ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 309 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция30.12.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 30-декабры ПЖ № 309

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 12-октябрындагы № 457 "Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев