Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 13-мартындагы ПЖ № 48 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 20-февралы ПЖ № 35
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Билим берүү маселелери боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Молдобекова Гүлкан Сакиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Казаков Түгөлбай Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Супаналиев Бекжан Торобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы.". |
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 105 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|