ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 2012-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 48 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы»Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө«Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу» жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 20-февралы ПЖ № 48

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев