ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2015-жылдын 27-августундагы ПЖ № 175 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 27-августу ПЖ № 175

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

(КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. 2015-жылдын 28-августунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

- Саргалдакова Гульмира Зарлыковна;

- Смаилова Асел Асылбековна.

(КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев