Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 22-мартындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 14-марты ПЖ № 50
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан Ф.А.Ниязов чыгарылсын;
- курамга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Исаков Сапар Джумакадырович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Сариева Эльвира Кубанычбековна киргизилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев |