ТоктомКүчүндө

КР Президентинин 2008-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 328 «Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция10.09.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 10-сентябры ПЖ № 328

Кыргыз Республикасынын судьяларына

квалификациялык класстарды берүү тартиби

жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартибин "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жөнүндө Убактылуу Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 28-июлундагы № 182а Указы;

- "Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-декабрындагы № 414 Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

К. Бакиев