Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2009-жылдын 20-апрели ПЖ № 203

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын

түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүмдөрүн бекемдөө жана күжүрмөн даярдыгын арттыруу максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлыктын № 1 тиркемесинин "Кыргыз Республикасынын министрликтери" деген бөлүмүнүн 11-пунктундагы "2181" деген сан "2241" деген сан менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштер боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев