КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 27-августу ПЖ № 175
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
(КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. 2015-жылдын 28-августунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Гилязетдинова Инара Ильгизовна;
- Саргалдакова Гульмира Зарлыковна;
- Смаилова Асел Асылбековна.
(КР Президентинин 2015-жылдын 29-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |