КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 31-марты ПЖ № 70
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
(КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августтагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик кызмат органдары" бөлүмүнүн III тобунун алтынчы сабы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы № 70 Жарлыгына тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)