Загрузка документа…
КР Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 12-апрели ПЖ № 169
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир
чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
2006-жылдын 7-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу", 2006-жылдын 6-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу", 2001-жылдын 30-майындагы "Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралу", 2005-жылдын 13-февралындагы "Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", 2006-жылдын 25-июлундагы "Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу", 2005-жылдын 2-февралындагы "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу иретинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы № 234 "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулат.";
- 4-пункт төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик сыйлыктары уюштурулду:
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы;
- "Манас" ордени;
- "Баатыр эне" ордени;
- "Данакер" ордени;
- "Эрдик" медалы;
- "Даңк" медалы;
- "Эне даңкы" медалы;
- "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы;
- "Кайрымдуулук үчүн" медалы;
- "Эмгек ардагери" медалы;
- ардак наамдар:
- "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";
- "Кыргыз Республикасынын эл акыны";
- "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;
- "Кыргыз Республикасынын эл артисти";
- "Кыргыз Республикасынын эл мугалими";
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими";
- "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер";
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы";
- "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер";
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти";
- "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер";
- "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер";
- "Кыргыз Республикасынын өнөржайына эмгек сиңирген кызматкер":
- "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер";
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу";
- "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер";
- "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер";
- "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер";
- "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер";
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи";
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти";
- "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер";
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу"
- "Кыргыз Республикасынын спортунун эмгек сиңирген чебери";
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу";
- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.";
- 8-пункттун үчүнчү абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары;";
- 9-пункттун төртүнчү абзацындагы ", Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "зарыл болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттун бешинчи абзацындагы "башкаруусу" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү кеңештердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункттун биринчи абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жыйынынын", ", Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы" деген сөздөр алып салынсын;
- 20-пункттун алтынчы абзацындагы жана 22-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пункттун үчүнчү абзацындагы "Баатыр эне" ордени" деген сөздөрдөн кийин ", "Данакер" ордени", деген сөздөр менен толукталсын, "Эне даңкы" медалы" деген сөздөрдөн кийин ", "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы, "Кайрымдуулук үчүн" медалы, "Эмгек ардагери" медалы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 7-июнундагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган төмөнкүдөй бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" - адистиги боюнча кеминде 15 жыл иштеген Кыргыз Республикасынын денетарбия жана спорт боюнча адистерине, жогорку кесиптик чеберчиликтеги окутуучу-машыктыруучуларга,-
денетарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө кошкон салымы, Олимпиадалык, Азия оюндарында, чемпионаттарда жана дүйнөлүк Кубоктордо жана башка ири эларалык мелдештерде ийгиликке жетишкен жогорку чеберчиликтеги спортсмендерди даярдоо боюнча ийгиликтүү машыктыруучулук жана тарбиялык иши, төмөнкүдөй орундарды ээлеген спортсмендерди даярдагандыгы үчүн:
спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча:
- Олимпиадалык оюндарда - 1-8-орун;
- дүйнөлүк чемпионатта - 1-6-орун;
- Азия оюндарында - 1-3-орун;
- Азия чемпионатында - 1-2-орундар;
спорттун командалык түрлөрү боюнча:
- Азия оюндарында - 1-6-орундар;
- Азия чемпионатында - 1-3-орундар;
- клубдук командалар арасында Азия чемпионатында - 1-3-орундар;
- дүйнөлүк чемпионатта финалга чыккандыгы үчүн;
- Олимпиадалык оюнга катышууга укук алгандыгы үчүн;
спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча:
- дүйнөлүк чемпионатта - бирдиктүү расмий чемпионаттагы 1-орун (эки жолу);
- Азия чемпионатында - кеминде он мамлекет катышкан бирдиктүү расмий чемпионаттагы 1-орун (эки жолу);
- Азия оюндарында - 1-2-орундар;
- Параолимпиадалык оюндарда - 1-3-орундар;
- майыптар арасында дүйнөлүк чемпионатта- 1-3-орундар;
- шахматтык олимпиадада - 1-3-орундар;
- шахмат боюнча эларалык гроссмейстерди даярдагандыгы үчүн;
спорттун улуттук түрлөрү боюнча:
- спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө, спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын он чемпионун жана Кыргыз Республикасынын Спартакиадасынын беш чемпионун даярдоого кошкон көрүнүктүү салымы үчүн.
"Кыргыз Республикасынын спортунун эмгек сиңирген чебери" - Олимпиадалык жана Азия оюндарында, дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарында жана башка эларалык мелдештерде ийгиликке жетишип, төмөнкүдөй орундарды ээлеген спортсмендерге:
спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча:
- Олимпиадалык оюндарында - 1-8-орун;
- дүйнөлүк чемпионатта - 1-6-орун;
- Азия оюндарында - 1-3-орун;
- Азия чемпионатында - 1-2-орундар;
спорттун командалык түрлөрү боюнча:
- Азия оюндарында - 1-6-орундар;
- Азия чемпионатында - 1-3-орундар;
- клубдук командалар арасында Азия чемпионаты - 1-3-орундар;
- дүйнөлүк чемпионатта финалга чыккандыгы үчүн;
- олимпиадалык оюнга катышууга укук алгандыгы үчүн;
спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча:
- дүйнөлүк чемпионатта - бирдиктүү расмий чемпионаттагы 1-орун (эки жолу);
- Азия чемпионатында - кеминде он мамлекет катышкан бирдиктүү расмий чемпионаттагы 1-орун (эки жолу);
- Азия оюндарында - 1-2-орундар;
- Параолимпиадалык оюндарда - 1-3-орундар;
- майыптар арасында дүйнөлүк чемпионатта - 1-3-орундар;
- шахматтык олимпиадада - 1-3-орундар;
- шахмат боюнча эларалык гроссмейстердин наамынын ченемин толтургандыгы үчүн;
спорттун улуттук түрлөрү боюнча:
- спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын он жолку чемпионуна жана Кыргыз Республикасынын Спартакиадасынын эки жолку чемпионуна;
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу" - мамлекеттик зор мааниси бар жана өндүрүшкө киргизилип, экономикалык олуттуу натыйжа берген ойлоп табуулардын авторлоруна, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү ойлоп табуучулук иш жүргүзгөн ойлоп табуучуларга".
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |