Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
(КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2016-жылдын 20-апрели ПЖ № 104
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) Жарлыктын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Башкы" деген сөз "Генералдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө Жободо:
- мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Башкы" деген сөз "Генералдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "начальник" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "башчы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун биринчи абзацындагы ", бул орган аларды даярдоону жана колдонууну жетектейт" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктта:
"мамлекеттик аскердик саясатты, эл аралык аскердик жана" деген сөздөр алып салынсын;
"Кыргыз Республикасынын коргоо министринин" деген сөздөр "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкү мазмундагы 6-1-пунктча менен толукталсын:
"6-1) эл аралык аскердик кызматташтыкты уюштуруу;";
- 6-пунктта:
5-пунктчадагы "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын резервдик түзүмдөрүн" деген сөздөр алып салынсын;
19-пункттагы "калкты," жана ", экономиканы мобилизациялык даярдоо" деген сөздөр алып салынсын;
20-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
24-1-пунктча ", Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын кошундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде материалдык-техникалык камсыз кылуу линиясы боюнча келип түшкөн материалдык жана техникалык каражаттардын сапатын контролдоо, иштерди жүргүзүү жана кызматтарды көрсөтүү" деген сөздөр менен толукталсын;
26-пунктчадагы "аскердик жана" деген сөздөр алып салынсын;
29-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"29) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, кошундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин штаттарын жана штаттарга табелдерди иштеп чыгуунун тартибин аныктоо, штаттарды жана штаттардын табелдерин бекитүү жана колдонууга киргизүү;";
40-пунктчадагы "кызматка чакырууну жана аны" деген сөздөр "кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын, ", Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү комплекттөөнү" деген сөздөр алып салынсын;
41-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"41) Куралдуу Күчтөрдүн ишин маалыматтык камсыздоо;";
44-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"44) аскердик адабиятты жана окуу куралдарын чыгаруу;";
төмөнкү мазмундагы 51-1-пунктча менен толукталсын:
"51-1) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскердик номердик белгилерин, техникалык талондорун эсепке алуу жана берүү, транспорттук каражаттарын каттоо, транспорттук каражаттарын техникалык карап чыгууну уюштуруу жана өткөрүү;";
53-пунктчадагы ", аскер кызматынан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман (каза) болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы 53-1-пунктча менен толукталсын:
"53-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналынын саламаттыгын коргоого жана медициналык жардам алууга укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу;";
55-пунктчадагы "уюштурууга катышуу" деген сөздөр "уюштуруу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пунктта:
биринчи абзацтагы "4" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Генералдык штабдын башчысынын биринчи орун басары өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана контролдойт.";
- 10-пунктта:
4-пунктча "уюштуруу-штаттык түзүмүн" деген сөздөрдөн кийин ", штаттарын жана штаттарга табелдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
7-пунктчанын үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын коргоо министринин" деген сөздөр "коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14-пунктчадагы "жогорку деңгээлдеги" деген сөздөр "жогорку деңгээлдердеги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"20) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн контракттык жана мөөнөттүү кызматтарынын офицерлеринин, старшиналарынын, сержанттарынын жана солдаттарынын аскердик-каттоо адистиктердин тизмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын офицердик курамынын кызмат орундары үчүн штаттык аскердик наамдардын тизмесин аныктайт;";
төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пунктча менен толукталсын:
"20-1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын ведомстволук сыйлыктарын жана төш белгилерин уюштурат, алар жөнүндө жоболорду жана алардын сыпатталышын бекитет;";
23-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик кызматты өтөөгө жетекчилик кылат жана Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын социалдык жана укуктук коргоону камсыз кылууну контролдойт;";
төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-пунктча менен толукталсын:
"25-1) аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор ортосундагы эл аралык келишимдерине кол коёт;";
- 11-пункт "анын буйруктары" деген сөздөрдөн кийин ", тескемелери" деген сөз менен толукталсын;
3) (КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |