Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220, 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - Дин комиссиясы) дин жагында мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүчү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоочу Кыргыз Республикасынын борбордук органы болуп саналат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Дин комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Дин комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Дин комиссиясы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Дин комиссиясын күтүүгө чыгымдарды финансылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган финансылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Дин комиссиясы: Бишкек шаары, И.Раззаков көчөсү, 43; Ош шаары, Заднепровский көчөсү, 4 дареги боюнча жайгашкан.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Дин комиссиясынын негизги милдеттери
7. Дин комиссиясынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) жарандардын дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигине болгон укуктарын камсыз кылуу, мамлекеттин диний уюмдар менен мамилесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Министрлер Кабинетинин актыларына, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык координациялоо;
3) дин тутуу эркиндигинин укуктук кепилдиктерин камсыз кылуу, мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилелерин укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүү;
4) дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо;
5) мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, поликонфессиялык коомдун дөөлөттөрүн, принциптерин жайылтууну камсыз кылуу;
6) жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктары менен мыйзамдуу таламдарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч туудурган диний уюмдардын ишмердигине колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бөгөт коюу;
7) республиканын аймагында диний экстремизмге жол бербөө боюнча алдын алуу чараларын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
8) коомдун руханий жана адеп-ахлактык негиздерин чыңдоого, жаңжалдардын алдын алууга жана ар кандай дин жана конфессияларды жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулукту орнотууга багытталган программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
9) адамдардын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын жүзөгө ашыруу жана сактоо жагында мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Дин комиссиясынын функциялары
8. Алдыга коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында Дин комиссиясы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты жүзөгө ашыруу боюнча:
- дин чөйрөсүндө жана дин тутуу эркиндигинин маселелерине, диний уюмдардын ишмердигине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле башка материалдарды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте кароого киргизүү, дин маселелери боюнча ченемдик актылардын долбоорлору боюнча расмий эксперттик корутундуларды берүү;
- Кыргыз Республикасында жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө диний кырдаалга талдоо жасоо жана мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү жагында дүйнөлүк тажрыйбаны иликтөө;
- дин чөйрөсүндө чет өлкөлөрдүн мыйзамдарын иликтөө, башка өлкөлөрдүн ушундай эле мамлекеттик органдары менен дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашыруу;
- диний экстремизмдин жана терроризмдин жайылышына, жалган диний агымдардын, жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирген же коркунуч туудурган диний топтордун ишмердигин алдын алуу жана каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышуу;
- диний кырдаалдын өнүгүшүнө, Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн диний уюмдардын, Дин комиссиясында эсептик каттоого алынбаган миссиялардын, миссионерлердин жана аз сандуу диний топтордун ишмердигин иликтөө жана талдоо жасоо;
2) дин чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча:
- диний уюмдарды, диний багыттагы объекттерди (мечиттер, чиркөөлөр, храмдар, сыйынуу үйлөрү ж.б.), Кыргыз Республикасына диний ишмердик үчүн келген чет өлкөлүк диний уюмдардын жана чет өлкөлүк жарандардын миссияларын, ошондой эле республикада иштеп жаткан диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик жана сот органдарынын суроо-талаптары боюнча сунуштарды, консультацияларды жана расмий эксперттик корутундуларды берүү;
- диний уюмдарга мамлекеттик органдар менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик органдардын чечиши талап кылынган маселелер боюнча зарыл жардам берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишмердик жүргүзгөн миссионерлерге, чет өлкөлүк жарандарга визалык колдоо көрсөтүү боюнча макулдашууларды жүргүзүү;
- диний билим алуу максатында чет өлкөлүк окуу жайларына кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын арыздарын макулдашуу;
- дин чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана консультациялык жардам көрсөтүү;
- диний уюмдарды, диний багыттагы объекттерди (мечиттер, чиркөөлөр, храмдар, сыйынуу үйлөрү ж.б.), Кыргыз Республикасына диний ишмердик үчүн келген чет өлкөлүк диний уюмдардын жана чет өлкөлүк жарандардын миссияларын эсептик каттоонун тартиби жана акы төлөө суммасы жөнүндө сунуштарды кароого киргизүү;
3) контроль, ишмердикти координациялоо жана мониторинг боюнча:
- дин жагында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин тийиштүү органдары менен өз ара аракеттенүү жана маалыматтык алмашуу, диний экстремизмдин алдын алуу;
- диний уюмдарды, диний багыттагы объекттердин (мечиттер, чиркөөлөр, храмдар, сыйынуу үйлөрү ж.б.), Кыргыз Республикасына диний ишмердик үчүн келген чет өлкөлүк диний уюмдардын жана чет өлкөлүк жарандардын миссияларынын, диний окуу жайлардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын текшерүү жана мониторинг жүргүзүү;
- дин уюмдарынын өз ишмердиги жөнүндө ар жылдык отчетторуна талдоо жасоо;
- диний бирикмелердин дин тутушунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, алардын динге окутуу жана ырым-жырым ишмердиги жөнүндө маалыматтардын тууралыгын белгилөө максатында диний экспертизаны Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүү, ошондой эле диний багыттагы адабияттардын жана буюмдардын маңызына талдоо жасоо;
- коомдун социалдык маселелерин чечүү боюнча иште мамлекеттик органдын эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк кызматташтыгына диний уюмдардын ишмердигин координациялоо жана багыттоо;
- республикада диний кырдаал жана диний уюмдардын ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдоо;
- коомдун социалдык маанилүү милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча диний уюмдар менен биргелешип иштөөнү андан ары өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты ишке ашыруу;
- диний иш жүргүзгөн, эсептик каттоодон качкан жана жарандарга адептик,- ахлактык жана дене бой жагынан зыян алып келген диний топторду, чет өлкөлүк жарандарды табуу жана алар менен иш жүргүзүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, таламдаш министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен өзүнүн чыныгы максатын жана ниеттерин жашырып, диний ишмердик кылган коомдук уюмдар менен иштөө ыкмаларын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуу менен диний экстремизмди, фундаментализмди таркатуу жагында иш жүргүзгөн, жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген диний уюмдардын ишмердигине тыюу салуу же токтотуу жөнүндө сот органдарына кайрылуу;
4) колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө:
- калк арасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген диний уюмдар жөнүндө түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү;
- коомчулук жана калк арасында, анын ичинде ЖМКда диний үстөмдүктү жайылтууга же үгүттөөгө, диний жек көрүүчүлүктү жана кастыкты, диний негиздеги жаңжалдарды козутууга жол бербөө, конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту сактоо боюнча агартуу ишин жүргүзүү;
- билим берүү органдарынын өкүлдөрүнө, ата-энелерге, балдар менен өспүрүмдөрдү диний багытта тарбиялоо жана калыптандыруу жагында иш жүргүзгөн аларды алмаштырган адамдарга консультациялык, маалыматтык жана башкача жардам көрсөтүү;
- Дин комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу жана алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо;
- диний уюмдар жөнүндө маалыматтар базасын түзүү, диний уюмдардын реестрин жүргүзүү жана жарыялоо, маалыматтык материалдарды басып чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жүктөлгөн башка функцияларды аткаруу.
4. Дин комиссиясынын укуктары
9. Милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Дин комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдар тарабынан дин тутуу эркиндиги жана динге ишенүү, диний уюмдардын ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын координациялоого;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарына диний экстремисттик уюмдардын, экстрасенсордук, бакшылык, дарылоо, психотроптук, медитациялык, ырымчылдык жана адамдын дене бой жана моралдык абалына зыян алып ишмердиктин башка түрлөрү менен иш жүргүзгөн башка бузуку топторго каршы турууда көмөк көрсөтүүгө; аларды жоопкерчиликке тартуу жана алардын ишмердигине тыюу салуу жөнүндө тийиштүү инстанцияларга кайрылууга;
3) жалган диний агымдагы уюмдардын, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин коргонуу жана коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч туудурган агрессивдүү диний топтордун ишмердигин токтотууга;
4) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын, илим-изилдөө жана окуу жайлардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын адистерин же өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
5) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий жана окуу мекемелеринен алардын карамагында турган зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды суратууга жана алууга;
6) дин тутуу эркиндиги жана динге ишенүү жагында республиканын таламдарын коргоону камсыз кылуу максатында эл аралык иш-чараларга катышууга;
7) консультациялар үчүн илимий мекемелердин эксперттерин жана адистерин жана илимпоздорду тартууга; зарыл болгон учурда убактылуу жана туруктуу комиссияларды, координациялык жана эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде диний уюмдардын, миссиялардын ишине тыюу салуу боюнча укук коргоо органдарына сунуш киргизүүгө;
9) диний уюмдардын, миссиялардын өз ишмердиги жөнүндө ар жылдык отчетторду беришин координациялоого;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Дин комиссиясынын ишин уюштуруу
10. Дин комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалып жана бошотула турган директор башчылык кылат.
Дин комиссиясынын директорунун Кыргыз Республикасынын Президенти директордун сунушу боюнча кызмат ордуна дайындап жана бошото турган, өз ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткара турган эки орун басары болот.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Дин комиссиясынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Дин комиссиясынын директору:
1) Дин комиссиясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Дин комиссиясынын ишин уюштурат жана жетекчилик кылат;
3) Дин комиссиясынын компетенциясына берилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдап турат;
4) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында, ошондой эле чет мамлекеттерде Дин комиссиясына өкүл болот, өз ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен кеңешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Дин комиссиясынын компетенциясына берилген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго белгиленген тартипте кол коет;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жыйналыштарына белгиленген тартипте катышат;
6) өз орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, Дин комиссиясынын башка кызмат адамдарынын, Дин комиссиясынын облустардагы өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт;
7) Дин комиссиясынын кызматкерлерин, Дин комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директорун жана анын орун басарын белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, аларга тартип жазасын колдонот же сыйлайт;
8) Дин комиссиясынын борбордук аппаратынын, Дин комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;
9) эксперттик, консультациялык органдарды түзөт, алар жана алардын курамы жөнүндө жоболорду бекитет;
10) өз компетенциясынын чегинде тескемелерди жана буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
11) Дин комиссиясынын кызматкерлерин, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна сунуш киргизет;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Дин комиссиясынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендерди берет;
13) Дин комиссиясын күтүүгө республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган финансылоонун башка булактарынан бөлүнгөн финансылык каражаттарды белгиленген тартипте тескейт;
14) ага Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен берилген башка ыйгарым укуктарды да жүргүзөт.
(КР Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220, 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
6. Дин комиссиясынын отчету жана ишмердигин токтотуу
12. Дин комиссиясы ага жүктөлгөн функцияларды жүргүзүүдө өз ишинин финансылык, статистикалык жана башка эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктуу органга отчет берет.
13. Дин комиссиясынын ишмердиги аны кайра уюштурууга же жоюуга байланыштуу токтотулат. Дин комиссиясын кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жана учурларда жүргүзүлөт.
14. Дин комиссиясы жоюлган учурда анын ишмердигинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.