Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 20-апрели № 52

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113, 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2008-жылдын 29-майындагы № 100, 2014-жылдын 22-майындагы № 73 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

 

 

1998-жылдын 26-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

 

I Бөлүм.   Жалпы жоболор

II Бөлүм.  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы

           мамлекеттик саясат

III Бөлүм. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча

           негизги талаптар

IV Бөлүм.  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы

           мамлекеттик көзөмөл жана контроль

V Бөлүм.   Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз

           Республикасынын мыйзамдарын бузуудагы жоопкерчилик

VI Бөлүм.  Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери

VII Бөлүм. Корутунду жоболор

 

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун Камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктайт.

 

1-статья. Ушул Мыйзамдын милдеттери

 

Ушул Мыйзамдын милдеттери катары граждандардын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн сактоо, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын залалдарын төмөндөтүү аркылуу коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

 

2-статья. Негизги терминдер

 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер колдонулат:

транспорт каражатынын айдоочусу - транспорт каражатын башкарууга укугу бар адам;

жол кыймылы - транспорт каражаттары менен же алардын жардамысыз эле адамдардын жана жүктөрдүн ордун которуштуруу процессинде пайда болгон коомдук мамилелердин топтому;

жол кыймылынын коопсуздугу - жол кырсыктарынан жана анын залалдарынан бул процесске катышуучуларды сактоо даражасын чагылдырган абал;

жол-транспорт кырсыгы - транспорт каражаты жана анын катышуусу менен жолдо жүрүү процессинде адамдардын өлүмгө кириптер болушу же жаракат алышы, транспорт каражаттарынын, курулуштун, жүктүн зыянга учурашы же материалдык чыгымга учуроосу;

жол кыймылынын кропсуздугун камсыз кылуу - жол кырсыктарынын болуш себептеринин алдын алууга, келтирүүчү залалдарын жеңилдетүүгө багытталган иш-аракет;

жол кыймылынын катышуучусу - транспорт каражатынын айдоочусу, мал айдоочу, жөө жүрүүчү же транспорт каражаттарынын жүргүнчүсү катарында жолдо жүрүү процессине тикелей катышкан адам;

жол кыймылын уюштуруу - жолдо жүрүүнү башкарууга арналган укуктук-уюштуруу, техникалык-уюштуруу иш-чараларынын жана тескөө аракеттеринин комплекси;

жол - транспорт каражаттарынын жүрүшү үчүн жасалган же ыңгайлаштырылган жер тилкеси же жасалма курулуштун үстүңкү бети. Жол бир же бир нече жүрүүгө арналган бөлүктөрдү, ошондой эле жанжолду (тротуар), жол четин, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелерин, бак-дарактарды, газондорду, арыктарды жана башка сугат тармактарын жана (эгер бар болсо) бөлүштүргүч тилкелерди өз ичине камтыйт;

транспорт каражаты - адамдарды жана жүктөрдү же атайын орнотулган жабдыктарды, ошондой эле тракторлорду жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жол аркылуу ташууга арналган унаа.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2007-жылдын 5-февралындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптери

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- чарбалык ишкердүүлүктүн экономикалык натыйжалары үчүн жол кыймылына катышкан граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна артыкчылык берүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда граждандардын, коом менен мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоо;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерге программалык - максаттуу мамиле жасоо.

 

4-статья. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 

Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

 

II БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ

КЫЛУУ ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ

 

5-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги багыттары

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүчө ишке ашырылат:

- аткаруу бийлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо аркылуу;

- жол кырсыктарын алдын алуу жана келтирүүчү залалдарын жеңилдетүү максатында аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, юридикалык жана жеке жактардын иш-аракеттерин өз ара шайкеш келтирүү аркылуу;

- автомобиль, шаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспортторунда жана жол чарбасында аткарылуучу иш-аракеттерди жөнгө салуу аркылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча белгиленген тартипте ченемдик укуктук актыларын, эрежелерди, стандарттарды, техникалык өлчөмдөрдү жана башка ченемдик документтерди иштеп чыгуу аркылуу;

- жол кыймылын уюштуруу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу аркылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иш-чараларды материалдык жана каржылык Жактан камсыздандыруу аркылуу;

- транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу аркылуу;

- транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо жана жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелери менен талаптарына граждандарды үйрөтүү иштерин уюштуруу аркылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин өткөрүү аркылуу;

- транспорт менен жол чарбасынын объектилерин, продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү түрдө сертификациялоо аркылуу;

- транспортто жүрүүнү камсыздандыруу тармагындагы социалдык багыттуу саясатты ишке ашыруу аркылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эрежелердин, стандарттардын, техникалык өлчөмдөрдүн жана башка ченемдик документтердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүү аркылуу.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113, 2007-жылдын 5-февралындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

6-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына төмөнкүлөр алынат:

- Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктоо;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча эрежелердин, стандарттардын, техникалык өлчөмдөрдүн жана башка ченемдик документтердин бирдиктүү тутумун аныктоо;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен ушул Мыйзамга ылайык келишин контролдоо;

- жол кыймылынын Коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылган органдарды түзүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун чыңдоо программасын иштеп чыгуу менен бекитүү жана алардын каржылоосун камсыз кылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздандыруу боюнча атайын фонд түзүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында аткаруу бийлик органдары алардын жана анын регионалдык структуралары тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду уюштуруу жана ишке ашыруу;

- жол кыймылынын Коопсуздугун камсыз кылуу жагында органдардын иш-аракеттерин шайкеш келтирүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү укугу.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн ишке ашырууну аларга бере алат.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин өз алдынча чечет.

4. Кыргыз Республикасынын жолдорунда МАИнин, Бажы инспекциясынын станционардык постторун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча гана ишке ашырылат.

 

7-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди лицензиялоо

 

Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу иш-аракеттерди лицензиялоонун түрлөрү жана тартиби "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат жана жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, расмий тил менен айырмачылыктар бар жана ушул статьяда 3-пункт жок.

 

8-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына коомдук бирикмелердин катышы

 

Жолдо жүрүүгө катышкан граждандардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөрүлгөн коомдук бирикмелер жол кырсыктарын алдын алууда жана ал уюмдардын мүчөлөрүнүн жамааттык аракеттерин бириктирүү максатында алардын уставына ылайык жана мыйзамда бекитилген тартипте төмөнкүлөрдү аткарууга укуктуу:

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу органдарына тийиштүү иш-чараларды өткөрүүгө, эрежелерди, стандарттык, техникалык өлчөмдөрдү жана башка техникалык документтерди өркүндөтүүгө байланыштуу сунуштарды киргизүүгө;

- коомдук бирикмелердин мүчөлөрүнүн талабы боюнча жол кырсыктарынын болуш себептерин жана жагдайларын иликтөө жүргүзүүгө, буга байланыштуу материалдарды прокуратурага өткөрүп берүүгө жана сотто өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жактоого;

- жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө.

 

9-статья. Жол жүрүүдөгү коопсуздук абалынын негизги көрсөткүчтөрүн мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздук абалынын негизги көрсөткүчтөрүн эсепке алуу жүргүзүлөт. Мындай көрсөткүч катары жол кырсыктарынын, андан жана чеккен граждандардын, унаа каражаттарынын, айдоочулардын, бузулган транспорт каражаттарынын, жол кыймылындагы администрациялык укук бузуучулуктун жана кылмыш иштеринин саны, ошондой эле жолдо жүрүүдөгү коопсуздук абалын жана муну камсыздандыруу үчүн аткарган иш-аракеттердин натыйжасын чагылдырган башка көрсөткүчтөр эсептелет.

2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик эсепке алууну Жүргүзүү, эсепке алынган маалыматтарды пайдалануу жана отчеттук маалыматтарды түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

III БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ

КЫЛУУ БОЮНЧА НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР

 

10-статья. Жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо учурунда жод кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуусу тийиш. Курулган жана жаңыртылган жолдордун курулуш ченемдери, эрежелери, стандарттары жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик башка документтерге шайкеш келиши жолду кабыл алуу актысы менен тастыкталат. Жолду кабыл алуу актысы өз укугунун чегинде аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дайындаган комиссия тарабынан белгиленген тартип боюнча жүргүзүлгөн контролдоо, иликтөө жана сыноо иштеринин натыйжасынын негизинде берилет.

2. Долбоорлоо этабында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген талаптарга жолдун жооп беришине байланыштуу жоопкерчилик Долбоорду аткаруучуга, ал эми куруу жана реконструкциялоо учурундагы жоопкерчилик ал жумушту аткаруучуга жүктөлөт.

3. Жолдорду долбоорлордо, курууда жана эксплуатациялоодо жол кыймылынын коопсуздугуна кедерги болуучу инженердик чечимдерди кабыл алуунун эсебинен капиталдык чыгымдарды төмөндөтүүгө жол берилбейт.

 

11-статья. Жолдорду оңдоодо жана кармоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдорду оңдоо жана кармоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга кызмат кылышы зарыл. Жолдордун абалынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эрежелерге, стандарттарга, техникалык ченемдерине жана башка ченемдик документтерге шайкеш келиши аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын катышуусунда жүргүзүлгөн жолдорду контролдоонун же иликтөөнүн актылары аркылуу тастыкталат.

2. Жолдордун оңдолгондон кийинки жана пайдалануу учурундагы абалынын бекитилген эрежелерге, стандарттарга, техникалык ченемдерге жана башка ченемдик документтерге шайкеш келиши боюнча милдет, ал жолдор кайсы аткаруу бийлигинин органынын карамагында болсо, ошол органга жүктөлөт.

 

12-статья. Жолдорду кызмат көрсөтүү объектилери менен жабдуу

 

1. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, эгерде автомобиль жолдору алардын карамагында болсо, кызмат көрсөтүү объектилеринин долбоорлоо ченемдерине, курулуш пландарына жана башка схемасына ылайык ал жолдорду аталган объектилер менен жабдууга чара көрөт, жол кыймылынын катышуучуларынын талаптарын канааттандыруу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тийиштүү иштерди уюштурат, аларга мындай объекттер жана жакын жайгашкан саламаттыкты сактоо, байланыш мекемелери туурасындагы маалыматтарды, ошондой эле жолдун тийиштүү бөлүктөрүндөгү жол кыймылынын коопсуздук шарты жөнүндөгү маалыматтарды берет.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде аныкталуучу калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлеринде автомобилъ транспорту үчүн акы төлөп токтотуучу жана коюучу жайларды уюштурууга жана курууга тыюу салынат.

2. Жолдорду кармоону тийиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыктан, күтүлбөгөн окуялардын жана жол транспорт кырсыктарынын келип чыгышына алып келсе, күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Жолдордогу кыймылдын чектелиши же токтотулушу

 

1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө жана токтотуу мындай укук ыйгарылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынарн алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.

2. Жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө же токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде тастыкталат.

 

14-статья. Транспорт каражаттарын жана алардын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдууларын, запастык бөлүктөрү менен шаймандарын жасоодо жана сатып өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

 

1. Кыргыз Республикасында даярдалган же 6 айдан ашык эмес мөөнөттөгү чет өлкөдөн алыный келинген жана бул аймакта жолдо жүрүүгө арналган транспорт каражаттары, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, тийешеси бар транспорт каражаттарынын түзүлүштөрүнүн курама бөлүктөрү, кошумча жабдык буюмдары, запастык бөлүктөрү жана шайман тетиктери аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдары тарарынан бекитилген эреже, иш-чараларга ылайык милдеттүү түрдө сертификациядан өткөрүлөт.

2. Кыргыз Республикасырын аймагында таратыла турган транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугунун тастыкталган талаптарына шайкеш келерин аныктоо боюнча бекитилген тартипте берилген шайкештик сертификаты же аны күбөлөндүргөн башка документи жок ал каражаттардын конструкцияларынын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдык буюмдарын жана шайман тетиктерин даярдоодогу даярдоочунун (сатуучу же аткаруучунун) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдо жүрүүгө арналган транспорт каражаттарынын (эл аралык жол жүрүүгө катышкандардан же 6 айдан ашык эмес мөөнөттөгү чет өлкөдөн алып келингендерден башкасынын) жол жүрүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды каттоо жана тийиштүү документ берүү аркылуу ишке ашырылат. Жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына шайкештигин күбөлөндүргөн документи жок транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынат.

4. Каттоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын жол жүрүү коопсуздугун камсыз кылууга таасирин тийгизе турган конструкцияларына, анын ичинде курама бөлүктөрүнүн конструкциясына, кошумча жабдык буюмдарына, запастык бөлүктөрүнө жана шайман тетиктерине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин аларды кайрадан сертификациялоо зарыл.

 

15-статья. Унаа каражаттарын пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

 

1. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана жабдуулары жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуусу зарыл.

2. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарын техникалык жактан шайма-шай абалда кармоо милдети менчиктин түрүнө карабай ошол транспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт.

 

16-статья. Транспорт каражаттарын мамлекеттик техникалык кароо

 

1. Кыргыз Республикасырын аймагында пайдаланылып жаткан жана белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттары бири да калбай милдеттүү түрдө мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүлөт.

2. Транспорт каражаттарынын базасында орнотулган, коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу жабдууларды же техникалык түзүлмөлөрдү мамлекеттик техникалык кароо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өндүрүш коопсуздугуна көзөмөл кылуу жана тоо көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция органдары тарабынан жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик техникалык кароо жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

 

1. Транспорт каражаттарын шайма-шай абалда кармоо максатында аларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо иштери жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга кызмат кылуусу зарыл.

2. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоонун ченем, эреже, процедуралары аларды пайдалануу шартын эсепке алуу менен даярдоочу завод тарабынан аныкталат.

3. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштарды аткарган жана кызмат көрсөткөн юридикалык жак менен жеке ишкерлер аталган иштерди жана кызматтарды аткаруу боюнча лицензияга жана шайкештик сертификатына ээ болууга жана белгиленген ченем эрежелерге ылайык иш кызмат өтөөгө милдеттүү.

4. Техникалык жактан тейлөө жана оңдоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол жүрүүгө катышкан транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана жабдылышы белгиленген тартиптеги талаптарга жооп бериши керек, аталган жумуш же кызмат аткаруучу тарабынан берилүүчү тийиштүү документ аркылуу күбөлөндүрүлүшү зарыл.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, расмий тил менен айырмачылыктар бар.

 

18-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуунун негиздери жана тартиптери

 

1. Алардагы жол кыймыдынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү техникалык жактан бузук транспорт каражаттарын таптакыр пайдаланууга тыюу салынат.

Транспорт каражаттарынын бузуктугунун толук тизмеси жана аларды пайдалануунун тыюу салынган Шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу иштери мындай укук ыйгарылган кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

19-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланыштуу иш-аракеттерди аткарууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга коюлуучу негизги талаптар

 

1. Транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына иш-аракеттерди аткарып жаткан юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган талаптарга ылайык айдоочулардын ишин уюштурууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айдоочулардын эмгек жана эс алуу эрежелерин сактоо;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана автотранспорт менен шаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспортторун айдоочулары жана башка кызматкерлеринин адистигин жогорулатуу боюнча шарттарды түзүүгө;

- өздөрүнө таандык транспорт каражаттарынын катышуусу менен жол кырсыктарынын жана жол кыймылынын эрежелеринин бузулуш себептерин талдоого жана четтетүүгө;

- саламаттыкты сактоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен айдоочуларды рейс алдындагы медициналык текшерүүдөн өткөрүү, жол кырсыктарына кириптер болгон адамдарга дарыгерге чейинки медициналык жардам берүүгө; айдоочуларды машыктыруу иш чараларын уюштурууга жана жүргүзүүгө;

- транспорт каражаттарынын техникалык абалынын жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына шайкеш келишин камсыз кылууга жана жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген бузук транспорт каражаттарды пайдаланууга тыюу салууга.

2. Жол кыймылынын коопсуздугун бузууга аракеттенген транспорт каражаттарынын айдоочуларына кандай гана мүнөздө болсо да юридикалык жана жеке жактар тараптан мажбурлоо же колдоо көрсөтүүгө тыюу салынат.

3. Автомобиль жана жаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспорту аркылуу ташуу жумушун аткарган юридикалык жактар ташуунун бөтөнчөлүгүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде атайын эрежелерди белгилөө менен учурдагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти төмөндөтпөй туруп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында транспорт каражаттарынын айдоочуларына кошумча талаптарды кое алат.

 

20-статья. Жолдо жүрүүнү уюштуруу боюнча иш чаралар

 

1. Жол кыймылын уюштуруу боюнча иш-чаралар аткаруучу бийликтин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан, эгерде автомобиль жолдору алардын карамагында болсо, жол жүрүү коопсуздугун бекемдөө жана жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көтөрүү максатында ишке ашырылат.

2. Аталган иш чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү жагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген тартипте бекитилүүчү долбоор, чийме жана башка документтердин негизинде ишке ашырылат.

 

21-статья. Уюштуруу процессиндеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар

 

1. Жол кыймылын уюштуруу боюнча иш аракеттердин колдонулушу Кыргыз Республикасынын учурдагы стандарттарында белгиленген жана жол кыймылын уюштуруунун долбоор, чиймелеринде каралган техникалык каражаттар менен конструкцияларды чогуу пайдалануунун негизинде жүргүзүлөт.

2. Жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган же башка максатты көздөгөн жол кыймылын уюштуруудагы өзгөртүүлөрдүн болушуна тыюу салынат.

3. Жол кыймылынын коопсуздугуна чыныгы коркунуч туулган өтө зарыл учурда транспорт каражаттары менен жөө жүрүүчүлөрдүн жолдо жүрүшүн уюштурууну өзгөртүү иштери атайын укук ыйгарылган Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын же Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кийин кабарлоо аркылуу жол жана коммуналдык кызматтын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдо жүрүүнүн бирдиктүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жол кыймылынын эрежелери аркылуу аныкталат.

5. Кыргыз Республикасынын жолдорунда транспорт каражаттарынын жолдун оң жагы менен жүрүү тартиби бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2008-жылдын 29-майындагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

22-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу

 

1. Жол кыймылынын кропсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу деп - транспорт каражаттарын айдоочуларды жана айдоочуга талапкерлерди милдеттүү түрдө медициналык жактан күбөлөндүрүү жана кайра күбөлөндүрүү, айдоочулауды рейске чейинки, рейстен кийинки жана рейс учурундагы медициналык жактан текшерүүдөн өткөрүү, жол кырсыгынан жана чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү, жолдо жүрүүнүн катышуучуларын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана башка атайын бөлүктөрдүн кызмат адамдарын, ошондой эле жалпы калкты жол кырсыгынан жана чеккендерге дарыгерге чейинки жардам көрсөтүүгө үйрөтүү эсептелет.

2. Милдеттүү түрдө медициналык күбөлөндүрүүнүн жана кайра күбөлөндүрүүнүн максаты болуп транспорт каражаттарын айдоочуларынын жана айдоочуга талапкерлеринин айдоо кызматын өтөөгө медициналык жактан жол берилбеген же чектелген жактары бар экендиган аныктоо эсептелет.

3. Жол кырсыгынан жапа чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү деп төмөнкүлөр эсептелет:

- жол кырсыгы болуп өткөн жерде дарыгерге чейинки жардамдын берилиши;

- жол кырсыгы болуп өткөн жерде, дарылоо мекемесине бараткан жолдо же дарылоо мекемесинин ичинде квалификациялуу медициналык жардамдын берилиши.

4. Милдеттүү түрдө медициналык текшерүүнүн мөөнөтү, аны өткөрүү тартиби, медициналык жактан саламаттыгы карама-каршы келгендердин тизмеси (мындай учурда Кыргыз Республикасынын гражданы транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылат), ошондой эле жол кырсыгынан жана чеккендерге медициналык жардамдын берилишин уюштуруу тартиби тийиштүү мыйзам аркылуу аныкталат.

 

23-статья. Жол кыймылынын катышуучуларынын укугу жана милдеттери

 

1. Граждандардын Кыргыз Республикасынын жолдорунда коопсуздук шартында жүрүү укугу мамлекет тарабынан гарантияланат жана ал Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин аткаруу аркылуу камсыздандырылат.

2. Жол кыймылынын катышуучулары тарабынан өз укугун ишке ашырууда башка катышуучулардын укугун чектөөгө же бузууга жол берилбеши керек.

3. Жол кыймылынын катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:

- белгиленген эрежелерге ылайык жана алардын негизинде эркин жана тоскоолдуксуз жолдордо жүрүүгө, аткаруу бийлигинин органдарынан жана ушул Мыйзамдын 12-статьясында көрсөтүлгөн жактардан жол жүрүүнүн коопсуз деп эсептелген шарттары жөнүндөгү анык маалыматты алууга;

- ушул Мыйзамдын 13-статьясында көрсөтүлгөн кызмат адамдарынан жолдо жүрүү боюнча бекитилген чектөөлөр менен тыюу салуулардын себеби жөнүндөгү маалыматты алууга;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу продукциянын жана кызматтын сапаты жөнүндө толук жана анык маалыматты алууга;

- мыйзамда жана башка ченемдик актыларда же берилген лицензиялардын талаптарында жардам берүү милдеттери жүктөлгөн мекемелерден жана (же) кызмат адамдарынан жол кырсыгына туш болгон учурда медициналык, куткаруу иштерине байланыштуу жана башка өтө шашылыш түрдө берилүүчү жардамдарды бекер алууга;

- жол кырсыгынын натыйжасында денесинен жаракат алса, ошондой эле унаа каражаты же жүгү зыянга учураса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча келтирилген зыянды төлөтүп алууга;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ыйгарым укугун ишке ашыруучу кызмат адамдарынын мыйзамсыз жүргүзгөн иш-аракеттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча жана алардын негизине даттануу иштерин жүргүзүүгө.

4. Жол кыймылынын катышуучулары жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу жагынан ушул Мыйзамдын жана ага ылайык чыгарылуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарууга милдеттүү.

 

24-статья. Автомототравспорт каражаттарын каттоонун жана эсепке алуунун шарттары

 

1. Юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын граждандары өздөрүнө таандык болгон автомототранспорт каражаттарын, алардын техникалык абалына карабастан, алган учурдан баштап 5 күндүк мөөнөт ичинде каттоодон же, тийиштүү зарылдык келип чыкса, кайта каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

11. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алынып келинген жана пайдаланылып жаткан жер үстүндө жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого жатат.

2. Бардык автомобилдер, автомобиль сүйрөгүчтөр, мотоциклдер, мотоколяскалар, моточаналар, мопеддер каттоого жатат:

- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб.смден кем эмес;

- максималдуу конструктивдик ылдамдыгы саатына 50 кмден ашкан;

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү·үчүн арналган электр кыймылдаткычы бар жүк көтөрүмдүүлүгү 500 кгдан ашкан.

Тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, транспорт каражаттары менен сүйрөлүүчү чиркемелер, жарым чиркемелер да каттоого жатат.

3. Граждандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаттары бир гана ээлик кылуучуга катталат.

4. Юридикалык же жеке жактарга таандык болгон тракторлор, трактор прицептери, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, ичтен күйүүчү кыймылдаткычы бар стационардык технологиялык установкалар транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү бөдүмдөрү тарабынан каттоодон өткөрүлөт.

5. Белгиленген тартип боюнча каттоодон өткөрүлбөгөн аталган транспорт каражаттарын пайдаланып иштетүүгө тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 22-майындагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 22-майындагы № 73 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, текстте министрликтин толук аталышына дал келбейт

 

25-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болуунун шарттары

 

1. Ушул статьяда белгиленген куракка жеткен жана айдоочулук ишти аткарууга карама-каршы келбеген чектөөлөрү болбогон Кыргыз Республикасынын граждандары тийиштүү даярдыктан кийин транспорт каражаттарын башкаруу укугуй алуу сынактарына киргизилиши мүмкүн.

2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу төмөнкүдөй берилет:

- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВтка чейинки каз тамандуу жана дөңгөлөктүү тракторлорду ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;

- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВттан 77,2 кВтка чейинки дөңгөлөктүү тракторлорду ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгиси бар он жети жашка чыккан адамдарга;

- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВттан жогору дөңгөлөктүү тракторлорду ("В" категориясы) - "А", "Б" графаларында уруксат берилген белгиси жана бир жылдык үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 25,7 кВттан жогору каз тамандуу тракторлорду ("Г" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгиси жана бир жылдык үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- өзү·жүрүүчү айыл чарба машиналарын ("Д" категориясы) - "А", "Б" графаларында уруксат берилген белгиси бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.мге чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Е" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларында уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.мден жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Е1" категориясы) - "А", "Б", "В", "Е" графаларында уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз айдоочулук иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.смден жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) ("А1" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;

- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.смден жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашкан мотоциклдерди ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;

- мотордоштурулган трициклдерди жана квадроциклдерди ("В1" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;

- уруксат, берилген максималдык массасы 3500 кгдан ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) ("В" категориясы) - он жети жашка чыккан адамдарга;

- "D" категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан, бирок 7500 кгдан ашпаган автомобилдерди ("С1" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- "D" категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кгдан ашкан автомобилдерди ("С" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- жүргүнчүлөрдү ташуу·үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди ("D" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;

- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди ("D" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;

- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди ("ВЕ" категориясы) - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган "С" категориясындагы автомобилдерди ("СIЕ категориясы) - үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз·айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;

- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, "С" категориясындагы автомобилдерди ("СЕ" категориясы) - үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;

- чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан. бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган "D1" категориясына тиешелүү автомобилдерди ("DIE" категориясына тиешелүү) - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;

- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан "D" категориясындагы автомобилдерди ("DE"' категориясы) - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга.

Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2014-жылдын 22-майындагы № 73 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

26-статья. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча негизги талаптар

 

1. Тийиштүү категориядагы транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоонун окуу пландары менен программаларында каралган көлөмгө ылайык даярдоодон (же кайта даярдоодон) өткөн граждандарга транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуу сынактарын берүүгө уруксат берилет.

2. Өз алдынча даярдыктар өтүп, бирок аткарган ишинин мүнөзүнө байланыштуу же башка себептерден улам белгиленген тартипке ылайык сабактарга катыша албай калган адамдарга өзгөчө тартип менен сынак берүүгө уруксат кылынат.

3. Тийиштүү категориядагы транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоонун типтүү программалары - мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде Кургыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартип боюнча мындай укук ыйгарылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан иштеп чыгарылат.

 

27-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болуу

 

1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык адистик сынактарды ийгиликтүү тапшыргандарга берилет.

2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу тийиштүү күбөлүк менен тастыкталат. Кыргыз Республикасынын аймагында айдоочунун улуттук жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин талаптарына туура келген эл аралык күбөлүктөрү кызмат өтөйт.

3. Адистик сынактарды тапшыруу жана айдоочунун күбөлүгүн, ошондой эле тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

28-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери

 

1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуунун негиздери деп төмөнкүлөр эсептелет:

- айдоочунун күбөлүгүнүн жарактуулугу белгиленген мөөнөттөн өтүшү;

- медициналык бүтүм менен бекемделген жана транспорт каражаттарын башкаруу коопсуздугуна жолтоо болгон учурдагы айдоочунун ден соолугунун начарлашы;

- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылышы.

2. Жоопкерчилик чарасы катары транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылышына же мындай укукту чектөөгө алып келген укук бузуулардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу аныкталат.

 

29-статья. Автомобиль жолдорунда жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды үйрөтүү

 

1. Жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды милдеттүү түрдө үйрөтүү билим берүү; ишин аткарууга лицензия алган түрдүү уюштуруу-укуктук формадагы мектепке чейинки, жалпы жана адистик билим берүү мекемелеринде автомобиль жолдорунда, белгиленген тартипте ж.б.у.с. жүргүзүлөт.

2. Автомобиль жолдорунда жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин граждандарга үйрөтүү транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан иштелип чыккан типтүү программалар менен усулдук сунуштарга ылайык жүргүзүлөт.

3. Жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды милдеттүү түрдө үйрөтүү жөнүндөгү жободор билим берүүнүн тийиштүү мамлекеттик стандарттарына киргизилет.

4. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин органдары жана мамлекеттик массалык маалымат каражаттары жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин граждандарга үйрөтүү боюнча аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга жардам берүүгө милдеттүү.

 

IV БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ

ЖААТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛ ЖАНА КОНТРОЛЬ

 

30-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль

 

1. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулат жана жүргүзүлөт.

2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тиешеси бар эрежелерди, стандарттарды, техникалык ченемдерди жана башка ченемдик актыларды сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

 

V БӨЛҮМ. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУ ЖӨНҮНДӨ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН БУЗУУДАГЫ ЖООПКЕРЧИЛИК

 

31-статья. Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуудагы жоопкерчилик

 

Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу белгиленген тартип боюнча дисциплинардык, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликтерине алып келет.

 

VI БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК

КЕЛИШИМДЕРИ

 

32-статья. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери колдонулат.

 

VII БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

33-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Акаев