Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 3- апрели ПЖ № 44
Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткандарды социалдык коргоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткандарды социалдык коргоонун деңгээлин көтөрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун жана башка социалдык кепилдиктердин өлчөмүн 2010-жылдын апрелиндеги окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткандар үчүн ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун жана социалдык кепилдиктердин өлчөмү менен теңдештирүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасьшын Өкмөтү "Кыргыз Республикасьшын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасьшын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун темөнкүлөрдү кароо менен иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
- отуз жети эсептик көрсөткүч өлчөмүндө кошумча социалдык жөлөкпулду дайындоо;
- "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген социалдык кепилдиктерге окшош социалдык кепилдиктерди Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга белгилөө.
3. Мыйзамдык жөнгө салууга чейин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча социалдык жөлөкпулга Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1585 (бир миң беш жүз сексен беш) сом өлчөмүндөгү үстөкпул 2015-жылдын 1-майынан баштап белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте ушул Жарлыктын 3 -пунктунда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү камсыз кылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |