Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 15-февралы ПЖ № 39
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө Жободо:
- 16-пункттагы "15 мүчөдөн турат жана" сөздөр алып салынсын;
- 161-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"161. Комиссиянын ишине жетекчилик анын тең төрагалары тарабынан Комиссия белгилеген тартипте жүргүзүлөт.";
- 17-пункттагы "төрагасы" деген сөз "тең төрагалары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
Тиркеме
Ниязов Ф.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси,
Комиссиянын тең төрагасы;
Каптагаев Э.С. - коомдук ишмер, Комиссиянын тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
Комиссиянын мүчөлөрү:
Аттокуров Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук
башталыштагы жардамчысы;
Муратов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысы;
Досбаев Ы.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын
стратегиялык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг
жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;
Нарбаев К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш
жана региондук өнүктүрүү Мамлекеттик
агенттиктин директору;
Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
статс-катчысы;
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин
орун басары;
Дюшембиев Б.О. - Бишкек шаарынын вице-мэри;
Тойматов С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо
министрлигинин медициналык жардамды
уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;
Адыбаев К.Ж. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Баткулов М. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын
орун басары (макулдашуу боюнча);
Жузубалиев Т.Ж. - "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү
(макулдашуу боюнча);
Казиев З. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин төрагасынын
орун басары (макулдашуу боюнча);
Айдабосунова Н.И. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү
(макулдашуу боюнча);
Биянки М. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү
(макулдашуу боюнча).