Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2009-жылдын 7-майы ПЖ № 227
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле администрациялык реформаны андан ары турмушка ашыруу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун түзүмүн оптималдаштыруу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруунун социалдык багыт алышын күчөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркемеде:
3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөр алып салынсын;
3-1-пункт "Финансы министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Социалдык фонду" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |