Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 138 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2008-жылдын 21-ноябры ПЖ № 411
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча
Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттун сегизинчи - он биринчи, он үчүнчү - он бешинчи абзацтары алып салынсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө Жободо:
III бөлүк төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик жеке өнөктүк маселелерин кароо.";
- V бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "Премьер-министрдин Аппараты" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |