Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 6-февралы ПЖ № 23
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө
(КР Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136, 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын 2-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы N 4 чечимин ишке ашыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик башкаруунун борбордук органы жана оперативдүү башкаруунун башкы органы катары аныкталып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына өзгөртүп түзүлсүн.
2. Алымкожоев Асанбек Тунгучпаевич Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги болуп дайындалсын.
3. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|