Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы ПЖ № 42 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 26-октябры ПЖ № 230

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 18-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Республиканын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 18-декабрындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:

Комиссиянын курамынан Д.Б.Сыдыков, Н.А.Касымбаев чыгарылсын;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Усенов Азамат Эркинбекович, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  

Президент

А. Атамбаев