Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ №202 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-январындагы №6 Жарылыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия (мындан ары Комиссия) кеңешүүчү жана консультациялык орган болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын курамы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Комиссиянын жыйналышын Комиссиянын төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири тарабынан өткөрүлөт.
5. Комиссиянын мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
6. Зарыл болгон учурда Комиссиянын ишине министрликтердин, ведомстволордун, мекемелердин өкүлдөрү, илимпоз-укукчулар жана көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн.
2. Комиссиянын негизги максаттары жаиа милдеттери
7. Комиссия өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин бийликтик соттук бутагын реформалоого макулдашылган мамилени иштеп чыгуу, сот системасынын ишин, судьялардын статусун жана сот адилеттигин жүргүзүүнү жөнгө салган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана адвокатуранын ишинин ушул маселеге тиешелүү проблемалары боюнча макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
8. Комиссиянын негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформанын артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин бийликтин соттук бутагын реформалоого макулдашылган мамилени иштеп чыгуу, сот системасынын ишин, судьялардын статусун жана сот адилеттигин жүргүзүүнү жөнгө салган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана адвокатуранын ишинин ушул маселеге тиешелүү проблемалары боюнча макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу;
- соттук-укуктук реформа маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо жана даярдоого белгиленген тартипте катышуу;
- сот адилеттиги органдарынын иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдарды талдоо, сот адилеттигинин ачыктыгын күчөтүү жана сот бийлигинин кадыр-баркын жогорулатуу максатында сунуштарды даярдоо;
- соттук-укуктук реформанын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча жогорку сот органдарынын, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашып иштешин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын соттук жана укук коргоо системасын өнүктүрүүнүн илимий негизделген божомолдорун даярдоо;
- соттук-укуктук реформанын маселелери боюнча башка мамлекеттер, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
9. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу жана маселелерди ар тараптан талдоо жана даярдоо максатында:
- республиканын сот жана укук коргоо системасынын абалына баа берүү боюнча маалыматтык-талдоо ишин уюштурат, бардык соттордон, министрликтер менен ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден зарыл маалыматтарды жана материалдарды суратууга укуктуу;
- соттордун, укук коргоо органдарынын ишин уюштурууну жана иштөө тартибин жөнгө салган мыйзамдардын натыйжалуулугун талдайт жана тийиштүү сунуштарды даярдайт;
- соттордун, укук коргоо органдарынын ишин уюштурууну жана иштөө тартибин жөнгө салууга багытталган сунуштарды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
- өз жыйналыштарында соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу маселелери боюнча соттордун, аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдарынын маалыматтарын угат;
- сот жана укук коргоо системасынын маселелери боюнча илимий-изилдөө жана эксперттик баа берүү жана соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу үчүн илимпоз-укукчуларды, адистерди, көз карандысыз эксперттерди тартат;
- чет өлкөлүк сот жана укук коргоо системасын түзүү тажрыйбасын окуп үйрөнөт, республиканын сот жана укук коргоо органдарын реформалоонун программаларын эл аралык колдоону камсыз кылууну уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- чет өлкөлөрдө сот системасын жана сот өндүрүшүн өнүктүрүү жана эл аралык сот органдарынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
10. Комиссиянын жыйналышы зарылчылыгына жараша Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
11. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, ыйгарым укуктуу болот.
Каралып жаткан маселелер боюнча чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
12. Комиссиянын чечими сунуш мүнөзүндө болот.
13. Комиссиянын чечими боюнча адистерден, анын ичинде чет өлкөлүк адистерден маалымат чогултуу, талдоо жана жалпылоо, материалдарды, документтерди, сот жана укук коргоо органдарынын ишинин маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун даярдоо үчүн убактылуу жумушчу топтор түзүлөт.
14. Комиссиянын ишин уюштуруу-усулдук жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |