Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 1-июну N 261
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Талас областтык мамлекеттик "Манас Ордо" комплекси жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы N 202, 2011-жылдын 24-майындагы N 239, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 24-мартындагы "Талас областтык мамлекеттик "Манас Ордо" комплекси жөнүндө" Указына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплекси жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы N 239 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-майындагы N 202 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри |
| Н.Танаев |