Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 10-сентябры ПЖ № 328
Кыргыз Республикасынын судьяларына
квалификациялык класстарды берүү тартиби
жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартибин "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жөнүндө Убактылуу Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 28-июлундагы № 182а Указы;
- "Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-декабрындагы № 414 Жарлыгы.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |