ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы»Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 18-октябры ПЖ № 257

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты уюштуруу системасын андан ары өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- (КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жободо:

бүтүндөй текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

13-пункттун үчүнчү абзацындагы "Улуттук агенттиктин директору же анын орунбасары" деген сөздөр "Улуттук агенттиктин директору же статс-катчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

20-пунктта:

экинчи сүйлөмдөгү "орунбасары" деген сөз "статс-катчысы" деген сөз менен алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Аттестация үч этапта өткөрүлөт: тестирлөө, жазуу тапшырмасы жана аңгемелешүү.".

(КР Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р.Отунбаева