ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2013-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 96 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» жарлыгы

Редакция30.04.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 30-апрели ПЖ № 96

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши киргизген Баткен облустук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерге сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2013-жылдын 30-апрелинен баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөнкүлөр дайындалсын:

- Аданбаев Зарипбек Максутович;

- Айжигитов Бостонбай Абдрашитович;

- Алибаев Бактыяр Маликович;

- Жороев Султангазы Золотунович;

- Карабаев Сооронбай Уркунбаевич;

- Нарынбаев Таштанбек Пахирович;

- Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич;

- Толубаева Уулча Мейманалиевна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев