныктаган тартипте белгиленет.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын ички эмгек тартибинин типтүү эрежелери, иш убактысынын режими жана кызматкерлердин айрым категорияларынын иштөө графиги БКМК төрагасы тарабынан бекитилет.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ички эмгек тартибинин эрежелери бул органдын иш өзгөчөлүктөрүнө жараша анын башчысы тарабынан бекитилет.
75. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жумуш убактысынын узактыгы колдонулат.
Зарыл учурларда кызматкерлер кызматтык милдеттерин белгиленген убактысынан ашык аткарууга, ошондой эле түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштеши мүмкүн. Мындайда бир айдын ичинде аларга кошумча эс алуу күндөрү берилет.
Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн нормага салынбаган жумуш күнү белгилениши мүмкүн.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери үчүн зыяндуу шарттарда, мөөнөтүнөн ашык жана түнкүсүн иштөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери БКМК төрагасы аныктаган тартипте жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, убактылуу келбей калган кызматкер үчүн кошумча милдет аткаргандыгы үчүн компенсацияга укуктуу.
75. Кызматкерлер үчүн өргүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
- жыл сайын бериле турган акы төлөнүүчү өргүү;
- жыл сайын бериле турган акы төлөнүүчү кошумча өргүү;
- окууга байланыштуу өргүү;
- кызмат акысын сактабастан берилүүчү өргүү;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган башка өргүүлөр.
Жыл сайын берилүүчү негизги жана кошумча акы төлөнүүчү өргүүлөрдүн узактыгы календардык күндөр менен эсептелет. Өргүү мезгилине туура келген иш эмес, майрам күндөрү өргүүнүн календарлык күндөрүнүн ичине кирбейт жана ага акы төлөнбөйт.
76. Жыл сайын бериле турган акы төлөнүүчү өргүү кызматкерлерге иштеген жылдарына жараша саламаттыгын чыңдоо үчүн көмөкпул төлөп берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кызмат акысынын өлчөмүндө берилет. Иштеген жылдарына жараша (жыл - календарлык эсеп менен) төмөнкүчө берилет:
- 10 жылдан аз - жыл сайын 30 календарлык сутка мөөнөтүнө;
- 10 жылдан 15 жылга чейин - жыл сайын 35 календарлык сутка мөөнөтүнө;
- 15 жылдан 20 жылга чейин - жыл сайын 40 календарлык сутка мөөнөтүнө;
- 20 жыл жана андан ашык - жыл сайын 45 календардык сутка мөөнөтүнө.
Кызматкердин каалоосу боюнча иш өргүүсү экиге бөлүнүшү мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 календарлык күндөн кем болбоого тийиш.
Узактыгы 45 сутка болгон иш өргүүлөрү кызматын бийик тоолуу шартта (1500 метр жана андан ашкан бийиктикте) өтөп жатса, канча иштегенине карабастан берилет.
Кызматкерлердин кызматы жеңилдик шартта пенсия дайындоо үчүн иштеген жыл катары эсептелген жана узактыгы 45 сутканы түзгөн кезектеги өргүүгө чыгууга укук берген ыңгайсыз климаттык шарттагы жерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Кызмат өтөө шарттары өзгөчө татаал болгондугуна же өзгөчө кырдаалдарда кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу узартылган эс алууга муктаж болгон кызматкерлерге жыл сайын узактыгы 45 суткага чейин акы төлөнүүчү өргүү айрым бир учурларда БКМК төрагасынын чечими боюнча берилиши мүмкүн.
БКМК жарандык курамындагы мамлекеттик кызматчыларына узактыгы 30 календарлык күн болгон жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү өргүү иш ордун жана орточо эмгек акысын сактоо менен берилет.
Мамлекеттик кызматта 5, 10 жана 15 жылдан ашык иш стажы болгон учурда акы төлөнүүчү өргүү ага ылайык 2, 4 жана 6 календарлык күнгө узартылат.
Кызматка байланыштуу өтө зарыл болгон учурда кызматкерди кезектеги өргүүдөн чакырып алуу мүмкүн. Кызматкерди иш өргүүсүнөн чакырып алуу БКМК төрагасынын буйругу менен жол-жоболоштурулат.
Кызматкердин каалоосу боюнча өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү кийинки жыл үчүн кезектеги өргүүсүнө кошулуп берилиши мүмкүн.
Жашына, оорусуна, саламаттык абалынын чектелгендигине же штаттын кыскарышына байланыштуу баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошоп калган кызматкерлерге алардын каалоосу боюнча иштен бошогон жыл үчүн кезектеги өргүү берилет.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошоп калган кызматкерлерге иштен бошогон жылы пайдаланбай калган иш өргүүсү үчүн ошол жылы иштеген мезгилине жараша акчалай компенсация төлөнөт.
Ар жылдык өргүү буйруктар менен да, өргүү күбөлүктөрү менен да, ал эми өргүүнүн башка түрлөрү буйруктар менен гана жол-жоболоштурулат.
Иш өргүүгө чыккан кызматкерлерге кадрлар кызматы белгиленген формадагы өргүү күбөлүктөрүн берет. БКМК төрагасынын же мындай укук берилген башчынын уруксаты берилген кызматкердин рапорту өргүү берүү жана өргүү күбөлүгүн тапшыруу үчүн негиз болуп саналат.
Иш өргүүлөрүн берүү жөнүндө буйрук чыгарылбайт, өргүүнүн эсеби акчалай аттестаттарда жана өргүү күбөлүктөрүнүн дүмүрчөктөрү боюнча жүргүзүлөт, аларга өргүү берүү жөнүндө же кызматкерлердин жаңы кызмат ордуна кеткендиги же баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошотулгандыгы жөнүндө белги коюлат.
Бардык кызматкерлердин иш өргүүсүнө байланыштуу аларга өргүй турган жерине барып келүү үчүн убакыт берилет.
Өтүп жаткан жылда кызматтык зарылчылыкка байланыштуу иш өргүүсү пайдаланылбаса, анда кийинки жылдын биринчи кварталында өргүү милдеттүү түрдө берилет.
Кызматтын биринчи календарлык жылында кызматкерлерге иш өргүүсүн берген учурда наам ыйгарылган күнүнө же баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кадрларына киргизүүгө карабастан алар кызматка дайындалган күндөн тартып өткөн убакыт эске алынат.
Биринчи иш жылы үчүн иш өргүүсү, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген учурларды кошпогондо, эреже катары 11 айдан эрте берилбейт.
Өргүү учурунда ооруп калгандыгына байланыштуу кызматкердин иш өргүүсүн узартуу бул кызматкерлер кызматына кайтып келип жана убактылуу эмгекке жараксыздыгы жөнүндө дарылоо мекемесинин документин бергенден кийин ага өргүү берген башчы тарабынан жүргүзүлөт. Мында бул адамдардын иш өргүүсүндө болгон убактысы үзгүлтүккө учурабоого тийиш.
Иш өргүүдө болгон мезгилде ооруп калган кызматкер өргүү берилген мөөнөт бүткөнгө чейин тийиштүү башчысына (телеграф, телефон ж.б.) билдирүүгө милдеттүү.
Штаттык кызматта турбаган, БКМК кадрлар карамагында турган жана иш өргүүсү пайдаланылбаган кызматкерлерге бул өргүү, эреже катары кызматтан бошогондон (буйрукка киргенден) кийин дароо берилүүгө тийиш.
Мында кадрлардын карамагында болуунун чектүү мөөнөтү өргүүнүн узактыгына узартылат.
Иш өргүүдөн кийин кайтып келгенде кызматкер кадрлар кызматына өргүү күбөлүгүн (өргүүсүн өткөргөн жерге келген жана кеткен күндөрү жөнүндө белги коюлган) тапшырат.
77. Жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү кошумча өргүү иши өзгөчө мүнөздө болгон, жумуш күнү нормага салынбаган, эмгек шарттары зыяндуу, коркунучтуу болгон кызматта иштеген кызматкерлерге берилет.
Акы төлөнүүчү кошумча өргүүнүн узактыгы календарлык күндөр менен эсептелет жана Кыргыз Республикасы Өкмөтү тарабына аныкталат.
Кызматтын өзгөчө мүнөзү үчүн кошумча өргүү аткарган кызматы адамдын нервине, эмоциясына, акылына жана дене боюна өтө күч келтирүү менен байланышкан кызматтагылардын кесиптик иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн берилет.
Узактыгы 15 суткалык кошумча өргүү иштеген жылына, бийик тоолуу шартта (деңиз деңгээлинен 1500 метрден бийик) жана климаттык шарттары ыңгайсыз болгон жерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлердин бардыгына иштеген жылына карабастан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык берилет.
Кызматкер аялга анын арызы менен акы төлөнбөстөн баласы бир жарым жашка чыкканга чейин кошумча өргүү берилет. Тараптардын келишими менен бул мөөнөт бала 3 жашка чыкканга чейин узартылса болот.
78. Окууга байланыштуу өргүү кызматтан же иштен ажыратпастан билим алуу үчүн берилет. Мамлекеттик аккредитациясы бар жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарга окууга жөнөтүлгөн кызматкерлерге окуунун формасына карабастан бул уюмдарда ийгиликтүү окуган учурда БКМКнын жетекчилиги орточо кызмат акысын сактоо менен кошумча өргүү:
Окутуунун башка түрлөрү боюнча окууга байланыштуу өргүү берүүнүн гарантиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
79. Үй-бүлөлүк жагдайга жана башка жүйөлүү себептерге байланыштуу кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кызмат акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен жетекчинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Кызмат акысын сактабастан өргүү берүүнүн негиздери жана узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
80. Оорусу боюнча өргүү кызматкерлерге врачтын корутундусунун негизинде берилет. Оорусу боюнча өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзү менен аныкталат. Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарылоо мекемелеринде дарыланууда болуу убактысы мыйзамда дарыланууда болуунун алда канча узак мөөнөттөрү каралган учурларды кошпогондо, төрт айдан ашпоого тийиш. Оорусу боюнча өргүүдө жана дарыланууда үзгүлтүксүз болуунун белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин кызматкерлер алардын андан ары кызматка жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссиянын текшерүүсүнөн өтүүгө тийиш.
Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жарадар, контузия же майыптык алгандыгына байланыштуу баңгизаттарды көзөмөлдөө органынын кызматкеринин дарыланууда болуу убактысына чек коюлбайт. Көрсөтүлгөн кызматкерлер дарыланып бүткөндөн кийин же оорусу бир жаңсыл болгондон кийин медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Оорусуна байланыштуу өргүү кезектеги жыл сайын берилүүчү өргүүнүн эсебине кирбейт.
Кызматкер кызматынан бошотулганда оорусу боюнча өргүү берилбейт.
XV. Кызматкерлерди социалдык жактан коргоо
81. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө кызматкерлердин форма кийүүсүн карайт. Форма кийимдин үлгүлөрүн жана атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилерин, кызматкерлерди мүлктүк табылга менен жабдуунун ченемин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми форма кийүүнүн тартибин - БКМК төрагасы тарабынан белгиленет.
82. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынат.
83. Кызматкерлерге жана пенсионерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларында мамлекеттик кызматчылар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары жана пенсионерлери үчүн белгиленген бардык жеңилдиктер жана артыкчылыктар жайылтылат.
Жашына, көп жыл иштегендигине же оорусуна байланыштуу кызматтан бошогон Баңгизатты көзөмөлдөө органынын кызматкерлери БКМК өздүк курамы үчүн каралган жеңилдиктерден пайдалануу укугун сактайт.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк паегу же анын акчалай наркы менен камсыз кылынат.
Кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын салык Кодексине ылайык салык төлөөдөн бошотулат.
Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде кызматкерлерге, баңгизатка контролдук органда кызматтан бошогондорго жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилей алышат.
Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын каражаттарынын эсебинен (бюджеттик каражаттын чегинде) кызматкер башка жерге кызматка которулганда темир жол, аба жана автомобиль транспорту менен барууга жана жеке мүлкүн ташууга байланышкан чыгымдарды компенсациялоого укуктуу.
Узак жылдар иштегендигине байланыштуу пенсияга укуктуу болгон жана иштөөнү улантып жаткан кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кошумча акы төлөнөт.
84. Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте акысыз медициналык жана жеңилдетилген санаториялык-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат.
85. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү, жашы, саламаттыгы, штаттын кыскаруусу боюнча кызматтан бошоп калган жана 20 календардык жылдан кем иштебеген адамдар, ошондой эле баңгизаттарга контролдук боюнча органдын кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу дүйнөдөн кайткан кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак жай менен камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерден пайдаланат.
XVI. Кызматты токтотуу
86. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органында кызматты токтотууга негиздер төмөнкүлөр:
- баңгизаттарды контролдоо боюнча органынан бошонуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу;
- куралдуу күчтөргө же укук коргоо органдарына иш сапарга жөнөтүү;
- баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерин белгиленген тартипте дайынсыз жок деп табуу;
- баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин каза (курман) болушу;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине ылайык кызматкерге мурдагы ишин улантууга жол бербей турган жазаны дайындоо.
87. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамга жана ушул Жобого так ылайык жүргүзүлөт.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери төмөнкү негиздер боюнча кызматтан бошотулушу мүмкүн:
а) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 82-статьясына ылайык өз каалоосу боюнча;
б) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-статьясына ылайык, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын жетекчилигинин демилгеси боюнча төмөнкү учурларда:
а) уюмдун жоюлганда;
б) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде кайра уюштурууга байланыштуу кыскарылганда;
в) кызматкердин өзү ээлеген кызматка ылайык келбестиги:
- аттестациялоонун натыйжалары, оперативдүү-кызматтык ишинин төмөнкү натыйжалары жөнүндөгү справкалар жана башка маалыматтар менен ырасталган жетишсиз квалификациясы жана кызматтык жактан ылайык келбестиги;
- ооруга же саламаттык абалынын чектелгендигине байланыштуу - кызматка жарактуулугунун чектелгендиги жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде, ээлеген кызматына ылайык кызматтык милдеттерин саламаттыгына байланыштуу аткарууга мүмкүн болбогондо жана саламаттык абалын эске алуу менен ал кызматтык милдеттерди аткара ала турган кызмат орунуна кызмат боюнча башка ишке которуу мүмкүнчүлүгү жоктугу;
г) кызматтык тартипти одоно жана дайыма бузгандыгы үчүн (кызматкердин жүйөлүү себептерсиз кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбай коюшу, эгерде анын тартиптик жазасы болсо, кызматтык тартипти бузушу);
д) кызматкердин эмгектик милдеттерин бир нече жолу төмөнкүчө одоно бузуусу:
- ишке чыкпай коюу (иш күнүнүн ичинде жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумушка чыкпай калышы);
- кызматка алкоголдон, баңгизаттан же токсиндүү заттардан мас абалында келүү (медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же актынын негизинде);
- жумуш ордунда БКМК мүлкүн атайлап бузуу же уурдап кетүү;
- кызматкер өз милдетин аткаруусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган мамлекеттик, кызматтык же башка мыйзам тарабынан корголуучу сырды жарыя кылуу;
- БКМК кызматкери кызматка кирип жатканда алдын ала жалган маалыматтарды берүү;
- кызматкердин ушул Жободо жана баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча органдын башка ченемдик-укуктук актыларында белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбай коюусу;
- кызматкер күжүрмөн куралын жоготушу (буга кармашуу жана кылмыштуу кол салуу учурунда жоготуп алгандар кирбейт);
- кызматкерлер үчүн ушул Жободо жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамда белгиленген чектөөлөр сакталбаганда;
- айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмыш үчүн соттолгондугуна байланыштуу;
- ушул Жободо белгиленген чектүү куракка жеткенде;
- пенсияга укук берген кызмат мөөнөтү аяктаганда же контрактта каралган кызмат мөөнөтү аяктаганда;
- баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин жеке, адептик сапаттарына коюлуучу талаптарга ылайык келбеген жосунга жол берилгенде;
- БКМК карамагында болуу мөөнөтү аяктаганда;
- башка министрликтерге жана ведомстволорго ишке өткөндүгүнө байланыштуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна же башка мамлекеттин жарандыгы болгонуна байланыштуу;
- сынак мөөнөтүнүн жана эмгек келишиминде каралган мөөнөттүн аякташына байланыштуу;
- келишимдин шарттары бузулганына байланыштуу;
- кызматтык милдеттер менен шартталган жашыруун маалыматтарга жана мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарга уруксаттын токтотулушуна байланыштуу.
88. Баңгизаттарды көзөмөлдөө органынын жогорку башкаруучу курамынын атайын наамы бар кызматкерлерине, ошондой эле баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча кызматтын орто жана улук башкаруучу курамынын атайын наамы бар кызматкерлерине пенсияга чыгуу укугу менен иштен бошотулганда калыптуу кийим кийип жүрүүгө уруксат берилет.
89. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамына ээ болгон кызматкерлер баңгизаттарды контролдоо боюнча органда төмөнкү жашка чыкканча тура алышат:
- эркектер - 50 жашка;
- аялдар - 45 жашка чыкканга чейин.
Орто, улук жана жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамы бар кызматкерлер өздөрүнө ыйгарылган атайын наамдарга жараша төмөндөгү чектүү куракка жеткенге чейин баңгизаттарды көзөмөлдөө органында кызматта тура алышат:
- баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын кенже лейтенантынан баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын подполковнигине чейин - 50 жашка чейин;
- баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын полковниги - 55 жашка чейин;
- баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын генерал-майорлору - 60 жашка чейин.
Айрым бир учурларда берилген рапорттордун жана кызматка жарактуулук жөнүндө медициналык корутундунун негизинде БКМК төрагасы 50 жашка чыккан кенже башкаруучу курамга киргендердин кызмат мөөнөтүн 5 жылга чейин жана баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын подполковнигине чейинки офицерлерге 50 жашка чыккан учурда 5 жылга чейин узарта алат.
90. Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызматтарында турган баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин бошотуу БКМК төрагасынын буйругу менен, БКМК жетекчи кызматкерлерин бошотуу - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кызматкерлер алдыдагы бошотуулар жөнүндө, терс жүйөөлөр боюнча бошотулуучу кызматкерлерди кошпогондо, 2 айдан мурунтан кечиктирилбестен кабарландырылат.
Кызматтан өз каалоосу боюнча бошонууну каалаган кызматкерлер 2 жумалык мөөнөттүн ичинде бошотулууга жатат.
Дүйнөдөн кайткан, курман болгон, дайынсыз жок деп табылган кызматкерлер баңгизатка контролдук органынын өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Дүйнөдөн кайткандар ошол күндөн кийинки күндөн тартып (дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде), белгисиз жок болгондор соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып.
Кызматкерлерди баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан кызматтан бошотуу жөнүндө буйруктар, аларды алуу үчүн кызматкерлердин кадрдык кызматка келүүдөн баш тарткан учурларын кошпогондо, аларга ошол буйруктардын көчүрмөлөрүн тапшыруу менен, кол койдурулуп жарыяланат.
Ден соолугуна же кызматтык милдетин аткарууга тоскоол болгон квалификациясынын жетишсиздигинен кызматкер ээлеген кызматына же аткарган ишине ылайык келбегендигине байланыштуу иштен бошотулганда кызматкердин колу койдурулуп 2 жума мурда эскертилет. Алдын ала эскертүү мезгили ичинде кызматкер өзүнүн кызматтык милдетин аткара берет.
Кызматкер убактылуу эмгекке жараксыз болгон учурда жана өргүүдө болгон учурда кызматкерди иштен бошотууга жол берилбейт.
Аттестацияланган курамга кирген адамдар "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө" Мыйзамдын негизинде запаска (аскердик каттоого коюу менен) же отставкага (аскердик каттоодон чыгаруу менен) кызматтан бошотулат.
Кызматкер баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошотулгандан кийин тийиштүү документтер аскердик каттоого коюу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскер комиссариаттарына жөнөтүлөт.
91. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мамлекет тарабынан кепилденген пенсиялык камсыздоого укуктуу.
Кызматкерлерге пенсия дайындоо үчүн кызмат өтөгөн жылдарын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мында Куралдуу Күчтөрдөгү мөөнөттүү кызматы, кызматка киргенге чейинки бир жыл окуусун 6 ай кызматка теңөө менен эсептегенде беш жылга чейинки чекте жарандык жогорку жана атайын орто окуу жайлардын күндүзгү бөлүмдөрүндө (күндүзгү жана кечки окуу) окуган учуру баңгизаттарга контролдук боюнча органдын кызматкерлерине иштеген жылдарын эсептөөдө кошулуп эсептелет.
Көп жыл иштегендиги үчүн пенсия төмөндөгү өлчөмдө дайындалат: 20 жыл жана андан ашык иштеген кызматкерлерге: 20 жыл жана андан ашык көп жыл иштегендиги үчүн - 55 пайыз, ал эми жашы же ооруусу боюнча отставкага чыккандар - акчалай үлүшүнүн тийиштүү суммасынын 60 пайызы; 20 жылдан ашкан ар бир жыл үчүн - акчалай үлүшүнүн тийиштүү суммасынын 3 пайызы, бирок бардыгы болуп бул сумманын 80 пайызынан ашпайт.
Жалпы камсыздандыруу стажысы бар кызматкерлерге: эркектер - 25 жыл, аялдар - 20 календарлык жыл жана андан ашык болсо, анын ичинен 12 жыл жана 6 айдан кем эмес (эркектер) жана 10 жыл (аялдар) аскердик кызмат же укук коргоо ведомстволорундагы кызматы түзөт же атайын наам ыйгаруудан тартып: эркектерге 25 жыл үчүн, аялдарга 20 жыл үчүн - 55 пайыз жана ушул жылдардан ашкан стаждын ар бир жылы үчүн - акчалай үлүштүн тийиштүү суммасынын 1 пайызына кошулуп отурат.
92. Пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулуп жаткан кызматкерлер үчүн бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Ал эми пенсияга укук албастан бошотулганда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө иштен чыгуу жөлөкпулу төлөнөт.
Кызматта болуунун чектүү курагына жетип калгандыктан, оорудан, штат кыскартуудан, саламаттык абалынын чектелгендигинен улам баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча органдан бошогон кызматкерлерге төмөнкүдөй өлчөмдө иштен чыгуу жөлөкпулу (узак кызмат кылганда) төмөнкүчө төлөнөт:
10дон 15 календарлык жылга чейин - акчалай табылгасынын 10 айлык маянасы;
15тен 20 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 12 айлык маянасы, булардын ичинде өз каалоосу менен бошотулгандар да бар;
20дан 25 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 15 айлык маянасы, булардын ичинде өз каалоосу менен бошотулгандар да бар;
25тен 30 календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 18 айлык маянасы, булардын ичинде өз каалоосу менен бошотулгандар да бар;
30 жана андан ашык календарлык жылга чейин - акчалай үлүшүнүн 20 айлык маянасы, булардын ичинде өз каалоосу менен бошотулгандар да бар.
Башка негиздер боюнча бошотулган офицерлерге: акчалай үлүшүнүн эки айлык маянасы өлчөмүндө төлөнөт.
Кызматында тыныгуулар болгон кызматкерлер иштен бошотулганда соңку ишке кирген күндөн тартып иштеген мезгили эсепке алынат.
Кызматкердин наамын булгаган жосундары үчүн же кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу кызматтан бошотулган баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине ушул пунктта каралган жөлөкпул төлөнбөйт.
Кызматкерлердин баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызматта болгон убактысы алардын жалпы жана үзгүлтүксүз эмгек стажына, ошондой эле мамлекеттик кызмат жана адистиги боюнча иштөө стажына кошуп эсептелинет. Жеңилдик шарттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизмеге ылайык чегерилет.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан бошотулган жана бошотулгандан кийин үч айдан кечиктирилбестен ишке же окууга тапшырган кызматкерлерге туруктуу жашаган жерине көчүп барган убактысын эсептебегенде, БКМКда кызмат өтөгөн убактысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия жана жөлөкпул дайындоодо үзгүлтүксүз эмгек стажына кошулат.
XVII. Кызматына, атайын наамын жана кызмат ордун
калыбына келтирүү
93. Кызматы боюнча мыйзамсыз же негизсиз которулган, ээлеген кызматынан четтетилген же кызматынан төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын наамы төмөндөтүлгөн ошондой эле баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан мыйзамсыз бошотулган деп белгиленген тартипте таанылган кызматкерлердин тийиштүү кызматы, атайын наамы, кызматтагы орду калыбына келтирилүүгө тийиш.
Кызматын, атайын наамын, кызмат ордун калыбына келтирүү үчүн: кызматтык текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутунду, күчүнө кирген соттун чечими же кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте реабилитацияланган кызматкердин арызы негиз болот.
94. Реабилитациялоочу себептер менен баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат орду калыбына келтирилген кызматкерлерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу, пайыздык кошумчаларды төлөп берүү жана пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө эске алынуучу үзгүлтүксүз кызмат стажына алар иштен бошогон учурдан тартып кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюу күнүнө чейинки мезгил кошулуп эсептелинет.
95. Кылмыш үчүн соттолгондугуна байланыштуу кызматтан бошотулган, андан кийин белгиленген тартипте реабилитацияланган, ошондой эле кызматы боюнча мыйзамсыз же негизсиз которулган, ээлеген кызматтарынан бошотулган, кызматынан же атайын наамынан төмөндөтүлгөн, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдан кетирилген кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
XVIII. Корутунду жоболор
96. Мыйзамдуу кызматтык милдетин аткарууда курман болгон же кызмат өтөп жаткан мезгилде алган жаратынын, контузиясынын, оорусунун кесепетинен дүйнөдөн кайткан, ошондой эле 20 жылдан ашуун (календардык эсепте) кызмат өтөшкөн кызматкерлердин сөөгүн коюу баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын каржылоосуна бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат жана тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрдүн начальниктери тарабынан уюштурулат.
Кызматкердин, жубайынын сөөгүн коюуда маркумдун жакын туугандарына, мыйзамдуу өкүлүнө же сөөктү коюу милдетин өзүнө алган башка адамга тийиштүү жерде калыптанып калган сөөктү коюуга кетүүчү минималдык чыгымдардын өлчөмүндө сөөктү коюуга маркум мамлекеттик кызматта иштеген мамлекеттик орган тарабынан жөлөкпул берилет.
Кызматкерлерди коюуда урмат көрсөтүү тартиби БКМК төрагасы тарабынан аныкталат.
97. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери дүйнөдөн кайткан учурда ал ошого чейин албай калган акчалай маянасы жана ай сайын төлөнүүчү кошумча үлүштөрү (мунун ичинде кызматкер дүйнөдөн кайткан толук ай үчүн) аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же эмгекке жараксыздыгынан улам маркумдун багуусунда болгон адамдарга төлөнүп берилет. Мындан тышкары, аларга кызматкердин көзү тирүү кезде алуу укугу пайда болгон бир жолку мүнөздөгү акчалай үлүш төлөнөт.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө ошондой эле кызматкер пайдаланбай калган иш өргүүсү үчүн компенсация төлөнөт.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан күндөн тартып үч жылдын ичинде кайрылышса, маркумдун мураскорлоруна акчалай үлүш төлөнүп берилет.
98. Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө шарттарынын сакталышын түздөн-түз көзөмөлдөөнү БКМК төрагасы, ошондой эле тийешелүү кызматтардын жана түзүмдүк бөлүктөрдүн башчылары жүзөгө ашырышат.
Баңгизаттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн мыйзамдуулугунун жана шарттарынын сакталышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.
99. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө Жобо бузулган, кызматкерлерди укуктук жана социалдык коргоо кепилдиктери сакталбаган учурларда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартышат.