Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 319
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 24-майы ПЖ № 98
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссия жөнүндө Жободо:
- 1-пункт "мамлекеттик тилин өнүктүрүү" деген сөздөрдөн кийин "жана тил саясатын өркүндөтүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Улуттук комиссиянын юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 182.";
- 6-пунктта:
экинчи абзац "мамлекеттик тилди өнүктүрүү" деген сөздөрдөн кийин "жана тил саясатын өркүндөтүү" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик тилди андан ары өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү стратегиясын аныктоо;";
- 7-пунктта:
экинчи, он төртүнчү абзацтар "мамлекеттик тилди өнүктүрүү" деген сөздөрдөн кийин "жана тил саясатын өркүндөтүү" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн негизги багыттарын жана программаларын Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштоо менен иштеп чыгат, ошондой эле алардын турмушка ашырылышын контролдоону камсыз кылат;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик уюмдардын ишин координациялайт;";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгууну уюштурат, аларды бекитет жана аткарылышын контролдойт;";
төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- китептерди, аудио-, видеоматериалдарды иштеп чыгууну жана чыгарууну уюштурат, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, дебаттарды, конкурстарды, фестивалдарды, юбилейлерди, коомдук жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү илимий, илимий-практикалык башка иш-чараларды өткөрөт, ошондой эле аларды каржылайт.";
- 8-пункттун экинчи абзацы "мамлекеттик тилди өнүктүрүү" деген сөздөрдөн кийин "жана тил саясатын өркүндөтүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пунктта:
биринчи абзацтагы "25" деген цифралар "15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзац "мамлекеттик тилди өнүктүрүү" деген сөздөрдөн кийин "жана тил саясатын өркүндөтүү" деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу абзацтагы "эки айда" деген сөздөр "кварталына" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кеңешме органдын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А.Атамбаев |
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кеңешме органдын КУРАМЫ
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, төрага; |
Абдысадыр уулу Азат | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик (макулдашуу боюнча); |
Биялиев Кутман Абакович | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун директорунун орун басары, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Дюйшеева Гульмира | - | "Тил Клаб" кыргыз тили борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Исаев Айбек Назарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Кадыров Эрлан Ысмайылович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти; |
Казаков Түгөлбай Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Курбанов Райымжан | - | "Кыргыз тили" республикалык коомунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Айбек | - | "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Сыртбай Жолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы, профессор; |
Рысбаев Сулайман Казыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор; |
Сааданбеков Чоробек Идирисович |
| "Биздин мурас" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).". |