Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ N 121 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 13-сентябры ПЖ № 237

Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө

Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш түзүлсүн.

2. Эл аралык "Манас" аэропортунда транзиттик ташуулар Борборунун финансылык ишинин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча Кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева