ЖарлыгыКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 28-июлу ПЖ № 319

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары - Улуттук комиссия) деп кайра аталсын.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Улуттук комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Улуттук комиссиянын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

- Улуттук комиссиянын кеңешме органынын курамы 3-тиркемеге ылайык.

3. Улуттук комиссиянын карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборуна өзгөртүп түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси.

4. Улуттук комиссия эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору, Окутуу-маалыматтык жана котормо борбору жөнүндө жоболорду бекитсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди, анын ичинде "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемесинин жана "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин чыгашалар сметасы боюнча бюджеттик каражаттарын Улуттук комиссияга өткөрүп берүү жагын чечсин;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Улуттук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу бардык уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечишсин;

- өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 24-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 7-мартындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 83 (3262) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты

боюнча улуттук комиссиянын башкаруу

СХЕМАСЫ

 

 

 

3-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук

комиссиянын кеңешме органынын

КУРАМЫ

 

Мусаев Сыртбай

Жолдошович

-

Кыргыз Республикасынын Президентине

караштуу Мамлекеттик тил жана тил

саясаты боюнча улуттук комиссиянын

төрагасы, кеңешме органдын төрагасы;

Иманалиев Кайрат

Олжобаевич

-

Кыргыз Республикасынын маданият,

маалымат, спорт жана жаштар саясаты

министри;

Абдысадыр уулу

Азат

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Администрациясынын канцеляриясынын

Президенттин жана Министрлер

Кабинетинин актыларын, башка

актыларды редакциялоо жана котормо

бөлүмүнүн башчысы;

Эркебаев Абдыганы

Эркебаевич

-

Кыргызстан калкы ассамблеясынын

кеңешинин төрагасы, Кыргыз

Республикасынын Улуттук илимдер

академиясынын академиги (макулдашуу

боюнча);

Акматалиев

Абдылдажан

Амантурович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук

илимдер академиясынын Ч.Айтматов

атындагы Тил жана адабият институтунун

директору, Кыргыз Республикасынын

Улуттук илимдер академиясынын

академиги (макулдашуу боюнча);

Маразыков Турусбек

Сейдакматович

-

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук

университетинин профессору, филология

илимдеринин доктору (макулдашуу

боюнча);

Рысбаев Сулайман

Казыбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү

жана илим министрлигинин Кыргыз билим

берүү академиясынын лаборатория

башчысы, педагогика илимдеринин

доктору, профессор;

Токтомаметов

Алмазбек

Даткабекович

-

Республикалык педагогикалык

кызматкерлердин квалификациясын

жогорулатуу жана кайра даярдоо

институтунун директору, педагогика

илимдеринин кандидаты;

Биялиев Кутман

Абакович

-

Россия Федерациясынын биринчи

Президенти Б.Н.Ельцин атындагы

Кыргыз-Россия Славян университетинин

кыргыз тили кафедрасынын башчысы,

педагогика илимдеринин доктору,

профессор (макулдашуу боюнча);

Чекиров Кубат

Асангазиевич

-

"Кут Билим" гезитинин башкы редактору

(макулдашуу боюнча);

Дюшеева Гульмира

Самтыевна

-

"Тил Клаб" кыргыз тили борборунун

жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Курбанов Райымжан

Рахманович

-

"Кыргыз тили" коому" коомдук

бирикмесинин президенти (макулдашуу

боюнча);

Мураталиев Мелис

Казакбаевич

-

"Бакдөөлөт" коомдук бирикмесинин

жетекчиси, коомдук ишмер (макулдашуу

боюнча);

Сааданбеков Чоробек

Идирисович

-

"Биздин мурас" коомдук фондунун

директору (макулдашуу боюнча);

Садыкова Сымбат Зарылкановна

-

филология илимдеринин доктору

(макулдашуу боюнча).