Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 3-августундагы ПЖ № 410 Жарлыгына
ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 17-апрели ПЖ № 174
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
суу-энергетикалык саясат боюнча
Улуттук кеңеш жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 351 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Коңшу өлкөлөр менен суу-энергетикалык мамилелер жагындагы маселе боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу жана координациялоо жана Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык саясат боюнча Улуттук кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу суу-энергетикалык саясат боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө Жобонун долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 174 Жарлыгы менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 351 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Бакиев Курманбек Салиевич - Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;
Султанов Марат Абдыразакович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча);
Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Балкибеков Сапарбек Эсенович - "Электр станциялары" ААКнын башкы директору;
Богатырев Валентин Борисович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
Давыдов Ильяс Абдулович - "Кыргызстан Улуттук электр тармактары" ААКнын башкы директорунун биринчи орунбасары;
Жекшенкулов Аликбек - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Дикамбаев Азамат Шамильевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;
Кайыпов Марат Таштанович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Үсөнов Данияр Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
Кошматов Баратали Туранович - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин башкы директору;
Маматканов Дүйшөн - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана энергетика институтунун директору;
Мамбетов Базарбай - Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Мамыров Раимбек Сатыкулович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
Түлөбердиев Жамалбек Тулөбердиевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин улук эксперти;
Укулов Курманбек Маматкадырович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
Усубалиев Турдакун Усубалиевич - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Чудинов Игорь Витальевич - "Кыргызгаз" АКнын башкы директору.