Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 271 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин (мындан ары - төш белги) эскизин иштеп чыгууга конкурсту өткөрүү, ошондой эле үлгүсүн тандап алуу тартибин аныктайт.
2. Төш белгинин эскизин иштеп чыгууга конкурс жана андан ары төш белгинин үлгүсүн тандап алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн төш белгинин үлгүсүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) тарабынан өткөрүлөт.
3. Конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын, чыгармачыл союздардын өкүлдөрү жана геральдика боюнча адистер кирет.
4. Конкурстук комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик-укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү өз ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
6. Конкурсту өткөрүүнүн координатору болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы (мындан ары - Координатор) саналат.
7. Конкурстук комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Жыйналышка Конкурстук комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда - анын орун басары жетекчилик кылат.
8. Конкурстук комиссиянын жыйналышы ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болуп саналат.
9. Конкурстук комиссиянын чечимдери Конкурстук комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн, бирок анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмес добуш берүүсү аркылуу кабыл алынат.
10. Зарыл болгон учурда Конкурстук комиссиянын чечимдери сурамжылоо тартибинде кабыл алынышы мүмкүн. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сурамжылоо тартибинде кабыл алынган чечимдер милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү ырастоону талап кылат.
11. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана ага Конкурстук комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда анын орун басары кол коёт.
12. Конкурстук комиссия конкурстук иштердин долбоорлорун тандап алууда атайын билими бар адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.
13. Конкурстук комиссиянын ишине тартылган адистерге жана эксперттерге сый акы төлөнүп берилиши мүмкүн, анын өлчөмү Конкурстук комиссиянын чечими менен белгиленет.
14. Конкурс боюнча чыгымдар сметасы, анын ичинде жеңүүчүнүн сыйлоо фонду, Конкурстук комиссиянын ишине тартылган эксперттерге, адистерге сый акы, төш белгинин үлгүсүн даярдоо боюнча чыгымдар Конкурстук комиссия тарабынан аныкталат жана анын төрагасы тарабынан бекитилет.
15. Төш белгинин эскизин тандап алуу максатында Конкурстук комиссия тарабынан төш белгинин эскиздик иштеп чыгууларына конкурс өткөрүлөт.
16. Конкурска катышуу жөнүндө сунуш басмага же башка жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жарыялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын бардык каалаган жарандарына даректелет.
17. Конкурс жөнүндө кулактандыруу тапшырманын маңызын караган шарттарды, баа берүү критерийлерин, эскиздик иштеп чыгууларды берүү тартибин жана мөөнөтүн, сый акынын көлөмүн жана формасын жана конкурстун жыйынтыктарын жарыялоо мөөнөтүн камтыйт.
18. Конкурска Кыргыз Республикасынын бардык каалаган жарандары, анын ичинде геральдика боюнча адистер, сүрөтчү-дизайнерлер же алардын топтору (мындан ары - катышуучулар) катышса болот.
19. Ар бир катышуучу конкурска үчтөн көп эмес эскиздик иштеп чыгууну бере алат.
20. Конкурска катышуу үчүн А4 форматындагы баракка ак-кара же түстүү сүрөт менен төш белгинин эскизин жана сыпатталышын берүү зарыл. Эскиздин сыпатталышы мамлекеттик же расмий тилде берилет.
21. Эскиздик иштеп чыгуулар "Конкурска" деген жазуу менен чапталган конвертке салынып берилет. Төш белгинин эскизинин жана сыпатталышынын оң жактагы төмөнкү бурчунда катышуучунун автордук шифры чагылдырылат, ал катышуучунун тандоосу боюнча 6 (алты) цифрадан турат.
22. Төш белгинин эскиздик иштеп чыгууларында кандайдыр-бир белги коюулар (катышуучунун аты-жөнү, койгон колу жана адамды таанууга мүмкүн болгон башка маалыматтар) болбошу керек, буга ушул Жобонун 21-пунктунда көрсөтүлгөн автордук шифр кирбейт.
23. Катышуучу өзүнчө чапталган конвертте төш белгинин эскизин жана автордук шифрди көрсөтүү менен анын сыпатталышынын көчүрмөсүн, өзү тууралуу маалыматты (аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери, үй дареги, байланыш маалыматтары) берет.
24. Катышуучулар жөнүндө маалыматтар, төш белгинин эскизи жана сыпатталышы салынган конверттер Комиссия тарабынан ачылат.
25. Конкурска катышууга кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин берилген жана ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайык аткарылган иштерге жол берилет.
26. Конкурстун катышуучусу конкурстун жыйынтыктарына карабастан эскиздерди иштеп чыгуу жана берүү менен байланышкан бардык чыгымдарды тартат.
27. Эскиздерди иштеп чыгууда колдонулган башка адамдардын автордук укуктарынын сакталышына жоопкерчиликти конкурска катышуучу тартат.
28. Конкурска жиберилген материалдар кайтарылып берилбейт.
29. Конкурстун координатору автордун аты-жөнүн көрсөтүү менен конкурска жөнөтүлгөн эскиздик иштеп чыгууларды коммерциялык эмес максатта колдонууга (Интернетке, басылмаларга, көргөзмө стенддерине ж.б. жайгаштырууга) укуктуу.
30. Төш белгинин эскизи төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
1) конкурстун тематикасына ылайык келүү;
2) идеянын оригиналдуулугу жана жаңыча берилиши;
3) графикалык чечимдин оригиналдуулугу;
4) мамлекеттик символиканын жана улуттук колориттин элементтеринин колдонулушу;
5) сүрөт ыкмаларынын оңой кабылданышы, таанылышы жана кыска болушу;
6) кооздоп жасалышынын көркөмдүгү жана чебердиги;
7) нускасын чыгаруунун технологиялуулугу жана жөнөкөйлүгү.
31. Төш белгинин эскизин иштеп чыгууга конкурсту өткөрүү тууралуу кулактандыруу Конкурстун координатору тарабынан басмаларга же жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
32. Конкурстун биринчи этабында 30 календардык күндүн ичинде катышуучулар төш белгиге эскиздик иштеп чыгууларды беришет.
33. Экинчи этапта Конкурстук комиссия 20 жумушчу күндүн ичинде конкурстун жыйынтыгын чыгарат.
34. Конкурстун шарттарына ылайык төш белгинин мыкты эскиздик иштеп чыгуусун сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
35. Конкурска бир гана катышуучунун билдирмеси берилген же Конкурстук комиссия бардык катышуучулардын иштерин четке каккан учурда конкурс болгон жок деп таанылат.
36. Конкурстук комиссия катышуучулар берген иштердин бирин да тандай албай калган учурда ал иштери кыйла кызыктуу деп таанылган бир нече катышуучуга төш белгинин бирдиктүү эскизин биргелешип иштеп чыгууну жана аларды беш жумушчу күндүн ичинде Конкурстук комиссиянын кароосуна берүүнү сунуш кылууга укуктуу.
37. Конкурстук комиссия биргелешип иштелип чыккан эскизди жактырган учурда аны иштеп чыгууга катышкан бардык катышуучулар жеңүүчүлөр деп таанылат. Жеңүүчү авторлордун аты-жөнү алфавиттик тартипте жазылат.
38. Конкурстун жеңүүчүсүнө сый акы төлөп берүү жөнүндө чечим конкурс жөнүндө кулактандырууда белгиленген тартипте жана мөөнөттө чыгарылып, конкурстун катышуучуларына билдирилиши керек.
39. Эгерде кулактандырууда көрсөтүлгөн жыйынтыктар эки же андан көп адам тарабынан биргелешип аткарылган иште жетишилсе, сый акы алар менен макулдашууга ылайык алардын ортосунда бөлүнүп берилет.
40. Конкурстун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты аркылуу (www.president.kg) коомчулукка жеткирилет.
41. Төш белгинин тандалып алынган эскизи боюнча төш белгинин үлгүсү даярдалат.
42. Төш белгинин үлгүсү дүйнөлүк геральдика маданиятынын мыкта жетишкендиктерин колдонуп, төш белгилерди чыгаруу технологияларын сактоо менен даярдалышы керек.
43. Төш белгинин үлгүсүн даярдоодо кымбат баалуу жана түстүү металлдар, ошондой эле ювелирдик эмалдар колдонулушу мүмкүн.
44. Бардык иштелип чыгуучу үлгүлөрдө тагынып жүрүү үчүн тагуу ыкмалары каралат.
45. Өндүрүшкө кабыл алынган төш белгинин үлгүсү белгилерди андан ары өнөр жайлык нускасын чыгарууда сый акы төлөнүп берилбестен түзүүчүнүн автордук укуктарын сактоо менен республиканын менчиги болуп калат.
7. Төш белгинин сыпатталышы
46. Белгиленген тартипте бекитилүүгө тийиш болгон төш белгинин сыпатталышынын тексти төш белгинин тандалып алынган үлгүсү боюнча түзүлөт.
47. Төш белгинин эскизи боюнча түзүлгөн төш белгинин сыпатталышынын жана төш белгинин даярдалган үлгүсү боюнча түзүлгөн сыпатталыштын текстиндеги айырмачылыктар болгон учурда төш белгинин даярдалган үлгүсү боюнча түзүлгөн сыпатталыштын тексти жактырылат. Мында текст тандалып алынган эскиздин автору (авторлору) менен макулдашылат.
48. Долбоорлордун технологиялык сыпатталышын түзүүдө колдонулуучу материалдар, ал эми техникалык чиймелерде өлчөмдөр 1:2 масштабында миллиметр менен (узундугу, жазылыгы, бийиктиги, диаметри жана кесилиши) көрсөтүлөт. Ошондой эле белгинин шрифттик текстинин тамгаларынын аткарылышынын ыкмасы да (рельеф жана контррельеф менен) көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир нече бөлүктөн турган эскиздердин техникалык чиймесинде бириктирүүчү звенолордун (колодканын, асманын) өлчөмдөрү жана профили көрсөтүлөт.