Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ № 202 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 17-январы ПЖ № 6
Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияны түзүү жөнүндө
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу менен башталган кайра түзүүлөр маанилүү курамдын бири катары соттук реформаны карайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан судьялар корпусун жаңылоонун тартибин жөнгө салган, ошондой эле сот системасынын кээ бир башка маселелерин чечкен бир катар мыйзамдарга демилге кылынган жана кабыл алынган.
Бирок, соттук реформаны жүргүзүү милдеттерин жана жолдорун аныктоодо мамлекеттик бийликтин органдарынын ортосунда талаптагыдай координациялоонун жоктугунан, ошондой эле айрым мыйзамдык чечимдердин жетиштүү ойлонуштурулбагандыгынан улам кабыл алынган мыйзамдар кыйынчылыктарды түздү, аларды жоюу комплекстүү мамилени жана ырааттуу аракеттерди талап кылат.
Сот системасын реформалоо боюнча макулдашылган иштин, муну менен бирге узак мөөнөттүү жана ар тараптан ойлонуштурулган чечимдерди иштеп чыгуунун өтө зарылдыгын көңүлгө алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия (мындан ары Комиссия) тиркелген тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Мыйзам чыгаруу демилгеси бар субъекттерге Комиссия менен соттук-укуктук маселелер боюнча, ошондой эле соттордун ишин уюштурууну жана иштөө тартибин, судьялардын статусун жана сот адилеттигин жүргүзүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын иштелип чыгып жаткан долбоорлорун макулдашуу сунуш кылынсын.
4. Комиссия 2012-жылдын 31-мартына чейин төмөнкүлөргө багытталган ачык-айкын чараларды караган мыйзамдык сунуштардын жана демилгелердин пакетин даярдасын, атан айтканда:
- судьянын жогорку наамына татыктуу эместерден судьялар корпусун тазалоо боюнча чараларды кабыл алуу менен жаңы Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын жаңы судьяларын шайлоону жана дайындоону;
- сот түзүлүштөрүн, процесстик мыйзамдарды жана соттук көзөмөлдү, айыптоо жана коргоо тараптары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен сот өндүрүшүнүн мелдешүүчүлүгүн өркүндөтүүнү;
- сотторду донордук жардамдардын мүмкүнчүлүктөрүн жана белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын программаларын тартуу менен зарыл финансы каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууну;
- сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугу жана сот аткаруучулар институтунун негиздерин жана ишмердигин жөнгө салган мыйзам долбоорлорун даярдоо жана кароо менен соттук чечимдерди аткаруу үчүн шарттарды камсыз кылууну;
- юридикалык кадрларды даярдоону жакшыртууну, сот системасын жогору квалификациялуу соттук кадрлар жана соттордун аппараттарынын кызматкерлери менен чыңдоону;
- судьялардын кесиптик парзын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын абийир Кодексин сактоо боюнча аларга коюлган талаптарды жогорулатууну, судьялардын жоопкерчилигинин натыйжалуу механизмдерин киргизүүнү;
- сотторду андан ары компьютерлештирүү, алардын ишинин жана кабыл алынган соттук чечимдердин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн бардык соттордо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин системасында бирдиктүү маалымат мейкиндигин калыптандыруу менен алардын интернет-сайттарын түзүүнү;
- жазык мыйзамдарын либералдаштыруу жана коомдук көп коркунуч түзбөгөн, анын ичинде экономикалык чөйрөдө кылмыштарды администрациялык укук бузуу категорияларына которуу жана аны жасагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү менен декриминализациялоону, ошондой эле айрым кылмыштардын оорчулук даражасын кайра кароону;
- эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды колдонуу чөйрөсүн, ошондой эле камакта кармоого альтернативдүү бөгөт коюу чараларын кеңейтүүнү;
- жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү андан ары жөнөкөйлөштүрүү, анын оперативдүүлүгүн жогорулатууну, анын ичинде тергөө менен кызматташкан айыпталуучуларга карата кызыктыруучу ченемдерин киргизүү аркылуу жогорулатууну;
- жазык сот өндүрүшүндө жараштыруу жол-жоболорун кеңейтүүнү анын ичинде медиация институтун өнүктүрүүнү, ошондой эле жеке жана жеке-ачык айыптоо жазык иштеринин категориясын кеңейтүүнү;
- тараптардын жарашуусуна байланыштуу адамдарды жазык жоопкерчилигинен бошотуу тартибин жөнгө салууну, анча чоң эмес экономикалык кылмыш жасаган жана анча оор эмес кылмыш жасаган адамдарды камакка кармоо түрүндө чараны колдонуу үчүн чектөөнү белгилөөнү, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган учурда аларды жазык жоопкерчилигинен бошотууну;
- сот ишин өркүндөтүү боюнча башка чараларды.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-сентябрындагы № 146 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев |
Тиркеме
Текебаев Өмүрбек Чиркешович - "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынын лидери, Комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча).
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);
Исаев Канатбек Кедейканович -"Республика" депутаттык фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);
Турсунбеков Чыныбай Акунович - КСДП депутаттык фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);
Кулов Феликс Шаршенбаевич - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);
Алымбеков Эркинбек Жумабаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Туманов Токтогул Туманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин соттук-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча Комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Нарымбаев Данияр Ильич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү;
Исмаилов Анарбек Касымович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
Жамашева Феруза Зулумбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
Айжигитов Дастанбай Абдирашитович - Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин төрагасы, Чүй облустук сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Майчиев Шамарал Юсупович - Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Салянова Аида Жеңишбековна - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
Кабак Дмитрий Иванович - "Открытая позиция" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
Ошурахунова Динара Мажановна - "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Сыдыков Нурлан Берекович - Конституциялык саясат институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Токтакунов Нурбек Акбарович - "Прецедент" коомдук фондунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Жолдубаева Индира Ырысбаевна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын катчысы.