Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-февралындагы №46 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Комиссиянын курамы, анын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын. атап айтканда, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү", "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия өз ишин мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары комиссиянын компетенциясына таандык маселелерди чечүүдө ага көмөк көрсөтүшөт.
4. Комиссия белгиленген тартипте өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, республиканын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн, ата-мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.
5. Комиссиянын чечимдери белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.
II. Комиссиянын милдеттери, функциялары жана укуктары
6. Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө эң көрүнүктүү салым кошкон Кыргызстандын адамдары жөнүндөгү эстеликти сактоо Комиссиянын эң башкы милдети болуп саналат. Комиссиянын милдети Кыргыз Республикасынын торолушуна жана өнүгүшүнө эң көрүнүктүү салым кошкон Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмерлеринин, илим жана маданият ишмерлеринин (мындан ары - көрүнүктүү ишмерлер) эстеликтерин түбөлүккө калтыруунун ыкмасы жана формасы жөнүндө сунуштарды жана рекомендацияларды даярдоо болуп саналат.
Комиссиянын жогоруда аталган рекомендациялары жана сунуштары архив жана илимий изилдөөлөрдүн, коомдук пикирди суран билүүнүн натыйжаларына негизденүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө эң көрүнүктүү салым кошкон адамдардын катарына чет өлкөлүк ишмерлер да көрсөтүлүшү мүмкүн.
7. Мында Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселесинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган өз ара аракетин камсыз кылуу;
- эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселени ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык чечимдерди кабыл алуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү аркылуу кароо;
- республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну камсыз кылуу;
- республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
8. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселесинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын биргелешкен аракетин координациялоого;
- эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселени ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык чечимдерди кабыл алуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү аркылуу кароого;
- республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну камсыз кылууга;
- республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
- өзүнүн жыйналышында республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча аткаруу бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана коомчулуктун өкүлдөрүн белгиленген тартипте угууга;
- республиканын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча сунуш кылынып жаткан чараларга эксперттик баа берүү үчүн адистерди жана илимпоздорду, анын ичинде чет өлкөлүк адистер менен илимпоздорду белгиленген тартипте тартууга;
- өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик ишмерлеринин, илим жана маданият ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруунун ыкмаларын жана формаларын андан ары өркүндөтүү боюнча тийиштүү рекомендацияларды жана сунуштарды кабыл алууга жана Кыргыз Республикасынын Президентине жана республиканын мамлекеттик органдарына киргизүүгө.
III. Комиссиянын ишин уюштуруу
9. Комиссиянын жыйналышы зарылчылыкка жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналыштарга Комиссиянын төрагасы, ал жокто Комиссиянын төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
10. Эгерде Комиссиянын жыйналышына анын курамынын кеминде 3/2 катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, республиканын башка мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына негиздүү сунуштар же рекомендациялар менен бирге протокол түрүндө таризделет.
11. Комиссиянын ишин камсыз кылуу анын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмү тарабынан Комиссиянын жооптуу катчысынын жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы кызмат орду боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы болуп эсептелет.
12. Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан туура таризделген материалдар Комиссиянын жыйналышына бир ай калганда берилет.
13. Комиссиянын жыйналышынын маалымдуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн. Комиссиянын жыйналышына чакырылуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын курамы Комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
IV. Комиссиянын Кыргызстандын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселесин карашынын тартиби
14. Эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча маселе Комиссия тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын) жана тийиштүү республикалык органдар аркылуу алардын бирикмелеринин өтүнүчтөрү боюнча каралат.
15. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүчтөр жана башка документтер райондордун, шаарлардын, облустардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандан кийин жана облустук мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сөзсүз бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна алдын-ала киргизилет.
Талаптагыдай макулдашылбаган жана бекитилбеген учурларда Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча материалдар арыз берүүчүлөргө кайтарылат.
Өтүнүчкө сунуш кылынып жаткан инсандын өмүр баяны жана иши жөнүндө ырасталган маалыматтар; архив материалдары (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн), ошондой эле ар кандай жолдор аркылуу аныкталган коомдук пикирди сурап-билүү (изилдөө, сурап-билүү жана ушул сыяктуу), географиялык аталыштар боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу, ошондой эле зарыл долбоордук (эскиз стадиясында) документациялар тиркелет.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүчтөрдү жана башка документтерди карайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аларга корутунду чыгарат жана документтерди Комиссиянын биротоло карап чыгуусуна жөнөтөт.
17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эң көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин проспекттерге, аллеяларга, аянттарга, шаардык же айылдык сейилбактарга, бульварларга, көчөлөргө жана чолок көчөлөргө анын атып берүү менен түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда Комиссиянын пикирин эске алат.
Ушул Жобо менен белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Комиссияга эң көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин түбөлүккө калтыруунун башка ыкмасы жөнүндө өтүнүч кыла алат.
18. Кыргыз Республикасынын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эң көрүнүктүү ишмерлердин иштери жөнүндө эстеликти түбөлүккө калтыруучу эстеликтерди, стелаларды, мемориалдык обелисктерди, башка мемориалдык курулуштарды жана объекттерди орнотуу;
- тарыхый жактан эң көрүнүктүү ишмерлердин өмүрү жана ишмердиги менен байланышкан айрым аймактарды сактоо жана көрктөндүрүү;
- эң көрүнүктүү ишмерлердин аты-жөнүн жана алар жөнүндө башка маалыматтарды Эстелик китебине жазуу;
- эң көрүнүктүү ишмерлерге арналган мемориалдык музейлерди түзүү, көргөзмөлөрдү уюштуруу, эстелик белгилерин куруу;
- эң көрүнүктүү ишмерлердин ким экендиги жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо, аларга арналган искусство жана адабият чыгармаларын түзүү;
- ишмерлердин аты-жөнүн физикалык-географиялык объекттерге, көчөлөргө жана аянттарга, проспекттерге жана аллеяларга, калктуу конуштун аймагындагы башка шаар куруу объекттерине, ишканаларга жана мекемелерге, анын ичинде билим берүү уюмдарына, аскер бөлүктөрүнө жана ушул сыяктууларга берүү;
- эстелик даталарын жана эскерүү күндөрүн белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын эң көрүнүктүү ишмерлеринин портреттерин акча белгилеринде жана башка документтерде чагылдыруу;
- эстеликти түбөлүккө калтыруунун башка формалары.
19. Кыргыз Республикасынын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстеликтерин түбөлүккө калтыруу, эреже катары, жогоруда көрсөтүлгөн түбөлүккө калтыруу формаларынын бири түрүндө жүзөгө ашырылат.
20. Комиссия өз чечимин кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төмөнкүдөй талаптарды сактайт:
- аталышы жана кайра аталышы ушул эле Мыйзамдын 7-статьясына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясына кирген объекттерди кошпогондо "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамдын 1-статьясында саналган администрациялык-аймактык бирдиктердин, калктуу конуштардын - шаарлардын, шаарчалардын, айылдардын жана башка объекттердин аталышы жана кайра аталышы, бул, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат;
- шаарларды, шаарчаларды, айылдарды мамлекеттик, коомдук же башка эң көрүнүктүү ишмерлердин ысмы менен кайра атоого тыюу салынат ("Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамдын 6-статьясы);
- көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин түбөлүккө калтыруу алар дүйнөдөн кайткандан кийин ишке ашырылат;
- мурда башка ишмерлердин ысмын алып жүргөн объекттерге ишмерлердин ысмын кайталап берүүгө (кайра атоого) жол берилбейт;
- бир эле ишмердин ысмын бир администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече объекттерге берүүгө жол берилбейт.
21. Тигил же бул эң көрүнүктүү ишмердин эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча келип түшкөн материалдарды Комиссиянын жыйналышында карап чыккандан кийин түбөлүккө калтыруунун такталган формасы боюнча Комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет.
22. Кыргыз Республикасынын эң көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө эстеликти түбөлүккө калтыруучу эстеликтерге, стелаларга, мемориалдык такталарга, башка мемориалдык курулуштарга жана объекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий мурастын эстеликтеринин статусу берилиши мүмкүн.
Бул объекттер "Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет тарабынан катталат жана кайтарылат.
Эң көрүнүктүү ишмердин ысмы берилген объекттерди каттоого алууну жана күтүүнү бул объекттер карамагында болгон мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жүргүзөт. Мында ар бир эстелик объектине паспорт жазылат.
Объекттердин аталыштарынын, алардагы жазуулардын тексттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылат.
23. Эстеликти түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иштердин бардык түрлөрү, эреже катары, өтүнүч кылган жана таламдаш уюмдардын, жактардын же демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
24. Кыргыз Республикасынын эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар:
- республикалык деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте республикалык бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан;
- жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары белгилеген тартипте жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан финансыланат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |