Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 11-майындагы ПЖ № 118 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
(КР Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 134, 2017-жылдын 30-августундагы ПЖ № 194 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 6-марты ПЖ № 42
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала карап чыгуу үчүн
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери; |
Апилов Эрнист Мыктыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы; |
Омокеев Айбек Талгатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Догоев Дастан Давлетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Асанбаев Алмазбек Жолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары. |
(КР Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 134, 2017-жылдын 30-августундагы ПЖ № 194 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 18-декабрындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 18-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы № 230 Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев |