Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 2-июну ПЖ № 118
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына баш ийген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн региондук командачылыктары (Күчтөрү), кошундары, аскердик бөлүктөрү жана мекемелери юридикалык жактын укуктарына ээ экендиги белгиленсин.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө жободо:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы юридикалык жак болуп саналат, анын өзүнүн символикасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилде жазылган аталышы бар мөөрү, Куралдуу Күчтөрдүн символикасынын сүрөтү жана өзүнүн аталышы түшүрүлгөн штамптары жана бланктары болот. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгуу укугуна ээ.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пунктча менен толукталсын:
"24-1) өзүнүн компетенциясынын чегинде баш ийген кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди финансылык, техникалык, ооруктук жана башка түрдөгү камсыз кылууну ишке ашыруу;";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пунктча менен толукталсын:
"5-1) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик бөлүгү жөнүндө типтүү жобону бекитет;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |