КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-декабры ПЖ № 309
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 12-октябрындагы № 457 "Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|