Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 9-апрели ПЖ № 81
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик мүлктү жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы "58" деген сан "257" деген сан менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1- жана 2-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ага мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаментти бириктирүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- ушул Жарлыктын тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалар менен мекемелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун карамагына;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Ош атайын ооруканасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине.";
3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттун үчүнчү абзацындагы "жана бөлүнүп жаткан мамлекеттик юридикалык жактын бөлүштүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кумбел айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп бериле турган мектепке чейинки мекемелерден тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун карамагына өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик ишканалар менен мекемелерди ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктөрүн менчиктештирүү Программасына кошуу боюнча маселелерди карасын.";
- жогоруда аталган Жарлыктын тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
Тиркеме
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл - Аврора" санаторийи" мамлекеттик ишканасы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплекси" мамлекеттик ишканасы.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасы.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы.
5. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын курулуш, инвестициялар жана соода башкармасы" мамлекеттик ишканасы.
6. "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасы.
7. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу коомдук маалыматтык борбор" мамлекеттик мекемеси.
8. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 172 "Арген" бакча-яслиси мектепке чейинки мекемеси" мамлекеттик мекемеси.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 27 "Звездочка" балдар бакчасы" мамлекеттик мекемеси.