ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2008-жылдын 16- сентябрындагы ПЖ № 334 «Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция16.09.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 16- сентябры ПЖ № 334

Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

Республиканын пенсионерлеринин турмуш деңгээлин колдоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2008-жылдын 1-октябрынан тартып:

- «Мамлекеттик пенсиалык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгү жогорулатылсын жанаал 530 сом өлчөмүндө белгиленсин;

- «Мамлекеттик пенсиалык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2008-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 17 пайызга жогорулатылсын.

2. «Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чвккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлбөйт.

3.Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылйык белгиленген тартипте:

- «2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыкксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- пенсияларды өз учурунда кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти

 

К. Бакиев