Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы ПЖ № 42 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 18-декабры ПЖ № 281
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
(КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 230 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо үчүн токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Табалдиев Бусурманкул Беркутович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Апилов Эрнист Мыктыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы; |
Усенов Азамат Эркинбекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Адылов Бакытбек Адылович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы. |
(КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 230 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|