Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 12-марты ПЖ № 55
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118, 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104, 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
1-1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына баш ийген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн региондук командачылыктары (Күчтөрү), кошундары, аскердик бөлүктөрү жана мекемелери юридикалык жактын укуктарына ээ экендиги белгиленсин.
(КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу-укуктук жана башка маселелерди чечсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118, 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104, 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы) аскердик башкаруунун борбордук органы жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн оперативдик башкаруунун башкы органы болуп эсептелет.
Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы мамлекетти коргоону уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечет, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоону, өнүктүрүүнү, мобилизациялык жайылтууну жана колдонууну тикелей жетектейт, аймактык коргонууну уюштурат, мамлекеттин аймагын коргоо кызыкчылыгында оперативдик жабдуунун планын иштеп чыгат жана аткарылышын контролдойт.
Аскердик же өзгөчө абалды киргизгенде же кризистик кырдаалдар пайда болгондо Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын жана өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын оперативдик башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп эсептелет.
Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы Кыргыз Республикасынын Президентине - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысына (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы) баш ийет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башкы штабдарына жана штабдарына карата Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы жогору турган штаб болуп эсептелет.
(КР Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысынын директиваларын, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, ушул Жобону, ошондой эле аскердик-техникалык кызматташтыкты ишке ашыруу, аскердик кадрларды даярдоо, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу маселелеринде - коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктарын жетекчиликке алат.
(КР Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы юридикалык жак болуп саналат, анын өзүнүн символикасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилде жазылган аталышы бар мөөрү, Куралдуу Күчтөрдүн символикасынын сүрөтү жана өзүнүн аталышы түшүрүлгөн штамптары жана бланктары болот. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгуу укугуна ээ.
(КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башкы булактарынан каржыланат.
2. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын милдеттери
5. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) коргоону пландоо, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү алардын арналышына ылайык даярдоону жана колдонууну жетектөө;
2) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү жогорку күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта уюштуруу жана кармап туруу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык коргонууну уюштуруу, аймактык коргонуу чөйрөсүндөгү иш-чараларды даярдоо жана координациялоо;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыздоо үчүн Куралдуу Күчтөрдү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын оперативдик башкаруу жана өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
4-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тизмесин жана күзөтүү эрежелерин аныктаган мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди күзөтүү;
4-2) Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен күзөтүлүүчү объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
5) террорчулукка, экстремисттик ишке каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Куралдуу Күчтөрдү жетектөө жана башка аскердик түзүмдөрдүн ишин координациялоо;
6) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин алкагында, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча иш-чараларда Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүмдөрдү даярдоону жана колдонууну уюштуруу;
6-1) эл аралык аскердик кызматташтыкты уюштуруу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
(КР Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104, 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) коргоону пландоону, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоону жана колдонууну уюштуруу;
2) Куралдуу Күчтөрдү оперативдик, мобилизациялык жана күжүрмөн даярдоону жетектөө, алардын абалын контролдоо; окутуу-материалдык базаны өркүндөтүү, аскерлерди күжүрмөн даярдыктын материалдык каражаттары, окутуучу жана көрсөтмө куралдары менен камсыз кылууну уюштуруу;
3) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн ишин тынчтык убагынан согуш убагына өткөрүүнүн шартында алардын туруктуу иштөөсү үчүн башкаруу органдарын жана башкаруу пункттарын даярдоо;
4) аймактык коргоону жана жарандык коргоону уюштурууда, террорчулукка жана экстремисттик ишке каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдары менен өз ара аракеттенүү;
5) Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүмдөрдү күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоону уюштурууда бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу;
6) мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча сунуштарды даярдоо;
7) кризистик кырдаалдарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда аларды чечүү боюнча чараларды көрүү;
8) аскердик же өзгөчө абалды киргизгенде же кризистик кырдаалдар пайда болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, жарандык коргонуунун, өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын оперативдик башкаруу жана координациялоо, алардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана пландоо;
9) Кыргыз Республикасынын коргоо жана коопсуздук кызыкчылыктарында чалгындоо ишин жүргүзүү;
10) мүмкүн болуучу аскердик коркунучтарды жана Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна келтирилүүчү коркунучтарды болжолдоо, табуу, талдоо жана баалоо;
11) Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик коопсуздугун камсыз кылууда Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүндүктөрүн талдоо жана баалоо;
12) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү колдонуу, мобилизациялык жайылтуу, оперативдик, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоо пландарын; коргоо кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын оперативдик жабдуу, аскерлерди жана аскердик объекттерди жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын аймактык коргонуусунун жана Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу пландарын иштеп чыгуу, уюштуруу жана камсыз кылуу;
13) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун концепциясын, аскердик доктринасын, экономиканын мобилизациялык пландарын, мамлекетти аскердик жактан куруу жана Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүү пландарын (программаларын) иштеп чыгууга катышуу;
14) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, жарандык коргонуунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
15) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылуу, маанилүү мамлекеттик, аскердик жана башка объекттерди абадан кол салуудан коргоо;
15-1) чет мамлекеттердин башчыларын тосуп алууда жана жөнөтүүдө, Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунда ардак кароол кызматын өтөө;
15-2) протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө азем жөрөлгөлөрүн аткарууга катышуу;
16) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана аймактык коргонуу күчтөрүнүн курамы жана саны боюнча сунуштарды даярдоо;
17) мамлекеттин коргонууга сарптоолору боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
18) согуш жана тынчтык убакта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймактык коргонуусун, резервдик түзүмдөрдү, аймактык коргонуусунун башка күчтөрүн жана каражаттарын даярдоону жана колдонууну жетектөө;
19) аймакты даярдоо жана коргоону аскердик-экономикалык камсыздоо маселелери боюнча Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысына сунуштарды иштеп чыгуу;
20) (КР Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
21) Аймактык коргоонун күчтөрү менен кайтарылууга жана корголууга тийиш болгон объекттердин тизмеси боюнча сунуштарды даярдоо;
22) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү башкаруунун, байланыштын жана кабарлоонун бирдиктүү системасын өркүндөтүү, радиожыштыктарды Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгында бөлүштүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;
23) аткарылуучу милдеттердин өзгөчөлүгүнө ылайык Куралдуу Күчтөрдө күжүрмөн нөөмөттү уюштуруу;
24) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, кошундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин уюштуруу-штаттык түзүмүн бекитүү, башка аскердик түзүмдөрдүн уюштуруу-штаттык түзүмдөрүн алардын оперативдик (күжүрмөн) арналышына жараша өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
24-1) өзүнүн компетенциясынын чегинде баш ийген кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди финансылык, техникалык, ооруктук жана башка түрдөгү камсыз кылууну ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын кошундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде материалдык-техникалык камсыз кылуу линиясы боюнча келип түшкөн материалдык жана техникалык каражаттардын сапатын контролдоо, иштерди жүргүзүү жана кызматтарды көрсөтүү;
25) Куралдуу Күчтөрдү мобилизациялык жана оперативдик жайылтууну, согуштук аракеттерди жүргүзүүнү эске алуу менен тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдүн финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарга болгон муктаждыгынын эсептөөлөрүн жүргүзүү;
26) эл аралык аскердик-техникалык кызматташтыкка катышуу, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин алкагында Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүмдөрдү даярдоону жана колдонууну уюштуруу, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иш-чараларга катышуу;
27) куралды жана аскердик техниканы күжүрмөн колдонуу үчүн даярдыкта кармап туруу;
28) аскердик кызматты өтөөнүн тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдө кадрдык ишти жүргүзүү;
29) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, кошундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин штаттарын жана штаттарга табелдерди иштеп чыгуунун тартибин аныктоо, штаттарды жана штаттардын табелдерин бекитүү жана колдонууга киргизүү;
30) Куралдуу Күчтөрдүн кошундары, бөлүктөрү жана мекемелери боюнча өздүк курамды, куралды, аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка материалдык-техникалык каражаттарды бөлүштүрүү;
31) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү мобилизациялык жайылтуунун базасын өркүндөтүү;
32) Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүмдөр үчүн согуш убагындагы штатта аскердик-билим алган резервди топтоо боюнча сунуштарды даярдоо;
33) Куралдуу Күчтөрдү мобилизациялык жана оперативдик жайылтууну алдын ала ар тараптуу камсыздоону уюштуруу;
34) аскердик жана өзгөчө абалдын режимдерин пландоо жана кармап туруу;
35) радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоонун иш-чараларын иштеп чыгуу жана камсыз кылуу;
36) Куралдуу Күчтөрдүн материалдык каражаттарынын жана инфраструктурасынын аскердик запастарын түзүүнү уюштуруу;
37) мамлекеттик материалдык резервде запастарды түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
38) Куралдуу Күчтөрдө тарбия берүү иштерин, маалыматтык, моралдык-психологиялык камсыздоо, аскердик тартипти жана укуктук тартипти бекемдөө боюнча иш-чараларды пландоо жана уюштуруу, аларды натыйжалуу жүргүзүүнү жана контролдоону жетектөө;
39) Куралдуу Күчтөрдү топографиялык камсыздоо;
40) тынчтык жана согуш убагында аскердик кызмат өтөөнү, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү комплекттөөнү уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана сандык курамын эсепке алууну жүргүзүү;
41) Куралдуу Күчтөрдүн ишин маалыматтык камсыздоо;
42) аскерлер кызматын уюштуруу, аскер кызматынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Куралдуу Күчтөрдө уставдык тартипти сактоо менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү;
43) Куралдуу Күчтөрдө гарнизондук, кароол жана ички кызматка жетекчилик кылуу жана алардын уюштурулушун контролдоо;
44) аскердик адабиятты жана окуу куралдарын чыгаруу;
45) мамлекеттик сырды коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана пландоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдө жашырындуулук режимин жана маалыматты коргоону камсыз кылуу;
46) анык жана шарттуу аталыштарды колдонуунун жана аларды каттоону жүргүзүүнүн тартибин, Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, кошундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин жайгашуусун аныктоо;
47) бардык түрдөгү аскердик ташууларды уюштуруу жана аларга жетекчилик кылуу;
48) аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелеринин учууларын уюштуруу жана алардын коопсуздугун контролдоо; Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жерлерде аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелери менен болгон авиациялык окуяларды жана авиациялык жаңжалдарды тергөөгө катышуу;
49) башка мамлекеттердин аба кыймылын уюштуруу борборлору менен республиканын аба кыймылын башкаруунун ведомстволук органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
50) Кыргыз Республикасынын аба чабуулунан коргонуу системасын өркүндөтүү;
51) Куралдуу Күчтөрдүн курал-жарактарын, аскердик техникасын жана транспорттук каражаттарын коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу;
51-1) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскердик номердик белгилерин, техникалык талондорун эсепке алуу жана берүү, транспорттук каражаттарын каттоо, транспорттук каражаттарын техникалык карап чыгууну уюштуруу жана өткөрүү;
52) Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзүмдөр жана мыйзамда аскер кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн аскердик кийим формасы жана аны кийип жүрүү эрежеси боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
53) аскер кызматчыларын, Куралдуу Күчтөрдүн жарандык персоналын мыйзамда белгиленген тартипте социалдык жана укуктук жактан коргоого катышуу;
53-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналынын саламаттыгын коргоого жана медициналык жардам алууга укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу;
54) Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүүгө катышуу;
55) коалициялык курулуш, коалициялык күчтөрдү колдонууну оперативдүү пландоо, өз ара аракеттенүүнү, ар тараптан камсыз кылууну жана башкарууну уюштуруу маселелери боюнча эл аралык аскердик кызматташууну уюштуруу;
56) аскерлердин коалициялык (жамааттык) топторунун жана тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн курамында бөлүмдөрдүн курамы, саны, аларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды колдонууну пландоо;
57) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик-патриоттук тарбиялоого катышуу;
58) аскердик ишке байланыштуу курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
59) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын, баш ийген кошундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган чарба жана башка иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
60) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган коргоо жана аскердик коопсуздук чөйрөсүндөгү башка функцияларды ишке ашыруу.
(КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118, 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104, 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
4. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабына жетекчилик кылуу
7. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабын Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги (мындан ары - Генералдык штабдын начальниги) башкарат.
Тийиштүү билими жана иш тажрыйбасы бар адам Генералдык штабдын начальниги болуп дайындалат.
Генералдык штабдын начальниги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү жогорку аскердик кызмат адамы болуп эсептелет.
8. Генералдык штабыдын начальниги Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысына баш ийет, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана Куралдуу Күчтөрдүн бүтүндөй өздүк курамы үчүн түздөн-түз башчы болуп саналат.
9. Генералдык штабдын начальнигинин 2 орун басары болот, анын бирөөсү биринчи болуп саналат.
Орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү Генералдык штабдын начальниги тарабынан ишке ашырылат.
Генералдык штабдын начальнигинин орун басарлары Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Генералдык штабдын начальнигинин орун басарлары аларга тапшырылган иш чөйрөдө милдеттерди чечүүгө, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкка, аларга түздөн-түз баш ийген аскердик башкаруу органдарынын, кошундардын, аскердик бөлүктөрдүн, мекемелердин ишинин уюштурулушуна жоопкерчилик тартат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйрук жана көрсөтмө беришет.
Генералдык штабдын башчысынын биринчи орун басары өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана контролдойт.
(КР Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Генералдык штабдын начальниги:
1) өздүк курамды күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоого, күжүрмөн даярдоого, тарбиялоого, аскердик тартипке жана алардын моралдык-психологиялык абалына жана Куралдуу Күчтөрдүн кошундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде аскер кызматынын коопсуздугуна, аларды туруктуу башкарууга, ошондой эле Куралдуу Күчтөргө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жоопкерчилик тартат;
2) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жана баш ийген башкаруу органдарынын ишин уюштурат, Куралдуу Күчтөрдү оперативдик башкарууну ишке ашырат;
3) аскердик же өзгөчө абалды киргизүүдө же кризистик кырдаалдар пайда болгондо ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын, жарандык коргонуунун, өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын оперативдик башкарууну жана координациялоону ишке ашырат;
4) Генералдык штабдын, Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, кошундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин оперативдүү (күжүрмөн) арналышына ылайык алардын уюштуруу-штаттык түзүмүн, штаттарын жана штаттарга табелдерди бекитет;
5) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын кызмат адамдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
5-1) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик бөлүгү жөнүндө типтүү жобону бекитет;
6) Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүмдөрдү жана аймактык коргонуу күчтөрүн даярдоону жана колдонууну пландоого жетекчилик кылат;
7) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысына төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Куралдуу Күчтөрдү колдонуу, аскердик коопсуздукту, аймактык коргонууну, аймакты оперативдик жабдууну камсыз кылуу, Куралдуу Күчтөрдүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жайгашуусунун пландарын, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү мобилизациялык жайылтуу схемасын;
- коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын жана анын орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Улуттук гвардиясынын командачыларынын кызмат орундарына дайындоого талапкерлерди, ошондой эле аларды ээлеген кызматтарынан бошотууга сунуштамаларды;
- мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча сунуштарды;
8) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысынын кароосуна Куралдуу Күчтөрдө жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлөөгө тийиш болгон аскердик кызмат орундары боюнча сунуштарды киргизет жана жогорку аскердик наамдарды ыйгарууга талапкерлерди сунуштайт;
9) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын буйруктарын жана директиваларын чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана контролдойт;
10) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоо, колдонуу маселелери боюнча чечимдерин ишке ашырууну камсыз кылуу максатында өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдардын жетекчилерине буйрук (буйрутма) берүүгө укуктуу;
11) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүү программаларын (пландарын) аткарууну уюштурат жана контролдойт;
12) коргоого тартылуучу аскердик башкаруу органдарын жана мамлекеттик органдарды оперативдик даярдоону уюштурат;
13) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын текшерүүнү уюштурат;
14) Куралдуу Күчтөрдү жогорку деңгээлдердеги күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө жана Куралдуу Күчтөр менен аймактык коргонуу күчтөрүн мобилизациялык жайылтуу, колдонуу пландарын ишке киргизүүгө белгиленген тартипте жетекчилик кылат, Куралдуу Күчтөрдүн айрым кошундарын, аскердик бөлүктөрүн, мекемелерин жана бөлүмдөрүн колдонууга буйрук берет;
15) коргоо маселелери боюнча маалыматтык-талдоо материалдарын даярдайт жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысына берет;
16) Президент-Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан чечим кабыл алуу үчүн сунуштарды даярдоодо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан зарыл маалыматтарды суратат;
17) Куралдуу Күчтөрдү колдонууну пландоо боюнча документтерди иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерин жана администрациялык ведомстволорун тартат;
18) Куралдуу Күчтөрдүн эсептен чыгарылууга тийиш болгон курал-жарактарын, аскердик техникасын жана башка мүлкүн аныктайт;
19) Куралдуу Күчтөрдө кадрдык ишти жүргүзөт; мыйзамда аныкталган тартипте адамдарды кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, кызмат боюнча которулуу маселелерин чечет, аскердик наамдарды жана класстык чендерди ыйгарат, аскер кызматчыларын жана жарандык персоналды аскердик кызматтан бошотот;
20) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн контракттык жана мөөнөттүү кызматтарынын офицерлеринин, старшиналарынын, сержанттарынын жана солдаттарынын аскердик-каттоо адистиктердин тизмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын офицердик курамынын кызмат орундары үчүн штаттык аскердик наамдардын тизмесин аныктайт;
20-1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын ведомстволук сыйлыктарын жана төш белгилерин уюштурат, алар жөнүндө жоболорду жана алардын сыпатталышын бекитет;
21) ага баш ийген аскер кызматчыларына карата Куралдуу Күчтөрдүн Тартип уставында берилген ыйгарым укуктарды толук көлөмдө колдонот;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тынчтык жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдүн жарандык персоналынын иш тартибин аныктайт;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик кызматты өтөөгө жетекчилик кылат жана Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын социалдык жана укуктук коргоону камсыз кылууну контролдойт;
24) тынчтык жана согуш убагына Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарына, кошундарына, аскердик бөлүктөрүнө жана мекемелерине анык жана шарттуу аталыштарды берет, аскердик башкаруу органдарына, кошундарга, аскердик бөлүктөргө жана мекемелерге, башка аскердик түзүмдөргө жана согуш убагына аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга шарттуу аталыштарды берет;
25) аскердик маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
25-1) аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор ортосундагы эл аралык келишимдерине кол коёт;
26) Куралдуу Күчтөрдү даярдоо пландарын бекитет жана башка аскердик түзүмдөрдүн даярдоо пландарын макулдашат;
27) Куралдуу Күчтөрдүн, ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын жана өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү пландарын бекитет;
28) Куралдуу Күчтөрдүн колдонуусуна берилген жерлердин чегинде Куралдуу Күчтөрдүн кошундарын, аскердик бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн (мекемелерин) кайра жайгаштыруу боюнча чечим кабыл алат;
29) террорчулукка каршы күрөшүү үчүн чараларды оперативдүү кабыл алуу; мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жоюу; табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу; куралдуу козголоңду, этностор аралык чыр-чатактарды, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу тозууну, ээлеп алууну болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле башка кырдаалдардын шарттарында укук коргоо органдарынын, башка аскердик түзүмдөрдүн күчтөрү жана каражаттары аларды чечүүгө жетишсиз болгондо өзгөчө абалды киргизүү сунушу менен Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысына токтоосуз баяндама берип, Куралдуу Күчтөрдүн айрым аскердик бөлүктөрүн жана бөлүмдөрүн колдонууга чечим кабыл алат;
30) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын финансылык-чарбалык ишин уюштурат жана контролдоону ишке ашырат;
30-1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кошундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ички аудитинин пландарын бекитет;
31) кызматы боюнча которулууга, окууга жана узак иш сапарга жиберилүүгө сунушталган офицерлердин кесиптик, моралдык-психологиялык жана эрктүүлүк сапаттарына калыс баа берүү максатында жогорку аттестациялык комиссия түзөт;
32) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринде, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысынын директиваларында аныкталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын чечимдери Генералдык штабдын начальнигинин ыйгарым укуктарынын чегинде анын буйруктары, тескемелери жана директивалары менен ишке ашырылат, алар коргоого жана аскердик коопсуздукту камсыз кылууга тартылуучу Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары тарабынан, ошондой эле кризистик кырдаалдар пайда болгондо милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
(КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118, 2016-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 104 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
5. Куралдуу Күчтөрдүн коллегиясы
12. Ишти өркүндөтүүнүн кыйла маанилүү маселелерин кароо, Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарында, кошундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде күжүрмөн даярдыктын, күжүрмөн даярдоонун, аскерлер кызматынын жана аскердик тартиптин абалына калыс баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн коллегиясы түзүлөт.
Коллегиянын курамы жана ал жөнүндө Жобо Генералдык штабдын начальниги тарабынан бекитилет.
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)